Кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгонбу?
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун арызынын четке кагылышына 2024-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени жана 2024-жылы 13-марттан 29-ноябрга чейин чет өлкөдө жүргөнү себеп болгону айтылды. Мыйзам боюнча талапкер болуу үчүн жарандар соңку беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашашы керек же бир жылда четте жүргөн убактысы алты айдан ашпашы шарт.
29-октябрдагы жыйында Атазов БШКнын чечимин мыйзамсыз деп атады.
“Азыр эч кандай соттун чечими жок. "2017-жылы Сооронбай Жээнбековго митинг кылба деп бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн машинесине отурупсуң" дейт. Ал боюнча бир жылдан бери эч нерсе табышкан жок. Урматтуу төрага, ИИМдин мага коюп жаткан жүйөсүн Кудай өмүр берсе далилдеп, ар бир тамгасына чейин жооп бердирүүгө мүмкүнчүлүк болот”.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов БШК тийиштүү мамлекеттик органдар берген маалыматтардын негизинде чечим чыгарарын белгиледи.
“Аткаруучу мамлекеттик органбыз. Ошого байланыштуу мамлекеттик органдар берген корутундунун негизинде иш алып барабыз”, - деди БШК мүчөсү.
Жыйында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Улан Айтбаев Атазов жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат берген.
“Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2024-жылдан бери турат. Андан сырткары 2025-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Шайлообек Атазовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Уюшкан кылмыштуу топторду жана кылмыштуу коомдорду каржылоо боюнча”, - деди Айтбаев.
Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Свердлов округунан шайланып келген. Ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болгон. Матраимов камалгандан кийин мандаты алынган.
Жогорудагыдай эки жүйө менен Болотбек Дүйшеналиевдин дагы талапкерлиги катталган жок. Маалыматка ылайык, ал кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2011-жылы катталган, 2023-2024-жылдары 200 күндөн ашык сыртта жүргөн.
Дүйшөналиев Токтогул шаардык кеңешинин депутаты. Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым ишмердүүлүгүн сындап жүргөнү менен белгилүү.
БШК жыйында дагы бир талапкер болуу үчүн арыз берген жаран Жылдызбек Тургановдун маселесин карамак. Мекеменин маалыматында, ал 1999-жылдан 2006-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп каттоодо турган.
Бирок Турганов талапкер болуу арызынан баш тартарын айтып, БШК мүчөлөрүнөн чечим кабыл албай турууну өтүндү. Анын өтүнүчү кабыл алынды.
“Баарыбыздын башыбыздан өттү, ким отуруп чыккан жок? Мен отурган жокмун, кылмыш иши дагы козголгон жок. Болуптур эми, адашып калдым. Досторум менен чай ичип, сүрөткө түшүп калгандырмын. Аны деле мойнума алышым мүмкүн. Бирок мен мамлекетке зыян келтирген жокмун”, - деди ал.
Кылмыш иши кыскарган экс-депутат
Парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаты болгон Жалолидин Нурбаев 2006-жылы баңгизатка байланышуу иштин жана 2021-жылы дагы бир козголгон кылмыш ишинин кыскарып кеткенине байланыштуу талапкер катары катталган жок. Бул иштер боюнча Нурбаев реабилитациялык процесстен өтпөгөнү айтылды.
Талапкер диний ишмердүүлүгүн качан токтотушу керек?
Ал эми Гүлсара Каримова "соңку беш жылда диний ишмердик менен алектенгени үчүн" талапкер боло алган жок. БШКнын маалыматында, Каримова Жалал-Абадда диний окуу борборду жетектеп келген. Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкер болуу үчүн диний ишмердүүлүгүн беш жыл мурда токтотушу керек.
“Мен Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңеште депутатмын. 2024-жылы ноябрда шайлангам. Анда эмнеге мени мандаттан ажыратпадыңар?", - деди Каримова.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо жөнүндөгү мыйзам жаңы кабыл алынганын, ал жергиликтүү кеңештерге тиешеси жок экенин түшүндүрдү.
“Бул Жогорку Кеңеш жана президентке тиешелүү жаңы мыйзам. Жергиликтүү кеңештерге башка мыйзам”, - деди төрага.
Буга чейин четте жүргөн убактысы алты айдан ашкан Курманбек Жоошбаев аттуу жаран да талапкер болуп катталган эмес.
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга 531 жаран арыз тапшырды. Арыз берүү 30-октябрда аяктайт. БШК 120дан ашык адамды талапкер кылып расмий каттады. Боршайком үгүт иштерине байланыштуу дагы бир нече талапкерге эскертүү берип, айрым жарандарга айып пул салууда.
Жарандык активист Адил Турдукулов шайлоо өнөктүгүнүн акыйкат өтүшү талапкерлерди каттоодон баштап, добуш саноого чейинки БШКнын калыс чечимдеринен көз каранды экенин белгилейт:
“Шайлоо жүрүшү гана эмес, ага катыштыруу маселеси да эң маанилүү. Ошондо шайлоо көз карандысыз өттү деп айтууга негиз болот. Ал эми азыр эле шайлоого жеткирбегенин саясий өңүттөн караса болот. Бир жылга чейин жашабаган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп соттун чечими жок айыптап салганы асмандан алгандай эле түшүнүксүз. Логикага дагы, юридикалык нормаларга дагы дал келбейт”.
Анткен менен шайлоо башталганы президент Садыр Жапаров бир нече жолу шайлоо акыйкат өткөрүлөрүн, ага эч ким кийлигишпей, талапкерлер элдин тандоосуна коюларын белгилеген.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын экөө эркек, бири аял болушу кажет, же эки аял алдыда келсе, үчүнчүсү эркек болушу шарт.
Шерине