Бишкекке коомдук транспорт катары трамвай киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу долбоор Бишкек шаарынын жаңы башкы планында каралганын мэриянын Башкы архитектура муниципалдык ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Азирет Азимов “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.
Ал мурдагы башкы планда коомдук транспорттун 6-7 түрү жазылганы менен аларды ишке ашыруу оор болгонун, азыркы долбоордо үч түрү белгиленип, аны ишке ашыруу боюнча так көрсөтүлүп жатканын айтты.
“Санкт-Петербургдук институт (ред: башкы планды даярдаган институт) болуп жатканына байланыштуу бул калаада трамвай каттамы аябай жакшы өнүккөн. Техниканы өздөрү чыгарып колдонууга беришет жана камсыздайт. Башкы планда биринчи этап менен 28 чарчы чакырым трамвай линиясы белгиленген. Шаарыбыздын микрорайондордон жана жаңы салынып жаткан стадион жактан эки линия келип, шаардын борбор жагынан айланма түрүндө каттайт. Жибек Жолу-Шабдан баатыр, Фучик-Дооронбек Садырбаев, Иса Ахунбаев көчөлөрү менен айланма болот”,-деди Азимов.
Долбоордо шаардын аймагын жашылдандырууга да басым жасалып, 1,5 миң гектар жер каралары жазылган.
Шаардын чыгыш тарабына саркынды сууларды кайра иштетүүчү ишкана куруу, калаанын чет жакаларын да өнүктүрүү үчүн төрт райондун өзүнүн борборлорун түзүү планы бар.
Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча 24-25-декабрда коомдук талкуу өтөт. Анын негизинде түшкөн сунуш-пикирлер каралып, шаардык кеңешке сунушталат. Башкы план Министрлер кабинетинин токтому менен даярдалып, анда 2050-жылга чейинки мөөнөт камтылат.
Шаардын башкы планы узак мөөнөттүү өнүгүүнүн стратегиялык документи болуп саналат жана анын максаты Бишкектин борбордук позициясын бекемдөө, аны Борбор Азиянын каржылык жана логистикалык борборуна айлантуу, экономиканы диверсификациялоо жана жашоого ыңгайлуу шаар түзүү экени белгиленген.
Шерине