Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Гаагада Ооганстандын келечегине арналган жыйын башталат


Ооганстанга көмөк көрсөтүүгө жана өлкө келечегине арналган Улуттар Уюмунун жыйыны 31-мартта Гаагада ачылат. Конференция АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтондун демилеси боюнча өтөт. Өткөн жумада президент Обама Ооганстан жана Пакистан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган. Стратегияда региондо байланыш тобун түзүүнү, ага Ирандын да кириши сунуш кылынган.

Гаагада ачылчу конференцияга 80дей өлкө жана 20 уюм катышып, анда бүтүндөй Ооган маселеси талкууланат. Бирок көпчүлүктүн көңүл чордонунда Иран менен АКШ болот. Себеби президент Обама өткөн аптада Иран менен жаңы мамиле түзөбүз деп сөз бергендиктен, жыйынга келген Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Мехди Акунзаде менен АКШнын Мамкатчысы кездешип калышы ыктымал деп боолгошот серепчилер.

Ак Үйдүн маалымдашынча, Хиллари Клинтондо Ирандын чабарманы менен жүзмө-жүз сүйлөшөйүн деген планы жок. Бирок Мамдепартаменттин өкүлү Роберт Вуддун билдиришинче, Иран региондо маанилүү ролду ойнош керек.

Гаагадагы сүйлөшүүлөр жемиштүү болсо, АКШ-Иран арасындагы байланышка оң таасир этери шексиз, дейт мурдакы ирандык дипломат Дауд Гермидас Баванд:

- Ооганстан жана Ирак эки жактын бири бирин түшүнүүсүнө көмөктөшчү эки аймак. Эгер өз ара түшүнүүчүлүк каалаган ийгиликке жеткирсе, тараптарды алыстаткан өзөктүк технология жана башка маселелерди чечүүгө жол ачылышы мүмкүн.

Иран жана АКШ ортосунда 1979-жылкы ислам ынкылабынан кийин Тегеранда америкалык дипломаттар барымтага алынгандан тарта дипломаттык алака жок. Талиптерден кийинки Ооган өкмөтүн курууда Тегеран жана Вашингтон кызматташканы менен, президент Буш Иранды “балекеттүү өлкө” деп атагандан кийин эки арадагы мамиле токтогон.

Барак Обама 20-мартта Норузга байланыштуу Иран элине кайрылып, мамилени жаңыдан баштоого чакырган. Кайрылуу саясый чөйрөлөрдө АКШнын саясатындагы бурулуш, Вашингтон мурдакыдай Ирандагы режимди өзгөртүүгө умтулбаганын белгиси катары бааланган. Ирандын көсөмү Аятолла Али Хаменейи болсо АКШ чындап эле саясатын өзгөртсө, Тегеран да өз мамилесин өзгөртөт деп билдирген.

Британиянын Ирандагы мурдакы элчиси Сэр Ричард Далтондун пикиринче, Обаманын сунушу ийгиликке жетсе, эки тараптын тең позициясы олуттуу өзгөрүүлүүгө тийиш. Бирок Женевадагы Коопсуздук саясаты борборунун изилдөөлөр боюнча директору Шарам Чубин Иран уранды байытуудан баш тартарына ишенбейт.

Иран менен мамилени акырындап жакшыртуу аракети найтыжа бербесе, АКШ жана европалык союздаштары Тегеранга каршы кысымды күчөтүүгө, азыркы санкцияны дагы катуулатууга аракет кылат, деп боолгошот талдоочулар.

XS
SM
MD
LG