Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:17

NYT: Бир нече өлкөнүн жарандары АКШга кире албай калышы мүмкүн


Висконсин штатынын Милуоки Митчелл Эл аралык аэропортундагы жүргүнчүлөр.
Висконсин штатынын Милуоки Митчелл Эл аралык аэропортундагы жүргүнчүлөр.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кайсы бир өлкөлөрдүн жарандарын Америкага кирүүгө чектөө киргизүү жөнүндө жаңы чечимди даярдап жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды. Маалыматка караганда, бул жолкусу Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө киргизилген чектөөгө караганда кеңири болот.

Басылманын булактарынын айтымында, "кызыл" тизмеге киргизилген өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салуу сунушталууда. Ага негизинен мурунку тизмеде болгон өлкөлөр киргизилери күтүлүүдө. Арасында Куба, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сомали, Судан, Сирия, Венесуэла жана Йемен бар. Гезиттин булактары билдиргендей, бул тизмеге ошондой эле Ооганстанды киргизүү сунушталууда.

Кийинки жумада Ооганстан менен Пакистандын жарандарынын Америкага кирүүсүнө тыюу салынары тууралуу "Рейтерс" агенттиги да жазып чыккан.

Андан тышкары "сары" тизме бар. Ага кирген өлкөлөрдүн жарандарына Америкага кирүүгө кандайдыр бир деңгээлде чектөө киргизилет, бирок толук тыюу салынбайт. Маселен, аларга визанын кайсы бир түрү гана берилиши мүмкүн.

"Сары" тизмедеги өлкөлөргө Ак үй айрым кемчиликтерди жоюу үчүн 60 күн убакыт берет.

2020-жылы 31-январда Трамптын администрациясы айрым мамлекеттердин, анын ичинен Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген. Мунун себеби катары Кыргызстан жарандарын электрондук биометрикалык паспорт менен толук камсыз кылбаганы мисал келтирилген.

2021-жылы президенттик кызматка киришкен Жо Байден бул чектөөлөрдү дароо жокко чыгарган эле.

Шерине

XS
SM
MD
LG