Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

"Кызымды кордогондор, аларды бошоткондор жоопко тартылсын". Майыптыгы бар кыздын энеси бийликке кайрылды


Кыял Темирканова, майыптыгы бар кыздын апасы. Декабрь, 2025-жыл
Кыял Темирканова, майыптыгы бар кыздын апасы. Декабрь, 2025-жыл

мазмуну

  • Каракол шаарынын тургуну майыптыгы бар кызынын зордукталышы боюнча сот ишине нааразылык билдирип "Азаттыкка" кайрылды. Каракол шаардык сотунда каралып жаткан кылмыш ишине бир киши айыпталып, прокуратура ага 15 жыл сураган. Бирок кыздын апасы "бул ишке башкалардын дагы тиешеси болушу мүмкүн" деп нааразылык билдирүүдө.

Бул окуя өткөн жылы жай айында катталып, коомчулукта резонанс жараткан эле.

"Зордуктаган адам иште күбө катары өтүп жатат"

Караколдун тургуну Кыял Темирканова 24 жаштагы майыптыгы бар кызынын зордукталышы боюнча сотто бир гана адам айыпталып жатканына нааразы болууда. Ал "тергөө адилеттүү жүрбөдү" деп эсептеп, кызынын зордукталышына башка кишилерди да айыптап жатат.

"Тергөө төрт ай жүрдү. Бир жылдан бери сот жүрүп келе жатат. Кызымды үч киши уурдап кеткен, бири аял киши. Ал менин кызымды тигилерге чакырып, салып берген. Экинчиси кызымды уурдап барып зордуктаган кашардын ээси, үчүнчүсү анын шериги. Милиция башында экөөнү тең кармаган. Бирок бир адам гана камалды да, берки эркиндикте калды. Ал ишке күбө болуп калыптыр. Мен буга макул болбой, тергөө адилеттүү жүрбөгөнүнө нааразы болуп, чыкпаган маалыматым каражатым, даттанып барбаган жерим калган эмес".

Ысык-Көл облустук милициясы кылмыштын баары бир ишке бириктирилип, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-пунктуна ылайык сотко өткөрүлгөнүн маалымдаган.

Коомчулукта чоң резонанс жараткан окуя былтыр августта катталган. 24 жаштагы кулагы укпаган, жакшы сүйлөй албаган майыптыгы бар кыз Караколдо дайынсыз болуп жатканын жакындары айтып чыккан.

Алгач милицияга кайрылып, бирок кийин өздөрү кызды кашардан таап, ошол жерге милиция чакырышкан.

"Менин максатым - тергөө кызымдын ишинен алып салган "зордуктоо" жана кылмыш иши "топ адамдар тарабынан жасалган" деген беренелерди кайра калыбына келтирүү. Анткени кызым алыскы жайыттагы кашарда топ адамдар тарабынан кыйноого алынган. Буту сынган, ал аз келгенсип, аны мал багып, тамак жасоого мажбурлашкан. Муну да тергөө эске алган эмес. Кашардын ээси кызымды биринчи зордуктап, андан кийин башкасы зордуктаганын кызым башында суракта ыйлап айтып берген. Бирок тилекке каршы соттук-медициналык экспертиза дагы кызымды "ден соолугуна жеңил залал келтирилген" деп тыянак чыгарып берген. Менде акыйкаттыкка үмүт пайда кылган бир нерсе бар, күзүндө Барскоондо 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүп койгон адам кармалганан кийин аны учурунда сотто жеңил жаза берип, бошотуп жиберген судьялар кармалып, камалбадыбы. Бул менде чоң үмүт отун пайда кылды. Ошондуктан, мен президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кызымды зордуктаган адамдарды жана аларды жоопкерчиликтен бошотуп жиберген укук коргоо органдарынын тийиштүү кызматкерлерин жоопко тартып берүүсүн суранат элем. Адилеттикти кайтарып бериңиздер".

"Күнөөсү болсо камалмак"

Жогоруда жабырлануучунун апасы айтып жаткан кашардын ээсинин адвокаты Бакыт Абдраев анын бул кылмышка тиешеси жок экенин билдирип жатат. Ал айыпталып жаткан адам майыптыгы бар кызды "келинчегим" деп тааныштыргандыктан, кашардын аларды үй-бүлө катары мал багууга жалдаганын айтууда:

"Тергөө учурунда экөөнүн тең жасаган иштери боюнча терең иликтөөлөр жүрдү. Эгер кашардын ээсинин ишинде кылмыш курамы болсо, аны ошол замат эле кармап, камап жоопко тартышмак. Анын айыбын жашырууга мүмкүн эмес эле, анткени бул окуя коомчулукта катуу талкууланган. Ошондуктан, ал күбө катары гана өтүп жатат. Ал Нурсултан (айыпталып жаткан адам) менен бул кызды кашарга иштетүүгө жалдап гана алып барган".

Кыял Темирканова былтыр кызынын зордукталышы боюнча тергөө иштери адилеттүү жүрбөй жатканын айтып, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын алдында бир нече ирет акцияга чыккан. Башкы прокурор ишти жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

Зомбулуктан жабыркаган кыз ушул тапта Бишкектеги кризистик борборлордун биринде психологдун жардамын алып жатат.

"Майыптыгы бар кыз-келиндердин укугу корголбойт"

Эл аралык Human Rights Watch уюму эки жылдык иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстанда майыптыгы бар кыздар жана аялдар зордук-зомбулукка көп дуушар болорун билдирген. Уюмдун баяндамасында майыптыгы бар кыздар жана аялдар чоочун адамдар менен катар эле жакын адамдарынан зомбулук көрөрү, мындай зомбулуктар дээрлик бардык учурларда каттоого алынбасы жана алардын укугун коргоо аракеттери көрүлбөсү белгиленген.

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын саны 218 миңге жетет, анын 98 миңден ашууну аялдар. Майыптыгы бар адамдардын "Равенство" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова майыптыгы бар кыз-келиндердин укугун коргоочу мыйзамдар жана ченемдер жетишсиздигин белгиледи:

Гүлнара Казакунова
Гүлнара Казакунова

"Кыргызстан үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү үстүндө иштеп жатат. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды. Жакшы мыйзамдар бар. Мисалы, майыптыгы бар адамдарга карата сексуалдык зомбулук жасалса, ага күнөөлүү адам өмүр бою эркиндигинен ажыратылат. Мындай кылмыштардын мөөнөтү эскирбейт жана тосмо арыздар кабыл алынбайт. Бирок азырынча бул мыйзам колдонула элек. Экинчиден, бизде жабыркаган кыз-келиндер укук коргоо органдарына жете албай калып жатышат. Түрдүү тоскоолдуктар бар, анын ичинде майыптыгы бар, өзгөчө акыл-эсинен майыптыгы бар адамдар менен тергөөдө иштей турган адистер жетишсиз. Анткени мындай кыздар эгер зомбулук көргөн киши эркек болсо, тергөөчү да эркек болсо, психологиялык жактан коркуп, өздөрүн ансайын жоготуп коюшат. Учурда биздин аракетибиз менен "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо" боюнча мыйзамга өзгөртүү кирди. Ага ылайык, андай зомбулукка кабылган, "коргоо ордери" берилген майыптыгы бар адамдардын саны тууралуу да статистикага катталат. Майыптыгы бар адамдардын укугу жана кепилдиги тууралуу мыйзамдар жазылып жатканда, демилгечилер менен авторлор мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен да кеңешип, алардын сөзүн угушу керек деп сунуш киргизип жүрүп, буга жетиштик. Биз сунуштаган бир катар ченемдер эске алынып жатат. Бирок бул да жетишсиз, дагы көп аракет кылып, көп иштешибиз керек", - деди Казакунова.

Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге, балдарга карата үрөй учурган зордук-зомбулук кылмыштары күчөп, коомдогу курч реакцияларды жаратып келүүдө. Мындан улам Кыргызстанда "өлүм жазасын киргизүү" демилгеси көтөрүлдү. Ошол эле маалда айрым укук коргоочулар жазаны каталдатуу эмес, тергөө жана сот органдарынын ишин жакшыртуу керек деп эсепетешет.


Кыздарды зордук-зомбулуктан кантип коргойбуз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:30 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG