Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:12

АКШ грин-карт лотереясын убактылуу токтотот. Жолдомо утуп алгандар кантет?


Грин-карт лотереясына катышып, АКШга жолдомо утуп алган кыргызстандыктардын абалы бүдөмүк. 18-декабрда Кошмо Штаттардын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм бул өлкөдө жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт лотереясын ойнотуу убактылуу токтотулганын билдирген.

Мындай чечимге Браун университетинде 2 адамды өлтүрүп, бир нечесин жарадар кылган шектүү Америкага 2017-жылы грин-карт менен киргени себеп болгон.

Америкада жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт лотереясынын убактылуу токтотулушу ондогон кыргызстандыктарды арсар абалда калтырды. 2024-жылы лотереяга катышып, утуп алгандар 2026-жылдын сентябрына чейин көчүп кетмек.

Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Нуржан Жоомарт кызы лотереяга 4 жолу катары менен катышкан. 2024-жылы дагы документин тапшырып, үстүбүздөгү жылдын май айында жагымдуу кабар алган. Көп узабай жолдошу, эки баласы менен алыскы сапарга камданып баштаган. Азыр эмне кыларын билбей турганын айтат:

"Үй-бүлөбүз менен аябай кубанып, баарына сүйүнчүлөгөнбүз. Документтерди топтоп баштаганбыз. Убактылуу токтоду деген кабарды укканда жаман болдук. Эми январдын башында чечилет дешти. Барабызбы же жокпу ошондо белгилүү болот экен. Ошондо анан жашообузду пландаштырып баштайбыз да".  

Атын жарыялабоону өтүнгөн Бишкек шаарынын дагы бир тургуну грин-карт лотереясына бери дегенде эле 8 жолу катышкан. Акыркысында утуп алган. Америкага көчүүгө даярдык көрүү үчүн туруктуу жумушунан чыгып алган.

Грин-карт убактылуу токтотулганын укканы жаңылыктарды тынымсыз акмалап отурат.

"Мен кесибим боюнча бир компанияда 4 жылдан бери иштеп жаткам. Грин-картты утканда тилди үйрөнүп, медициналык маалымкаттарды камдап, даярданыш керек болду. Утканымды билгенде жумуштан чыгып кеткем. Азыр эмне кыларымды билбейм. Капамын, бир аз коркунуч бар. Бирок эми бардыгы жакшы болуп кетет деп үмүттөнөм", - дейт атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну.

Грин-карт утуп алгандардын үмүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:24 0:00

Грин-карт лотереясын утуп алгандар арасында Америкага кетем деп бул жактагы үй-жайын жыйыштырып, мүлкүн сатып жибергендери бар дейт грин-картка документ толтурууга кол кабыш кылган Америкадагы активисттердин бири Эдил Касенов:

"Үй-бүлөдө үч адам: күйөөсү, аялы жана кызы. Алар жумушунан чыгып кетишкен. "Унаанын кереги жок эми, бул жакта тура бергиче" деп аны сатып жиберишкен. Дагы бир үй-бүлө бар. Алар алты кишиден турат. Алар да "Эми эмне кылабыз? Ойлонуп калдык, бүт оюбуз Америкада" деп айтып жатышат".

Былтыр Бишкектеги виза агенттиктеринин бирине грин-карт лотереясына катышуу үчүн 5 миңге чукул жаран кайрылган. Арасынан 25 адам утуп чыккан. "Анын үчөө гана визасын алып, Америкага учуп кеткенге үлгүрүп, калганы арсар абалда турганын" агенттиктин жетекчиси Нурсултан Тилек уулу билдирди:

Нурсултан Тилек уулу
Нурсултан Тилек уулу

"Грин-картты жеңгенде той бергендери дагы болгон. Азыр убактылуу токтотулду дегенде ыйлагандары бар. Үй-бүлөлүүлөр бар, биз азыр сүйлөшкөн кардарлардын көбү жумуштарын токтотуп коюптур. Интервьюну күтүп, "Америкада тырмак жасап иштесе болот экен, тырмак жасоо боюнча курска жазылдым", "мен мындай курска жазылдым, барып ушундай жумуш кылам" деп толугу менен даярданып алгандар бар. Көбү жумуштарын токтотуп, машина, үйлөрүн сатып, Америкага моралдык жактан дагы, каржы жагынан дагы даярданып, ою менен Америкада да. Азыр кырдаалды сурап, күн сайын телефон чалышат".

Быйыл 13-декабрда Род-Айленд штатындагы Провиденс шаарында 48 жаштагы Португалия жараны Клаудио Мануэл Невеш Валенте Браун университетинде эки адамды атып өлтүрүп, дагы тогуз адамды жарадар кылган. Көп узабай Американын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм X социалдык тармагы аркылуу ок атууга шектелген жаран 2017-жылы грин-картаны дал ушул программа аркылуу алганын айтып, бул себептүү лотереяны ойнотуу убактылуу токтотуларын жазган:

"Президент Трамптын тапшырмасы боюнча мен USCISке (АКШнын жарандык жана иммиграция кызматтары) DV1 программасын дароо токтотуу боюнча көрсөтмө бердим. Бул программанын мындан ары бир да америкалыкка зыяны тийбеши керек".

Америкада иммиграциялык маселелер боюнча укуктук жардам көрсөткөн Алтынай Калдыбекова грин-карт боюнча мыйзам менен бекитилген чечимдер азырынча кабыл алына электигин айтып, бүдөмүк кырдаалда турган грин-карт жеңүүчүлөрүнө үмүт үзбөй турууну сунуштады:

Алтынай Калдыбекова
Алтынай Калдыбекова

"Документтерин тапшырып, интервьюга даярданып жүргөндөрдүн иши каралбай, убактысы жылып, күтүп калышы мүмкүн. Кошумча текшерүү көп убакытка созулушу мүмкүн. Бул пауза азыр визаларын күтүп жаткандарга ушундай таасирин тийгизиши мүмкүн да. Бул толугу менен жоюлду дегенди билдирбейт. Убактылуу токтоп турат дегенди түшүндүрөт. Трамптын мурунку мөөнөтүндө дагы ушундай болгон. Документтерди даярдай бергиле деп айта алам, анткени бул программа толугу менен жокко чыгарыла элек. Чектөөлөр канча убакытка созулат жакынкы бир айда билинет. Бирок грин-карттын жыйынтыгын жокко чыгарган мыйзам кабыл алына элек".

Грин-карт лотереясын токтотуу боюнча чечимди бир гана АКШнын конгресси кабыл алат. Мындан улам маселе сотко чейин жетиши мүмкүн дешет адистер.

Жыл сайын Вашингтон иммиграциялык виза программасынын алкагында ар кайсы өлкөдөн келген иммигранттарга 55 миңге чейинки санда грин-карт берет.

Соңку жылдары грин-картка тапшырган кыргызстандыктардын саны абдан көбөйгөн. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги берген маалыматка ылайык, 2022-жылкы ар түрдүүлүк виза программасы боюнча дүйнө жүзүндөгү 6 миллиондон ашуун талапкердин ичинен 55 178 кыргызстандык лотереяга катышкан. Ошол жылы кыргызстандык талапкерлерге 1388 виза берилген.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG