"Иш жүрбөй калды"
"Дордой" базарынын жанында тигүү цех иштеткен Сайкал Көбөнова Орусиядан алып жүргөн буйрутмалар азайганына байланыштуу цехтин бир бөлүгүн жаап, тигүүчүлөрүн бошотууга мажбур болгонун "Азаттыкка" айтып отурду.
"Биздин цехибиз иштеп жатканына январда төрт жыл болот. Төрт машина менен баштап, аз-аздан көбөйтүп отуруп, отуздай машинага жеткиргенбиз. Эки филиалда цех иштетчүбүз. Бирок быйылкы Орусиянын чек арасынан жүк өткөрбөй, кармаганына байланыштуу бизге буйрутма болбой калды. Жиберген айрым товарларыбыз кайтып келди. Ошондуктан, айла жок, бир филиалды жаап, бул жердеги тигүү машиналардын жарымын токтотууга туура келди. Мына, бул бөлмөдө он машиненин токтогонуна эки ай болду. Мен мурдатан эле ачык иштеп, жиберген товарларымды талап кылынган бардык документтер менен жөнөтүп жүргөм. Быйыл сентябрда Орусия тарап ал жактагы биздин товарларды сатып алгандар да юридикалык тарап болсун деген талап коюп, биз андай документи жок сатуучуларыбызга, базарлардагы соодагерлерге товарларыбызды жибере албай калдык. Жыйынтыгында иш кыйла аксады".
Сайкал бизге учурда чек арадан өтпөй кайтып келип, цехтин кампасында жыйылып турган товарларын да көрсөттү.
Кыргызстандын тигүү тармагындагы ишкерлер жайдын аягынан тартып эле товарлары Орусияга кире албай, узун кезекте турганына даттанып келишкен. Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа казак-орус чегинде такалып калган.
Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын билдирген.
Ноябрь айында Экономика жана коммерция министрлиги тигүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан. Аларга товарды Орусиянын талаптарына ылайык, мыйзамдуу ташуу боюнча маалымат берилип, анын ичинде товарларды сертификациялоо жана шайкештиктин ырастоо жоболору тууралуу семинарлар өткөрүлгөн.
Орусия президенти Владимир Путин ноябрь айында Бишкекке келгенде жүк ташуучулардын узун кезеги жыл соңуна чейин жоюларын айтып, бирок жаңы жылдан тартып Орусиянын бажысы жүк ташуучулардан белгиленген бардык документтерди талап кыларын эскерткен.
СТ-1 ЕАЭБде талап кылынабы?
Декабрдын биринен тартып Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Орусияга товар саткан кыргызстандык ишкерлерге товардын келип чыгуусун тастыктаган СТ-1 деп аталган сертификатты алуусун талап кыла баштады. СТ-1 – товар Орусияда же ЕАЭБге кирген өлкөдө өндүрүлгөнүн ырастаган документ.
Буга чейин бул документсиз эле өз товарларын Орусияга сатып келгенин айткан ишкерлер Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү экенин эске алып, кошумча түйшүк катары баалап жатышат.
Маектешибиз Сайкал дагы кыргызстандык тигүүчүлөр товарын Орусияга сатуу үчүн буга чейин деле товарларын шайкештик декларациясы жана шайкештик сертификациясы менен жиберип келишкенин белгиледи:
"Кыргызстандык тигүүчүлөрдү мыйзамсыз иштегени үчүн, реэкспорт кылганы үчүн товары кирбей турат деп айыптап жатышат. Андайлар да бардыр, бирок, мисалы, мен ачык иштейм, товарларымды сөзсүз түрдө шайкештик декларациясы жана шайкештик сертификациясы менен жиберип келем. Мага азыр эмне үчүн бизди СТ-1 алгыла деп мажбурлап жатышканы түшүнүксүз. Анткени Кыргызстан Орусия менен чогуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө, ошондуктан биз товарларга бажы төлөмдөрүн да төлөбөйбүз. Азыр "алышыңар керек" деп жатышканы СТ-1 же товардын келип чыгуу сертификациясын да алып кереги жок. Ал документ ЕАЭБге мүчө болбогон үчүнчү өлкөлөргө керек документ. Бул жерде ашыкча эле көйгөйдү ишкерлердин мойнуна илип жаткандай сезилет. Биз товардын кайсы жактан чыкканын далилдөө үчүн "Текшер" системасы аркылуу өткөнүн билдирген кагаз чаптап жиберебиз. Бул жерде мыйзамдар бири-бирине каршы иштеп калып жаткандай сезилет".
Күз айларында товарлар Казакстан менен Орусиянын чек арасында топтолуп, ары өтө албай турган кырдаалда Кыргызстанда көптөгөн цехтер жабылып калганы кабарланган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тигүү тармагын сактап калуу далалаты болуп жатканын, казак-орус чек арасындагы маселе Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда да талкууланганын маалымдаган.
Тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Дилорамкан Дүйшөбаева "Азаттыкка" курган маегинде Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Экспорт, Соода-өнөр жай палатасынын жооптуу өкүлдөрү тигүүчүлөргө Орусия талап кылып жаткан СТ-1 же товардын келип чыгуусун тастыктаган сертификатты алуунун зарылдыгын жана анын жол-жоболорун түшүндүрүп жатышканын айтты:
"Ооба, СТ-1 мурда талап кылынган эмес. Бул жаңы талап болуп жатат. Биздин ишкерлер ошону айтып, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болсо неге СТ-1 алышыбыз керек деп нааразы болуп жатышат. Бирок Орусия тарап талап кылып жатса биз товарыбызды ал жакка сатып жатсак, товардын келип чыгуу сертификатын алууга мажбур болобуз. Өкмөт тиешелүү кызматтар, министрликтер менен чогуу штаб түздү. Ишкерлер менен жолугушуп, семинарларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бир нерсени билишибиз керек – Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен тигүү тармагын алгачкы болуп баштаган, биз баштаганбыз. Эми аны башка өлкөлөрдүн тигүүчүлөрүнө алдырып койбошубуз керек. Отуз жыл бою биз тиккенибизди сатып, жеңилдетилген патент менен иштеп келгенбиз. Эми Орусияда эле эмес, жалпы эл аралык экспорт жоболоруна ылайык, мыйзамдуу иштөөгө өтүшүбүз керек".
"ЕАЭБде талап күчөшүнө өзүбүз күнөөлүүбүз"
Кыргызстандык тигүүчүлөр өндүргөн товарлар акыркы жылдары Wildberries, Ozon маркетплейстери аркылуу Орусияга арбын сатылууда. "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу тиешелүү документтерсиз интернеттеги базарлар аркылуу да товар сатууга мүмкүн болбой турганын айтууда:
"Биз ЕАЭБге киргенден бери мына он жыл өттү. Буга чейин Орусия бизге жеңилдик берип, көп документтерди талап кылбай, убакыт берип келди. Бирок бизде ортомчу фирмалар товардын шайкештик декларациясын жана шайкештик сертификациясын туш келди бере беришип, бир эле айда 250 миң сертификат берилиптир. Муну быйыл май айында Орусиядагы "Честный знак" стандарттык мекемесинин жетекчиси президент Путин менен жыйында айтып, андай жасалма документтер "Кыргызстандан келген товарлардан" көп чыгып жатканын баса айткан. Ошондон кийин булар СТ-1ди же товардын келип чыгуусун аныктоочу сертификатты талап кылып жатышат. Анткени ошол жыйында андай контрафакт товарлар көбүнчө маркетплейстер аркылуу кирип жатканы белгиленип, алар өздөрүндөгү товар импорттоочу ишкерлерин да юридикалык тарап катары сатып алууга милдеттендирди. Буга биздин бийлик дагы, тигүүчүлөр дагы даяр эмес болчу, баягындай эле "кара схема" менен сатып көнүп калган ишкерлерибиз аны кабылдагысы келбей, жиберген товарлары чек арада туруп калды. Ал эми буга чейин эле товары документтештирилген, төлөмдөрү банк аркылуу гана жүргөн, таза иштеген ишкерлердин товарлары кирип эле жатат".
Азамат Керимбек уулунун сөзүнө караганда, СТ-1 сыяктуу документтер Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн кийим-кеченин контрафакт товар болуп кирүүсүнө бөгөт коюлат. Ошондой эле акыркы жылдары Кыргызстандагы тигүүчүлөргө буйрутма берилип, "Орусияда тигилген" деген кагаз менен сыртка мыйзамсыз сатылып келген товарлар өтпөй калат.
"СТ-1 бажы төлөмдөрүндө жеңилдик алууга укук берет"
Бул аралыкта Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ишкерлерге СТ-1 сертификатын албай койсо Орусияга товар киргизүүдө ЕАЭБден тышкары үчүнчү өлкө катары бажы төлөмдөрүн толук төлөөгө мажбур болорун эскертти. Палатанын коомчулук менен байланыш кызматкери Назира Ахмедова бул документ кыргызстандык ишкерлерге жеңилдик берерин билдирди:
"СТ-1 сертификаты товар чынында эле Кыргызстанда өндүрүлгөнүн ырастоочу документ. Бул документ Орусияга сатылуучу товарларда сөзсүз болушу керек. Ал товардын чыккан жерин ырастап, бажы төлөмдөрүндө жеңилдик алууга укук берет. Мурунку убакта бул документ ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн зарыл эмес эле. Бирок Орусия азыр муну талап кылып жатат. Ошондуктан Соода-өнөр жай палатасы сертификатты берүүнү жөнөкөйлөтүп, төмөнкү баада берип жатат".
Ахмедованын маалыматына караганда, эгер ишкер товарын Орусияга бул сертификатсыз киргизсе, анда ЕАЭБден тышкаркы үчүнчү өлкө катары 1 тонна товары үчүн болжолдуу 2200 евро төлөөгө милдеттүү болот.
СТ-1 документин алуу үчүн ишкер Соода-өнөр жай палатасына өтүнүч берет. Палатанын эксперттери цехке келип, ал жердеги тигүүчү машиналардын маркасы, тигилген товардын түрү, кездеменин түзүлүшү жана башка маалыматтарды алып кетет. Дагы бир нече күн ичинде товарга экспертизалык атайын акт берилет, алты айлык мөөнөткө берилүүчү бул документтин баасы 12 101 сомду түзөт. Мындан тышкары ар бир товар жиберилгенде товардын келип чыкканы тууралуу сертификат - СТ-1 берилет, баасы салык чыгымдарын кошкондо 3762 сом.
Кыргызстанда тигүү тармагы экономиканын негизги багыттарынын бирине айланган. Расмий эсеп боюнча бул тармакта 150 миңге жакын адам эмгектенет. Соңку убактагы көйгөйлөрдөн улам тигүү тармагын жоготуп албайбы деген коркунуч айтылууда.
Кыргыз бийлиги бул тармакты колдоону убада кылып келет. Өткөн аптада президент Садыр Жапаров айрым тармактарга колдоо боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлөрү айтылган.
Тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Дилорамкан Дүйшөбаева быйылкы казак-орус чек арасындагы тоскоолдуктардан кийин кыргыз өкмөтү тигүү тармагына жакшы көңүл бура баштаганын белгиледи:
"Чындыгында буга чейин тигүүчүлөргө өкмөт мындай көңүл бурган эмес эле, өз киндигибизди өзүбүз кесип, өлкөнүн экономикасына чоң эле салым кошуп келдик десем жаңылышпайм. Азыр Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Экспорт, Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Стандарт жана башка мамлекеттик кызматтар тигүүчүлөр менен жолугушуп, көйгөйлөрүбүздү угуп, колдоо көрсөтүүгө убада берип жатышат. Тигүүчүлөргө да аз үстөк пайыздагы насыялар берилсе, техникалык жабдууларды лизингге берүү жактары каралса жакшы болмок".
Шерине