Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Беш күндүк камак. Өзбекстанда кыз-келинге ыдык көрсөткөндөрдүн жазасы күчөдү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

мазмуну

  • Өзбекстанда жарым жылдын ичинде кыз-келиндерге тийишкени үчүн дээрлик 1000 адам жазаланды.
  • Бирок жоопкерчилик күчөтүлгөнүнө карабай, ыдык же гендердик зомбулук тууралуу ачык айтып чыккан аялдар социалдык тармактарда сынга кабылууда.

Коомдук пикирдин кескин өсүшүнөн кийин өлкөдө 2023-жылы ыдыкка каршы маселе мыйзамдуу түрдө жөнгө салынган.

"Статистика маанилүү эмес"

Өзбекстандын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы быйылкы жылдын биринчи жарымында Административдик кодекстин "сексуалдык ыдык көрсөтүү" беренеси боюнча 986 адам жазаланганын билдирген. Алардын 358ине айыппул салынып, 628и административдик камакка алынган.

Жылдын экинчи жарымында да кыз-келиндерге тийишүү окуялар азайган жок. Бир жылдык расмий статистика жарыялана элек болсо да тиешелүү органдар ыдык көрсөтүү боюнча айыпталган же соттолгон эркектер жөнүндө такай маалымат берип келатат. Мындан тышкары, "жоругума өкүнөм" деп бушайман болгон эркектер борбордук телеканалдарда коомчулукка көрсөтүлүүдө.

Мисалы, сентябрь айында борбор калаа Ташкентте автобуста бейтааныш аялды кармалаганы үчүн 50 жаштагы эркек беш күнгө камакка алынган.

Ага чейин Маргиланда 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн айыл башыга ушундай жаза колдонулган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынын Telegram каналындагы маалыматка ылайык, жоопкерчиликке тартылгандардын арасында музейдин кароолчусу, метро жүргүнчүсү, учакта аялга кол салган аксакал жана башкалар бар.

Коомдук транспорттогу ыдык көрсөтүүнү мүнөздөгөн көрүнүш. Сүрөттү прагалык активист тарткан.
Коомдук транспорттогу ыдык көрсөтүүнү мүнөздөгөн көрүнүш. Сүрөттү прагалык активист тарткан.

Экономист жана активист Барногүл Санакулова "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы менен сүйлөшкөндө алты айдын ичинде миңге жакын адамдын жазаланганы мактанарлык көрсөткүч эмес экенин белгиледи:

"Бул сан статистикалык жактан да маанилүү эмес. Бул жөн гана деңизден бир тамчы. 2023-жылдан бери активисттер ушул маселени көп талкуулап, ыдыкты токтотууга чакырып келатканын айтып коюу керек. Мындай кырдаалга кабылганда башкаларга маалымат берүү уят эмес экенин түшүнүү зарыл. Бизде, эмнегедир, ыдык маселесине келгенде жабырлануучуну талкуулоо биринчи орунга чыгып кетет. “Ачык-чачык кийинип алган болсо керек” дешип, ыдыкка кабылган кызды күнөөлөшөт. Зомбулук көрсөткөн адамды эмес, жабырлануучуну талкуулоо адатынан арыла албай жатканыбыздан бул көйгөйдү чечүү көп убакытты талап кылууда".

Ыдыкка кабылган кыздардын элеси. Грузин сүрөтчүсүнүн эмгеги.
Ыдыкка кабылган кыздардын элеси. Грузин сүрөтчүсүнүн эмгеги.

2019-жылы Өзбекстанда "Аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. 2023-жылы Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске "ыдык көрсөтүү” түшүнүгү киргизилип, маселе укуктук жөнгө салынган.

Укук коргоочу Гүлназ Мамарасулова ошондон бери ыдык көрсөтүүгө каршы даттануулар жана расмий билдирүүлөр бир топ көбөйгөнүн айтат:

"Менин оюмча, бул жерде коомчулуктун ролу абдан маанилүү болду. Активисттер социалдык медиада маалымдуулукту кескин жогорулатышты. Буга чейин коомчулук арасында ыдык көрсөтүү эмне экени, аны юридикалык жактан кантип чечмелесе болору жөнүндө суроолор бар эле. Аялдардын укугун коргоп чыккан активисттердин аракети менен бул түшүнүк тийиштүү документтерде укуктук категория катары жазылды".

"Коом алсыздарды коргобойт"

Талдоочулардын айтымында, коомдун көпчүлүк бөлүгү дагы эле ыдык көрсөтүү кылмыш экенин толук түшүнбөйт жана мындай жүрүм-турумду "кадыресе көрүнүш" катары кабыл алышат.

Зордук-зомбулук маселелерин чагылдырган өзбекстандык журналист айымдар жана активисттер социалдык тармактарда көп кемсинтүүгө дуушар болушарын айтышат.

"Мыйзамдагы өзгөртүү иш жүзүндө дароо натыйжа бербейт. Менимче, коомдогу эң оор маселе - ыдык көрсөтүүнү айыптагандарга карата сын-пикирлердин көптүгү. Аялууларды коргогондорду айыптоо ал тургай маданият катары калыптанып жатат. Демек, бул коомдо алсыздарды эмес, күчтүүлөрдү коргогон социалдык чөйрө сакталып калганын билдирет", - деди Мамарасулова.

Адамга сексуалдык максатта тийишүү жана сүйлөө - ыдык көрсөтүү болуп саналат. Эл аралык терминде аны харассмент дешет.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, тийишүү үчүн 660 000 сумдан 1,65 миллион сумга чейин (55 доллардан 140 доллардын тегерегинде) айыппул же 5 күнгө чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат. Эгер дагы кайталаса, айыппул 2,31 миллион сумга (200 долларга жакын) чейин болот же 15 күнгө чейин эркинен ажыратылат.

Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүк алкагында тартылган сүрөт.
Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүк алкагында тартылган сүрөт.

Эркектер айтса, алардын сөзү өтүмдүүрөөк

Расмий маалыматтар көрсөткөндөй, Өзбекстандагы кыз-келиндерге көбүнчө коомдук транспортто тийишишет. Айрымдар бул жагдайды автобустардагы тыгынга байлап, “адамдын көптүгүнө байланыштуу эркек кокусунан тийип кетиши да мүмкүн” деген пикирди да айтышат.

"Ыдык көрсөтүү - бул зомбулуктун башталышы. Зордук-зомбулуктун бул түрү кедей же өтө бай коомдордо көп кездешет. Биз кедейлешип бараткан коом болгондуктан коркунуч көбөйө берет. Ошондуктан мындай көйгөй тууралуу эркектердин сүйлөп чыгышы да маанилүү. Анткени эркектин сөзү эркектерге таасирлүү болот. Ыдык көрсөткөндөрдү 5 же 10 күндүк камак жазалоо да жардам бербеши мүмкүн. Анткени бул мээнин оорусу. Эң чоң жаза – коомчулуктун басымы", - дейт окумуштуу Барногүл Санакулова.

Өзбекстанда аялдарга карата зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурлары акыркы жылдары Nemolchi.uz жана ар кандай подкаст долбоорлору аркылуу кеңири чагылдырыла баштаган.

Жергиликтүү басылмалар жана телеканалдарда кыз-келиндердин коопсуздугу маселесин көтөргөн аткаминерлердин арасынан Президенттик администрациянын башчысы Саида Мирзиёеваны аялдардын укугун коргоочу саясатчы катары көрсөтүшөт.

Бирок Барногүл Санакулова бул маселени чечүү үчүн жасалып жаткан иштер максаттуу аудиторияга багытталган эместигин айтууда:

"Бул көйгөй көйгөйдүн өзүнө эч кандай тиешеси жок адамдар арасында талкууланып жатат. Талкууларга катышкан кишилердин көчөдө же башка жерде ыдыкка кабылышы күмөн, анткени алар укугун билет. Башкача айтканда, бул жерде максаттуу аудитория туура эмес тандалып алынган. Максаттуу аудитория ким? Алар - бала бакчалар, мектептер, университеттер".

Ыдык көрсөтүүнү айыптап чыккан ливандык кыз.
Ыдык көрсөтүүнү айыптап чыккан ливандык кыз.

Ар бир үчүнчү аял кабылган көйгөй

Акыркы он жылдыкта дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүктөр күчөдү, ал эми бир катар өлкөлөрдө тийишүүгө мыйзам негизинде тыюу салынган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баяндамасына ылайык, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял өмүрүндө сексуалдык зомбулукка же ыдыкка дуушар болот. Иштегендердин арасында сексуалдык ыдык статистикасы 6–8% тегерегинде деп айтылат, адистер жабырлануучулардын көбү расмий түрдө арызданбагандыктан так масштабды аныктоо кыйын экенин белгилешет.

Кыргызстанда да ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүктөр такай өткөрүлүп келет. Жабырлануучу кыздардын окуялары камтылган китеп басылып чыккан. Казакстанда да активисттер дайыма бул көйгөйдү көтөрүп, иш-чараларды уюштуруп келишет.

Ошол эле учурда жигиттер да кыздардан ыдык көрөт. Мисалы, быйыл октябрда казак блогери Аружан Айбекова Ташкент метросунда жаш жигиттерди кармалап, пранк кылганы үчүн сынга алынып, кийинчерээк Алматы полициясы аны профилактикалык маектешүүгө чакырган.

Жыл сайын күздүн аягы жана кыштын башында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык өнөктүк өткөрүлөт. Бул демилге 25-ноябрь - Аялдарга карата зомбулукту токтотуунун эл аралык күнүнөн 10-декабрь - Адам укуктары күнүнө чейин созулат. 1991-жылы активисттер баштаган өнөктүктү азыр БУУ жана башка уюмдар колдошот.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG