Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Тажикстанда көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө баргандарга айып пул салынат


Тажикстан. "Көзү ачыкка" кезек күткөн аялдар. Сүрөт 2012-жылы тартылган.
Тажикстан. "Көзү ачыкка" кезек күткөн аялдар. Сүрөт 2012-жылы тартылган.

Тажикстандын мажлиси (парламенттин жогорку палатасы) көзү ачыктар менен төлгөчүлөрдүн кызматынан пайдалангандарга айып пул салуу каралган түзөтүүнү колдоду. «Озоди» радиосу жазганына караганда, аларга баргандарды Административдик кодекске ылайык 3750-4500 сомони (405-486 доллар) төлөөгө милдеттендирсе болот.

Депутат Махмадали Ватанзоданын айтымында, алымча-кошумча «экстремисттик идеологияны таратуунун жана ырым-жырымга ишенүүнүн көбөйүшүн токтотуу үчүн кабыл алынды».

Тажикстанда көзү ачыктык кылып, төлгө ачып, акча табуу мыйзамсыз деп саналат. Быйыл июль айында Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча мындай иштер менен алектенгендерге 3700 сомониден 4500 сомониге (400-500 доллардай) чейин айыппул киргизилген.

Кыргызстандын өкмөтү былтыр "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамды ишке ашыруу максатында оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого тыюу салган токтом кабыл алган.

Тизмеге сыйкырдын таасирин колдонуу, төлгө ачуу, көзү ачыктык кылуу, баш айландыруу, "окутуу", ийгиликке жана байлыкка жол ачуу, каргыш жана дубалоо сыяктуу кызматтар, ошондой эле спиритизм, шаманизм кирген. Мындан тышкары саламаттык сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын уруксаты берилбеген (аккредитацияланбаган) альтернативдүү дарылоо, көз карандылыктан арылтуу, бүбү-бакшылык, дубалап айыктыруу усулдарына да тыюу салынган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG