Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:06

Опуза видео тараткан чет элдикке байланыштуу өспүрүм милицияга жеткирилди


Бишкек шаарындагы милиция бөлүмдөрүнүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаарындагы милиция бөлүмдөрүнүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Интернет аркылуу видео таратып, Бишкек шаарындагы мектептерге "кол сала турганын" айткан чет элдиктин аракеттерине байланыштуу М.Н. аттуу өспүрүм милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 17-октябрда Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме 17-октябрда тактагандай, коркутуу жана чагым мүнөзүндөгү сүрөттөр камтылган билдирүү алгач 16-октябрда “Ужас Бишкека Аверсион” деп аталган топтун мессенжеринде жарыяланган. Чет элдик кара ниет адам анда кыргыз жарандарынын биринин сүрөтүн да жарыялап, ал анын жардамчысы экенин, жардыруучу заттарды колуна алгандан кийин көмөк кылбай койгонун жазган.

Скриншотто көрсөтүлгөн жарандын тек-жайын Бишкек шаарынын милициясы атайын кызмат менен бирге аныкташкан. Ал Бишкектин жакасындагы Эне-Сай конушунун тургуну, жашы жете элек М.Н. болуп чыккан.

Өспүрүм ата-энеси менен милиция бөлүмүнө жеткирилген. Сурамжылоодо ал буга чейин Telegram каналында белгисиз адам менен жаңжалдашып, кийин анын эл аралык издөөдө жүргөн Овсюк Ярослав Михайлович экени белгилүү болгонун түшүндүргөн. Андан кийин анын дарегине “bishkekhorror” аттуу аккаунттан коркутуулар келип түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Н. коркунучтуу билдирүүлөрдүн таралышына тиешеси жок экени, ал эми бул билдирүүлөр чагымчыл мүнөздө болуп, башка колдонуучулар тарабынан өч алуу максатында жайгаштырылганы аныкталды.

Баланын ата-энесине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесине (Ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык протокол түзүлдү.

16-октябрдын кечинде белгисиз адам интернет аркылуу видео кайрылуу таратып, кийинки күнү Бишкектеги мектептерге "кол салып, балдардын өмүрүн кыярын" билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кечке жуук Бишкектеги мектептердин окуучуларын коркуткан жарандын тек-жайы аныкталганын, ал Кыргызстанда эместигин, коркунуч жоктугун билдирген. Милиция шаардагы билим берүү мекемелеринде зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталбаганын маалымдаган.

Министрлик билдиргендей, коркутууларды тараткан адам 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. “Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес”, - деп жазылган расмий маалыматта.

Интернет айдыңында жалган же чагымчыл мүнөздөгү маалымат таратууга мыйзам тыюу салат жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Милиция 17-октябрда күчөтүлгөн тартипте иштей турганы кабарланган. Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырууда. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG