Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

"Сот жана укук коргоо органдарына нааразылык көп". Акыйкатчыдан акыркы айла издегендер


Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева былтыр ага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине нааразы болуп, даттанышканын билдирди.

Акыйкатчынын бул билдирүүсү Өзгөн районунда күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн айткан келиндин милицияга жазган арызын карап жаткан тергөөчүнү кайдыгерликке жана коррупцияга айыптаган видеосу жарыяланган учурга туш келди.

Коомчулукта сот жана укук коргоо органдарын реформалоонун жетишсиздиги кызматкерлерди коррупцияга барууга, ишине кайдыгер мамиле жасоого аргасыз кылууда деген да пикирлер бар.


Тергөөчүнү айыптаган жабырлануучу

Өзгөн районунун Төрт-Көл айылынын 37 жаштагы тургуну күйөөсүнөн зомбулук көрүп, милицияга кайрылганын, бирок алар эч кандай аракет көрбөй жатканына нааразылыгын билдирүүдө. Анын ишти караган тергөөчү менен айтышып жатканы тартылган видео тасма социалдык тармактарга тарады.

Тасмада жабырлануучу келин тергөөчү менен участкалык милиционер ишти талаптагыдай карабай, создуктуруп жатышканын айтып, нааразылыгын билдирген. Тергөөчү "ишиңди карабайм, башка тергөөчүгө берем" деп айтып жатканын да көрүүгө болот.

Тасма Фейсбукка жарыялангандан көп өтпөй Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымат таратып, "милиция чара көрбөй жатат" деген айыптоолорго негиз жоктугун маалымдады.


Бул окуя акыйкатчынын билдирүүсү жарыяланган учурга туш келди. Анда омбудсмен кийинки убактарда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, укук коргоо органдарына кайрылып, бирок укугу корголбой жатканына нааразы болгон кыз-келиндердин саны өскөнүн белгилеген.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу былтыр аялдарга жана балдарга жасалган зомбулукка каршы иштеген тийиштүү мамлекеттик органдарды көзөмөлдү күчөтүүгө чакырып, өкмөткө, Башкы прокуратурага кат жолдогон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 447 кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында алардын ичинен 276 иш сотко жөнөтүлүп, 133ү кыскартылган.

Акыйкатчыга кайрылгандардын 41 пайызы сотторго нааразы

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева былтыр андан жардам сурап кайрылгандардын басымдуу бөлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине нааразылар болгонун "Азаттыкка" тактады:

Жамиля Жаманбаева, Кыргызстандын акыйкатчысы.
Жамиля Жаманбаева, Кыргызстандын акыйкатчысы.

"2024-жылы Акыйкатчы институтуна түшкөн кайрылуулардын 44 пайызы сот органдарына, ал эми 20 пайызы укук коргоо органдарына даттанышкан. Сот органдарына карата арыздардын көбүндө акыйкатчынын өкүлүн соттук отурумга жиберүүнү өтүнгөн. Алар сот тутумуна ишенбестик билдирип, соттук инстанцияларда ишти адилет жана ачык-айкын териштирүү укугу бузулганын айтышкан. Акыйкатчы институту 9 көңүл буруу актысын сот органдарына жолдоп, 1 судья тартиптик жоопкерчиликке тартылган".

Кыргызстанда 2023-жылы Судьялар кеңеши башкы прокурордун сунуштарынын негизинде мурда иштеп кеткен жана кызмат ордунда турган алты судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, мындай чара үч судьяга карата колдонулган. Андан тышкары сегиз судья жумуштан алынган.

Судьялар кеңеши 2024-жылы 9 судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берип, алардын бешөөнө жаза чегерилген.

Бир катар судья пара алууга шектелип, кармалып, камакка алынышкан. Айрымдары көп өтпөй соттон акталып чыкканы кабарланган.



Мурдагы акыйкатчы, юрист Атыр Абдрахматова мамлекет сот тармагын реформалап, системаны өзгөртмөйүнчө тармактагы коррупция азайбайт жана нааразылык токтобойт деген пикири менен "Азаттыкка" бөлүштү.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

"Мындай даттануулар бир эле акыйкатчыга эмес, президентке, өкмөт башчынын дарегине да жүздөп, миңдеп жазылат. Мамлекетте бул тармактарды реформалоо, тазалоо аракети жүрүп жатат. Бирок талапты коердон мурун алардын адилет иштөөсүнө шарт түзүп бериши керек. Сотторду аймактарга ротациялоодо алардын жашоо шартын түзүп, жакшыртуу талабы да турат. Мисалы, соттор алыскы аймактарга барганда ыңгайлуу шарты, жашай турган жери даярбы? Алардын да үй-бүлөсү, жаш балдары бар да. Экинчиден, сот адилеттигин, ачык-айкындуулугун өркүндөтүү максатында эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен өтө көп акча сарпталды. Мисалы, сот иштерин аудио жана видео аркылуу ачык өткөрүүнү камсыздоо алигүнчө ишке аша элек. Эгер сот жараяны ачык болсо, судьялардын мыйзам бузуулары да аз болуп, адилет чечимдер чыкмак".

Быйыл марттын аягында президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин сунушу менен жергиликтүү соттордун 84 судьясын ар кайсы аймактарга ротациялаган. 2022-жылы жергиликтүү соттордун 312 судьясы башка аймактарга которулган. Бул сот системасында тааныш-билиштикти токтотуп, жемкорлукту азайтууга багытталганы белгиленген.

Кыргызстанда сот бийлигинин көз каранды эместигин камсыздоого багытталган бир катар укуктук нормалар иштейт. Эл аралык уюмдар, жарандык коом ага карабай иш жүзүндө соттор саясий жетекчиликтин кызыкчылыгы камтылган иштерди кароодо аткаруу бийлиги менен прокуратуранын ашкере кийлигишүүсүнө кабыларын билдирип келишет.

"Адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоодогу кемчиликтер"

2024-жылы Акыйкатчы институтуна укук коргоо кызматкерлеринин үстүнөн да 415 арыз-даттануу келип түшкөн. Анын ичинде 36 окуя, акыйкатчы Жаманбаева билдиргендей, кыйноого байланыштуу:

"Бул арыздар сотко чейинки өндүрүштө адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоодогу кемчиликтерди баса көрсөтөт. Жарандар көп учурда тергөө создуктурулуп, айыпталуучулардын жүйөөлөрү эске алынбай, териштирүү айыптоого ыктоо менен жүргүзүлүп, тергөө органдары орой мамиле кылып жатканына даттанышат. Арыздардын негизинде мажбурлап кармоо жайларына 258 инспекция жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга 36 Көңүл буруу актысы жолдонуп, укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопко тартылган".

Бишкекте ушул жылдын башынан бери эле укук коргоо органдарынын 20 чакты кызматкери ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалды. Алардын ичинен басымдуу бөлүгүнө Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен кылмыш иши козголгон. Айрымдары маңзатка байланыштуу кылмыш иштерине шектелгени кабарланган. ИИМ муну ички иштер органдарын таза эмес кызматкерлерден тазалоо, коррупцияга каршы күрөш катары сыпаттаган.



Экс-акыйкатчы Атыр Абдрахматова укук коргоо органдарындагы бул көйгөйдүн да түбүндө талапка жараша шарттын жоктугу турганын айтууда:

"Менин жеке башымдан өттү. Быйыл жазында менин өспүрүм кызым соцтармактарда буллингге кабылып, кызымды араң сактап калдык. Бирок биздин балдарды коргоочу тараптардын аракетсиздиги жана алардын кылган ишинин жыйынтыгынын жоктугуна күбө болдум. Менин суроомо тергөөчүдөн эки сап жооп келет. Эки сап жооп менен кандай түшүнүк берилет, иштин териштирилгени, жыйынтык жоктугу тууралуу кандай маалымат алууга болот? Анан кантип милицияга ишенесиң? Аларда соцтармактардагы буллингди аныктоо үчүн техникалык шарттары жок экен. Ансыз кантип аныктап, кантип шектүүлөрдү табышат? Мен кесибиме байланыштуу акыркы убактарда бул тармакка аралашып, билип калдым. Укук коргоо органдарына жаштар көп келип иштеп жатышат. Бирок алардын да иштөөсүнө шарт түзүлгөн эмес. Ыкчам тергөө тобу толук каржыланбайт, майына акча берилбейт, күнү-түнү жүргөнү үчүн кошумча төлөнбөйт. Ушундан улам жыл башынан бери эле дээрлик жума сайын милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр пара менен шектелип, кармалып жатышат. Менимче, бул тажрыйбанын жоктугу же адам укугун сыйлабагандык эмес, бул алардын өз жашоосундагы суроолордун чечилбей, ач курсак жүрсө, ошондой мыйзамсыз аракеттерге же кош стандарттулукка барып, кайдыгер мамиле кылууга аргасыз болот", - дейт Абдрахматова.

Милиция кызматкерлеринин пара алууга шектелип кармалганы тууралуу маалыматтар токтой элек. 12-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү ири суммадагы пара опузалоого шектелип кармалганын кабарлады.

ИИМдин ишине такай сын айтып келген активист Эртай Искаков да милиция кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлгөнү менен пара алууга же опузалоого шектелип кармалуусу уланып жатышына алардын маянасынын аздыгы себеп деген пикирде:

Эртай Искаков
Эртай Искаков

"Милиция кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүп, жашоосун жакшыртуу керек. Мисалы, жол-кайгуул кызматкери 50-60 миң сом айлык алат дейли. Үй-бүлөсү бар, батирде турган болсо, алган айлыгынын 30-40 миң сомун батир акысына берет. Калганы бала-чакасын бакканга, өзүнүн ишке барып келүүчү жол акысына жетеби? Мындан тышкары милиция кызматкерлеринин аң-сезимин өзгөртүү үчүн идеологиялык иштер жетишсиз. Аларды "кылмыштын бетин ачуу" деген план же пайыз үчүн талапты күчөтүп, кыйноонун кажети жок. Алар ушул "планды" аткаруу үчүн тергөөнү үстүрт жүргүзүп, ары-бери сотко өткөргөн же күнөөсүз адамдарды кыйноого алган учурлар катталганын окуп жатабыз. Дагы бир нерсе, ИИМде жана жергиликтүү милиция органдарында жетекчилик кызматтагылар кол алдындагы кызматкерлердин ишинен, эмне менен алектенип жатышканынан кабары жоктой, алардын ишине көзөмөл аздай сезилет".

Быйылкы жыл башында УКМК коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүрүп жатканына карабай Ички иштер министрлигинде, укук тартибин коргоо органдарынын ишинде туруктуу жемкорлук схемалары сакталып турганын билдирген. Ага ылайык, 2021-2024-жылдарда Бишкек шаардык ички иштер тармагындагы коррупцияга байланыштуу 135 кылмыш иши козголуп, ИИМдин 35 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Соңку жылдары кыргыз милициясына сын-дооматты күчөткөн бир катар окуялар орун алган. Ички иштер органдарында айрыкча аялдарга, үй-бүлөдөгү зомбулукка карата, адам өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуяларга жол берген учурлар болгон. Мындан тышкары милициянын колунан карапайым жарандар каза тапканы аныкталган учурлар да жок эмес.

2024-жылы 10-августта Бишкекте 37 жаштагы жаран милиция кызматкерлеринин колунан каза тапканы да видео тасма аркылуу аныкталган. Милицянын баштапкы маалыматында ал суицид кылууну көздөгөнү айтылган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери аны жерге жыгып, муунтуп жатканын телефонуна тартып алган күбөнүн тасмасы соцтармактарга тараган. Ошондон кийин Башкы прокуратура милициянын кайгуул кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгогон.

2022-жылы Бишкектеги борбордук мечиттин жанында Жол кайгуул кызматынын кызматкери айдоочу менен чырдаша кетип, табелдик тапанчасы менен атып салган. Бул окуяга байланыштуу 22 милиционер кызматынан четтетилип, ок чыгарган инспектор 16 жылга кесилген.


2024-жылы Жогорку Кеңеште ички иштер органдарынын кызматкерлерин сүрөт-видеого тартууга тыюу салган мыйзамды кабыл алууга аракет жасалып, натыйжада долбоор өтпөй калды. Айрым активисттер бул мыйзам адам укугуна каршы келерин, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин ашкерелөө мүмкүнчүлүгү жок болуп каларын айтып, сынга алышкан.

Айрым эл аралык рейтингдерде кылмыштуулуктун деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы 40 өлкөнүн, Азиядагы алдыдагы 5 өлкөнүн катарына киргизилип жүрөт. Маселен, Numbeo ресурсунун “Кылмыштуулук индексинде” быйылкы жылдын май айына карата 147 өлкөнүн ичинен 39-орунда турат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG