17-октябрда Бишкектеги айрым муниципалдык мектептерде окуучулар сабакка келбей калган учурлар катталды. Шаардык мэрия калаадагы муниципалдык мектептер кадимкидей офлайн режимде окуусун улантканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы ошол эле мезгилде чаташуудан улам айрым мектептерде кээ бир окуучулар келбей калган болушу мүмкүн экенин айтты.
16-октябрдын кечинде белгисиз адам интернеттен видео кайрылуу таратып, 17-октябрда Бишкектеги мектептерге "кол саларын жана балдардын өмүрүнө коркунуч жараларын" билдирген. Мэрия ошол эле күнү кечинде мектептерди онлайн режимге өткөрүү чечимин кабыл алган, бирок түн жарымында кадимки режимде окуй турганын жарыялаган.
Маалыматтын кеч тарашы айрым ата-энелерге жетпей калган. Кээ бир мектептер онлайн окутканын ата-энелер "Азаттыкка" ырасташты. Ал эми менчик мектептер 17-октябрда онлайн режимде окууну уланткан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) кечке жуук Бишкектеги мектептердин окуучуларын коркуткан жарандын тек-жайы аныкталганын, ал Кыргызстанда эместигин, коркунуч жоктугун билдирген. Интернетте дүрбөлөң салган адам 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Ал мурда Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөнү маалым болду. “Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес”, - деп жазылган расмий маалыматта.
Милиция шаардагы билим берүү мекемелеринде зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталбаганын маалымдаган. Күч органдары 17-октябрда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Министрлик жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырды.
УКМК террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин эскертти. Мындай жалган билдирүүлөр үчүн Кылмыш-жаза кодексине ылайык, айып пул, түзөтүү жумуштары же беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы
Кыргызстанда буга чейин мектепте "бомба" коюлганын айтып, окуучулар эвакуация болгон учурлар көп катталган. Текшере келгенде бул маалыматтар жалган болуп чыккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин эскертип келет.
Кылмыш-жаза кодексинин “Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган адам бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же айыпка жыгылат. Беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы да каралган. (ErN)
Шерине