Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:54

"Үстүмө он жолу аял алды". Мурдагы депутат зомбулукка айыпталып кармалды


Коллаж
Коллаж

ИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аккулу Бердиев алдамчылыкка жана зомбулукка айыпталып кармалганын билдирди. Мунун алдында анын жубайымын деген аял зомбулук көрүп жатканын айтып, бийликке кайрылган. Беш баланын энеси коопсуздугу коркунучта экенин билдирип, күйөөсүн көп аялдуулукка айыптаган.

Кыргызстанда көп аялдуулукка мыйзам боюнча тыюу салынганы менен укук коргоочулар анын иштебей турганын белгилеп жүрөт. Соңку маалда эле элге төбөсү көрүнгөн, мамлекеттик кызматтагы адамдарды көп аялдуулукка жана үй-бүлөлүк зомбулукка айыптап чыккан үч учур катталды. Укук коргоочулар мыйзам иштебегендиктен, мындай көрүнүштөр коомдо көбөйүп жатканын белгилеп жатышат.

"Үстүмдөн аял алып мени кордоду"

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тараткан маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алдоо жолу менен алып, жеке максаттарына жумшаган деп шектелүүдө. Мекеме 11-январда белгилегендей, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар түшкөн.

"2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталган. Шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды. Ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМ тараткан сүрөт
ИИМ тараткан сүрөт

Мунун алдында интернетте өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин "мыйзамдуу жубайымын" деп тааныштырган Батма Ормонованын видео кайрылуусу жарыяланган. Анда беш баланын энеси экенин айткан аял 38 жылдан бери чогуу жашап келаткан күйөосүнөн зомбулук көргөнүн, коопсуздугу коркунучта экенин айтып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Видео кайрылууда күйөөсүн көп аялдуулукка да айыптаган.

"Менин коомчулукка кайрылуума зомбулукка кабылып, анын басымына чыдабай, үстүмдөн аял алып мени кордогону себеп болууда. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мен азыр аябай коркунучта жашап жатам, балдарымдын коргоосунда жашап жатам. Кайсыл күнү кирип келип мени чаап кетет деп жашап жатам. Өмүрүмдү коргоп бериңиз, учурда көчөдө калуу коркунучунда турам", - деген ал.

Батма Ормонова күйөөсү менен чогуу тургузган үйүнөн кууп жатканын билдирген.

"Үйгө сенин акың жок, бул менин эжемдин үйү, үйдү бошотуп чык", деп кууп жатат. Биз жашап жаткан үйдү бош жер тилке кезинде алып, өзүм уста багып курганбыз. Кайра-кайра аял алганын дагы балдарым үчүн кечирип отурсам үйгө келип мага, балдарга кол көтөрүп өмүрүбүзгө коркунуч туудургандыктан коомчулукка чыгууга аргасыз болуудамын. Ушунча жыл чогуу жашап ал менин үстүмө 10 жолу аял алды. Азыр мен билгенден 4-5 аял менен жашап жатат. 60ка чыккан жашымда мен үйдөн чыгып каякка барам. Мен эч жакка барган эмесмин, эч жакка чыгарган дагы эмес. Менин башка жашай турган жерим жок", - деген Ормонова.

ИИМден "Азаттыкка" билдиргендей, Бердиев Ошто кармалып, Бишкекке жеткирилген. Анын бөгөт чарасы 12-январда каралат деп күтүлүүдө.

Аккулу Бердиевдин жакындары, жактоочулары менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

  • Бердиев 60 жашта.
  • Жогорку Кеңештин VI жана VII чакырылышынын депутаты болгон. 6-чакырылышта Бердиев "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутаттык мандат алган. 7-чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Адахан Мадумаровдун ордуна 2024-жылы депутат болуп келген. 2025-жылы 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Ош облусундагы №8 шайлоо округунан ат салышып, жетиштүү добуш алган эмес.
  • Өмүр баянында Чоң-Алай районунда туулганы, 1996-жылдан баштап жеке ишкерлик менен алектенгени, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, кийин диний окуу жайлардын бирин аяктаганы көрсөтүлгөн.

Көп аял алууга айыпталгандар

Бул акыркы айларда Кыргызстанда элге төбөсү көрүнгөн, мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын биринчи же экинчи аялы экенин, укуктары бузулганын айтып чыккан үчүнчү учур болуп калды.

Декабрдын соңунда Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган. Тышкы иштер министрлиги элчинин отставкасынын себептерин расмий түшүндүргөн эмес. Бирок өкмөттөгү айрым булактар ал жүрүм-турумуна байланыштуу кызматтык иликтөөдөн соң иштен алынганын айтып берген.

"Азаттык" мурдагы элчинин эки аялы бар экени билинип, аларга дипломатиялык макам берген документ жасатып, Катарга алып барганы белгилүү болгон соң кызматтан алынганы тууралуу маалымат алган. Мунун алдында элчинин "экинчи аялымын" деген келин "Азаттыкка" кайрылып, укугу бузулуп жатканын билдирген болчу. Буга байланыштуу ал УКМК жетекчилигине дагы Фейсбуктан ачык кайрылып, кийин жазгандарын өчүрүп койгон.

Декабрдын башында Кыргызстанда Чүй облусунун мурдагы губернатору Мирбек Мияровго да Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин ("Эки аял жана көп аял алуу") негизинде иш козголгон.

Буга мурда аны менен жарандык никеде турган Хабиби Уланова аттуу келиндин арызы себеп болгон. Акыйкатчы институту арыздануучуга укуктук жана психологиялык жардам берилерин, сот иштерине мониторинг жүргүзүлөрүн билдирген.

Кыргызстан көп аял алууга тыюу салган светтик өлкө. Бирок ага карабай, мамлекеттик же коомдук кызматта иштеген айрым адамдардын кош никени мыйзамдаштыруу жөнүндө пикири же аракети маал-маалы менен көтөрүлүп, талкуу жаратып келет.

Кылмыш-жаза кодексинине ылайык, эки же андан көп аял алган эркек коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган. Бул 176-берене менен жөнгө салынган.

Кыргыз коомунда көп аялдуулук көйгөйү ачык талкууланып же иликтене элек. Андан улам бул маселенин канчалык жайылганын ачык көрсөткөн статистика жок. Укук коргоочулар, психологдор көп аялдуулук маселеси менен өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрылган кыз-келиндер арбын экенин гана белгилешет. Мындан улам мураскер, экинчи аял жана алардын балдары тууралуу маселелер чыгып, мүлк талашкан учурлар катталган.

"Эркек толук кандуу ата болбойт, балдары дагы жабыркайт"

"Сезим" кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова бул берене боюнча жоопко тартылган адам болбогонун эске салып, "аялдардын соңку кайрылуулары бул көрүнүштүн коомдо канчалык тараганын көрсөтүүдө" дейт.

"Баарыбыз эле билебиз да, тегеректе эки-үч аял менен жашагандар көп эле болуп калбадыбы. Бирок бул берене иштебейт. Эмнеге дегенде бул ачык кылмыштык куугунтуктоого кирет. Башкача айтканда өтө оор эмес кылмыштар, ошондуктан иш козгош үчүн жабыркаган тараптан арыз керек. Жабыркоочулар бул - анын аялдары. Алар арыз жазгандан баш тартат, анын дагы себептери ар кандай. Балким материалдык жактан көз каранды болушу мүмкүн, үй-бүлөсү, балдары үчүн баш тартышы мүмкүн. Балдардын атасы болуп атса арыз жазып, жоопкерчиликке тартамбы деп дагы ойлонот. Бул жерде моралдык себептер көп. Акыркы кайрылып жаткан аялдар булар чын эле туура эмес мамиледен, үй-бүлөлүк зомбулуктан, экономикалык, психикалык жактан жабырган адамдар болуп жатат. Ошондуктан кайрылып жатат. Бирок арыз жазган күндө дагы ошол эле 176-берене менен жоопко тартуу өтө кыйын. Ал жерде "эки же андан көп аял менен чогуу жашап, жалпы чарба жүргүзсө" деп атат. Көп эле учурда бир үйдө жашабайт да. Жоопкерчиликке тартарда аялдар арыз жазган учурда дагы эки башка жашаса юридикалык квалификациясы туура келбей калат. Чогуу жашаган учурда дагы жазасы - оңдоо иштерге тартылып, 1100 миң сомго чейин айып пул төлөйт дейт. Айып пул төлөп, жазасын алган күндө дагы ал кайра эле үч аялы менен жашай берет. Анткени бир эле кылмышка эки жолу тартылууга мыйзам жол бербейт. Мурдагы советтик кодекстерде эркинен ажыратуу каралган болчу. Мисалы, Өзбекстанда 2-3 жылга эркинен ажыратылат. Өзгөчө мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдарга карата факт билинип калса, арыздын кереги жок. Билинип калса жоопкерчиликке тартат, кесилип кетет, келгенде кайра эле ошол аялдары менен жашап жатат. Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене менен биз бул көрүнүштү жоё албайбыз. Бул жерде башка механизмдер дагы керек же бул беренени толугу менен карап чыгышыбыз керек. Ачык куугунтуктоо болуп, факты билинсе эле жоопко тартабыз дегенде дагы аялдары көрсөтмө бербей коюшу мүмкүн. Бул берененин иштеп кетиши укуктук жактан алганда оор маселе. Мындай мамилелелерде аялдар жабыркап, үй-бүлөлүк баалуулуктарга дагы чоң сокку урууда. Эки-үч үй-бүлө менен жашаган эркек толук кандуу ата дагы боло албайт, балдары дагы жабыркап жатат. Мамлекет тарабынан бул маселе изилденип, комплекстүү мамиле керек болуп жатат".

Буга чейин мурдагы чакырылыштын депутаттары Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев көп аялдуулук үчүн жоопко тарткан 176-беренени күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзамды сунушташкан. Долбоорду Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алган.

Бирок августта президент Садыр Жапаров бул мыйзам долбоорун артка кайтарган. Президенттин аппараты көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келерин, аялдарды жана балдарды теңсиздиктен коргой турганын белгилеген.

Кыргызстанда былтыр 11 айда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына дээрлик 20 миңдей үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 27,5% же 4320 окуяга көп.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG