Бул тууралуу камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун адвокаты Асель Аргымбаева "Азаттыкка" маалымдады. Анын айтымында, 17-октябрда Бишкек шаардык сотундагы отурумга Ташов ден соолугу начар абалда келгендиктен ишти кароону башка күнгө жылдыруу өтүнүчү менен кайрылды, сот аны канааттандырды.
Аргымбаеванын айтымында, Ташовдун 29-сентябрдан тартып жарыялаган кургак ачкачылык акциясынын саясий максаты жок. Ошол эле күнү ал Башкы прокуратурага, өлкөнүн акыйкатчысына арыз менен кайрылган. Башкы прокуратура арызды Аскер прокуратурасына жөнөтүп, андан жооп келе элек. Ал эми акыйкатчы 13-октябрда Жаза аткаруу кызматына кат жөнөткөн.
Адвокат 19 күндөн бери ачкачылык кармагандыктан Имамидин Ташовдун ден соолугу кыйла начарлап, кан басымы ылдыйлап кеткенин айтты. Бул боюнча Жаза аткаруу кызматы азырынча маалымат же комментарий бере элек.
Жактоочунун белгилешинче, ишкер абактагы шартка даттанып, басым-кысымга жана мазактоого кабылганы тууралуу тиешелүү органдарга ачык кат жолдогон, ошондон кийин басым ого бетер күчөгөн.
Жаза аткаруу кызматы Ташовдун дооматтары незисиз экени жазылган билдирүү тараткан. Мекеме тергөө абагында жаткандар ички тартип-эрежени сактап, камакта жаткандарга жана абактын кызматкерлерине сылык мамиле кылышы керектигин белгилеген. Камерада тазалыкты сактап, абак кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийиши зарыл экенин кошумчалаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.
Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Иш ушул тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.
Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (KS)
Шерине