Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Жаңы автомектеп ачууга лицензия берүү токтотулду


Автомектептердин биринин унаасын текшерүү учуру.
Автомектептердин биринин унаасын текшерүү учуру.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 20-октябрдан баштап күчүнө кирип, 2027-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Бул аракет жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу максатын көздөйт.

Документке ылайык, лицензия жаңы автомектеп ачууга берилбейт. Ал эми лицензияны кайра тариздөө, дубликатын берип кайра жаңылоо иши улана берет.

Мындан тышкары 13-октябрдан бери өлкө аймагындагы автомектептердин жоопкерчилигин күчөтүү, жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында "Үйрөтүүчү транспорт каражаты" деп аталган рейд өтүп жатат.

Анын алкагында окутуучу жана үйрөтүүчү унаалары текшерилип, кошумча педалдарынын мыйзамдуулугу, айдоочулук китептер жана маршруттук схемалар, окутуучулардын квалификациясы текшерилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузгандарга протоколдор түзүлүүдө.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоочу 340 окуу мекемеси бар. Анын 30% мамлекеттик, калганы менчик.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG