Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

"Талибан" бийлигин бекемдеп, дүйнөгө аралашкысы келет


"Талибандын" коопсуздук күчтөрү. Ооганстан, Газни шаары. 2025-жылдын 15-августу.
"Талибандын" коопсуздук күчтөрү. Ооганстан, Газни шаары. 2025-жылдын 15-августу.

мазмуну

  • "Талибан" кыймылынын эл аралык коомчулукка таанылуу аракети.
  • "Талибанды" расмий тааныган жалгыз өлкө - Орусия.
  • Европа өлкөлөрү менен "Талибандын" байланышы.

Ооганстанда бийликти колуна алган "Талибан" кыймылы эл аралык коомчулукка өз легитимдүүлүгүн таануунун аракетин улантууда. 2021-жылы Батыш колдогон өкмөттү кулатып бийликке келген топ учурда айрым мамлекеттер менен алака-катышын бекемдөөдө.

Ооганстанда өкмөттү башкаруу укугун төрт жыл мурда кайрадан өз колуна алган, ислам динин өз кызыкчылыгында колдонот деп айыпталып, көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган "Талибан" кыймылы эл аралык коомчулукка таанылуунун аракетин улантып келатат. 2021-жылы куралдуу кыймыл Кабулда Батыш колдогон ооган өкмөтүн кулатып, бийликти алган.

Азыркы тапта дүйнө өлкөлөрү арасынан "Талибанды" Ооганстанды бийлиги катары расмий тааныган жалгыз мамлекет Орусия гана болууда. Бирок ошого карабастан, иш жүзүндө соңку төрт жылда ал эл аралык коомчулук бейрасмий болсо да "Талибан" бийлигин таанай баштаганын талдоочулар белгилөөдө.

"Дүйнө "Талибан" арабызда экенин тааныды", - дейт Канаданын Азия-Тынч океан фондунун улук илимий кызматкери Майкл Кугельман.

Азыркы "Талибан" 1996-2001-жылдары Ооганстандын дээрлик 90 пайызын башкарып келген "Талибандан" кыйла айырмаланып турарын, анда ислам динине жамынган аталган радикал топ куралдуу каршылыкка кабылып, тышкы дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүнөн обочодо калганын белгилейт.

"2021-жылы бийликти басып алгандан кийин "Талибан" легитимдүүлүккө жетишүүгө даярдыгын жана ошондой мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдей алды", - деп кошумчалады.

Саясий шарттын өзгөрүшү

Ошондон бери айрым өлкөлөр "Талибандын" дипломаттарын кабыл алышты, ал эми аймактагы ондон ашуун өлкөнүн, анын арасында Орусия, Кытай сыяктуу державалардын Кабулдагы элчиликтери кадимки тартипте иштеп жатат.

Мындай прагматикалык жүйөнү Ооганстанда түнөк тапкан "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик тобу пайда кылган эл аралык коркунуч жана Батыштын башпаанек ала албаган ооган качкындарын мекенине кайтаруу аракеттери шарттоодо.

"Европада расмий түрдө башпаанек ала албай калган ооган качкындарын депортациялоого чакырган ашынган оңчул саясий партиялардын ички басымы барган сайын сезилерлик болуп баштады. Европа өлкөлөрү ооган качкындарын "Талибан" режими менен макулдашпай туруп депортация кыла албайт", - дейт Лондондогу Chatham House аналитикалык борборунун илимий кызматкери Хамид Хакими.

Быйыл 21-октябрда Австрия 2021-жылдан бери алгачкы жолу оогандыкты мекенине депортация кылды, Германия аларды мекенине кайтаруу аракетин былтыр кайрадан баштап, Батыштын мындай кадамга барган алгачкы өлкөсү болду.

Европа Биримдиги саясий башпаанек берилбеген оогандыктарды депортациялоо ишин тездетүү максатында "Талибан" өкмөтү менен "баштапкы алаканы демилгелегенин" 20-октябрда билдирди.

Ал тапта Европа Ооганстандын кулатылган мурдагы өкмөтү тушунда дайындалып, мекениндеги бийлик алмашууга карабастан ишин улантып келаткан дипломаттар эмгектенген ооган элчиликтерин жапты. Бул, өз кезегинде, талибдерге дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү башкарууга жол ачты.

Хамид Хакими белгилегендей, Европа "Ооганстандагы саясий шарт таптакыр өзгөрдү жана мурдагы ооган өкмөтү кайрадан калыбына келиши мүмкүн болбой калды" дегенге ынанууда.

Батыш укук коргоо уюмдарынын нааразылыгына карабастан "Талибанга" колдоо көрсөтө баштады. Ооганстанда бийликке келгенден тартып талибдер адам укугун тебелеген көптөгөн иштерге барып, "айыптуу" деп эсептеген адамдарды сурак-сотсуз өлүм жазасына тартты. Быйыл июль айында Эл аралык кылмыш соту "Талибандын" лидерлерин "кыздарды жана аялдарды куугунтукка алып жатканы үчүн" камакка алууга ордер чыгарды.

Мыйзамдашуу аракетине карай дагы бир кадам

"Талибандын" өз легитимдүүлүгүн чет жакта таанытуу аракетинен майнап чыгып жатканы менен өлкө ичинде жапырт колдоо таба элек.

Алгачкы убакта алар ооган коомуна өзүлөрү жакын көрсөтүп, калкты тынчытууга аракет кылышкан. Бирок элге берген убадаларын аткарышкан жок, анысы аз келгенсип аялдарды басмырлап, катуу чектей башташты. Башкача ой жүгүрткөндөрдү ырайымсыз басып, бийликти бир колго топтоп алды.

Бирок 1990-жылдардан айырмаланып, азыркы "Талибанга" каршы өлкө ичинде олуттуу коркунуч жокко эсе, мына ошондуктан ал бийлигин улам бекемдеп алууда.

Ооганстандын ичиндеги легитимдүүлүгүн күчтөндүрүү үчүн алар өлкөнүн тышкы каршылаштары менен болгон мамилесиндеги чыңалууну өз максатында пайдаланууда.

Быйыл октябрь айынын башында Пакистан Ооганстандын борбор калаасы Кабулга абадан чабуул жасагандан кийин "Талибандын" согушкерлери менен пакистандык коопсуздук күчтөрү ортосунда айыгышкан кармаш башталганы белгилүү. Анда аба соккуларынын жана жердеги атышуунун кесепетинен эки тараптан тең ондогон өмүр кыйылды. Эки коңшунун тирешиндеги эң кандуу окуяга айланган бул чыңалуу улана берсе толук масштабдуу согуш башталмагы анык.

Катардын жана Түркиянын ортомчулугу менен гана тараптар кепке келип, атышууну токтотушту. Жакынкы арада эки өлкөнүн өкүлдөрү Стамбул шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшөт деп пландалууда.

"Ушул чыңалуудан улам "Талибан" өзүнүн ички да, эл аралык да легитимдүүлүгүн кыйла бекемдеп алууга жетишти", - деп эсептейт Канаданын Азия-Тынч океан фондунун улук илимий кызматкери Майкл Кугельман.

"Талибан" Пакистанга каршы жооп катары чара көрүп, ошонусу менен өлкө элинин көңүлүн жубатып, өзүнө тартып, чыңалууну эл аралык ортомчулук аракеттин аркасы менен басууга мүмкүн болгон мунасага жетише алды.

"Албетте, "Талибан" үчүн бул утуш болду. Анткени ал өзүнүн башкы максаттарынын бирине, Ооганстандын ичинде да, чет жакта да легитимдүүлүккө карай умтулууда кыйла ийгиликке жетише алды", -дейт Кугельман.

Макаланын автору Фруд Бежан

Шерине

XS
SM
MD
LG