Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү быйылкы жылдын январь-августунда 9 млрд 848,1 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети сегиз айдын баштапкы эсебинин жыйынтыгын чыгарган соң жарыялады.
Мунун ичинен экспорттук жөнөтүүлөр 23,7%, ал эми импорттук келип түшүүлөр 5,2% азайды.
Январь-августта Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 млрд 349 млн доллар түзүп, мурдагы жылдын тиешелүү убактына салыштырмалуу 3,3% төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Орусияга (65,7%) жана Казакстанга (32,1%) туура келди.
2024-жылы Кыргызстандын тышкы соодасы 17,6 млрд долларга жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 10,9% өскөн болчу. 2023-жылы көрсөткүч 15,9 млрд сом болгон эле. (ErN)
Шерине