Жобо мыйзамсыз кирешени адалдоого жана кылмыштуу иштерди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталганы айтылды. Жаңы талап акча алмаштыруу базарына кандай таасир этет?
Мамлекет бул документ аркылуу акча алмаштыруу жайларында кылмыштуу каражаттардын айлануусун көзөмөлдөөнү күчөтөт. Жаңы жобого ылайык, акча алмаштыруу жайлары ички көзөмөл системасын жайылтуусу, кардарларды, алардын документтерин жана, зарылдык жаралса, каражатынын булагын текшерүүсү, ири жана адаттан тыш операцияларга өзгөчө назар салууга, шектүү бүтүмдөрдү аныктап, маалыматты тийиштүү органдарга берүүгө жана тобокелдиги жогору операцияларды катуу көзөмөлгө алууга тийиш.
Көпчүлүк кардарлар үчүн акча алмаштыруу мурдагыдай эле жүрө берет. Бирок, ири суммадагы жана адаттан тыш операциялар болсо, акча алмаштыруучулар кардардан кошумча документтерди сурашы мүмкүн.
2025-жылдын 19-декабрында бекитилип, 30-декабрында жарыяланган жобо 14-январда күчүнө кирет. Документ расмий түрдө “Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо” деп аталат. Анда акча алмаштыруу жайлары төмөнкү маалыматтарды чогултууга милдеттүү болору жазылган:
-эгерде кардарынын атынан же анын тапшырмасы боюнча ишеним көрсөтүлгөн адам иш алып барса, анда бул адам идентификациялоо жана верификациялоо, ошондой эле мындай адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди текшерет;
-кардар менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдуу мүнөзү жөнүндө маалымат алат;
-кардардын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын текшерет;
-кардарлардын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон операцияларын, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүнү идентификациялайт жана верификациялайт;
-кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоого алат;
-кардар жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматттарды жана документтерди сактайт жана жаңылап турат.
Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмесин финансылык чалгындоо органы түзөт. Эгерде кардар суралган маалыматтарды берүүдөн жүйөсүз баш тартса же негизсиз кечиктирсе, бир эле адам ай ичинде ачык экономикалык же айкын мыйзамдуу максатсыз, накталай чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды көп жолу (14 жолудан көп) жүргүзсө, шектүү операция катары каралышы мүмкүн.
Жободо белгиленгендей, 100 миң сомдон тартып 1 миллион сомго чейинки өлчөмдөгү акча бир же байланышы бар бир нече бөлүк менен алмаштырылганда кардардын түп нуска документи талап кылынат. Мындай документке, эгер ал кыргызстандык болсо, ID карта, жалпы жарандык паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, айдоочулук күбөлүк, ал эми эгер чет элдик жаран болсо, анда паспорту, жашоого уруксат кагазы, качкын экенин тастыктаган күбөлүк кирет.
Эгер 1 миллион сом же андан көп суммага барабар акча алмаштырылып жатса, ошол кардар дыкат текшерилиши зарыл.
Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлери ошондой операциялар тууралуу маалыматты атайын журналга жазып турушу керек болот.
Кээ бир кардарлардын акчаны каерден алган булагын аныктоо, Кыргызстандын же Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмесинде бар же жогун текшерүү, эгер алмаштырып жаткан акчасы кооптуу делип жатса кошумча документ талап кылып, акча алмаштыруучу жайдын жетекчисинин уруксатын алуу, күмөн жараткан учурда финансылык чалгын мекемесине кабарлоо талаптары да аталган документте жазылган.
Акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын жетекчиси Марс Смайылбеков Улуттук банктын жобосун даярдоо процессине катышпаганын, ал тууралуу мурда-кийин укпаганын айтууда. Ал эс алуу күндөрү бүтүп, жумуш башталганда документтин күңгөй-тескейин талдап чыгып, демилгечилер менен сүйлөшүүгө аракет кылышарын билдирди:
“Менин оюмча, мындай эрежени киргизүү азырынча эртерээк го. Бул жобо рынокко терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени көпчүлүк адамдар өз каражатын көргөзгүсү келбейт. Чочулап турушат. Чет өлкөдө иштеп, акчасын салгандар бар. Эл деле ошонун баарын “мындан алдым, тигинден алдым, малымды саттым, жеримди саттым” деп эле отчет бере бербейт да. Акча алмаштыруу жайларынын ишинде деле бир аз оорчулукту туудурат. Бирок ал жерде “тобокелдик зонасы” деген бар. Тобокелдүү адамдардан акчанын жаралуу булагын сураганга акыбыз бар. Анын өзүнүн жол-жоболору бар, кирген эле кишиден сурай бербейбиз. Көмүскө базар да иштеп атат. Телеграм каналдар аркылуу мыйзамсыз иштегендер көбөйдү. Ушундай тоскоолдуктар, акча алмаштырууда кыйынчылыктар пайда боло берсе же текшерүүлөр көп боло берсе, көмүскө каналдар ачылып, ошондой жакка ооп кетүүгө түртөт. Акча деген суу, ал эркин жүргөндө гана жакшы иштейт. Ар тараптан буула берсе, башка жолдорун да таап кетиши мүмкүн. Көмүскөгө өтүп, көчөдөн алмаштырып, илгерки заманга барып калышыбыз мүмкүн”.
Документте жазылгандай, 2025-жылы өлкөдө акча адалдоого каршы мыйзамдар бир сыйра жаңылангандыктан жана жаңы чечимдер кабыл алынгандыктан акча алмаштыруу жайларына да ушундай эрежелерди киргизүү зарылдыгы жаралган.
Кыргызстанда расмий иштеген акча алмаштыруу жайларынын саны миңден ашат.
Акча алмаштырууда каражаттын жаралуу булагын тактоо процедурасы буга чейин коммерциялык банктарда кадимкидей эле жүрүп келген иш болсо, акча алмаштыруу жайларына жаңыдан кирип жаткан тартип рыноктун өкүлдөрүн бир аз чочулатып тургандай.
Финансылык талдоочу Кубан Чороев Улуттук банк эл аралык мыйзамдарды сактоого жана акча адалдоо, терроризм менен экстремизмди каржылоого каршы туруу жаатындагы милдеттенмелерин аткарып жатканын айтат:
“Муну эл аралык стандарттарга ылайык келтирген процедура деп деле айтсак болот. Бул өтө чоң суммадагы эмес акчаларга өтө деле билинбеши мүмкүн. Чоң суммалар, албетте, суроо жаратышы мүмкүн. Ошолорду “каражат кайсы жактан келди” деп базага киргизип коёт. Менимче, бул мыйзам ченемдүү эле процедура деп атасак болот. Алар сурак кылып жүрбөйт. Жөн гана маалыматтык анкета берет, ошону толтуруп коюшат. Бүгүнкү күнү көбү көмүскө базардан чыгып атат. Алар үчүн көйгөй деле эмес. Албетте, чоң суммадагы накталай акча көбүнчө көмүскөдөгү акча жүгүртүү менен байланышкан”.
Министрлер кабинети 2025-жылдын 14-ноябрында “Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобо чыгарып, кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча атайын анкетаны жана инструменттер тутумун иштеп чыккан.
Акча алмаштыруу жайларына жайылтылып жаткан жаңы эрежелер ошол инструменттер тутуму менен иштейт.
Кыргызстанда кылмыштуу кирешени адалдоого жана күмөн жараткан каражаттарды жүгүртүүгө катышуу окуялары банктар арасында да кезигет.
Соңку эки жылдан бери Кыргызстандагы төрт коммерциялык банк эл аралык санкцияларга кабылды. Алардын ичинен бир банк кылмыштуу кирешелерди жана мыйзамсыз каражаттарды адалдоо боюнча эл аралык кылмыштуу топтун колуна тийип, шектүү төлөмдөрдү жүргүзүү схемасына катышканын Улуу Британиянын агенттиги иликтеп чыккан.
Жыл аяктап баратканда Кыргызстанда эки банкты кылмыштуу кирешени адалдоого каршы мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн айыпка жыгышты. Финансылык чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, ал банктар ички көзөмөл системасын уюштуруу жана кардарларды текшерүү талаптарын бузган.
Шерине