Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

Иран бийлиги Махса Аминини эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө жол берген жок


Ирандын бийлиги мындан үч жыл мурун каза тапкан Махса Амининин үй-бүлөсүнө маркумду эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө жол берген жок. 22 жаштагы студент мындан 3 жыл мурун Тегерандагы абакта табышмактуу жагдайда каза тапкан. Аны адеп-ахлак полициясы көчөдө "хижабсыз жүргөн" деген негизде кармап кеткен. Бийлик кыздын жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

"Фарда" радиосунун булактары айтып бергендей, Махсанын атасын 16-сентябрда Сагхез шаарынын коопсуздук кызматы чакырып, эч кандай иш-чара уюштурбоону эскертишкен.

Калаада тартылган видеолордо жергиликтүү дүкөндөр жабык турганын көрүүгө болот. Муну тасмалардын авторлору иш таштоо катары чечмелешти.

Атын атабоону каалаган булак 14-сентябрдан бери маркумдун үйүнүн жанына коопсуздук органдарынын күчтөрү жайгаштырылганын маалымдады. Алар Махса коюлган мүрзөгө кетчү жолду да торошкон.

Былтыр да бийлик ушул өңдүү чараларды көргөн.

Студент кыздын абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган. Кыз-келиндер хижаб, жоолуктарын алып салып, “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” деген ураан жаңырган.

Демонстрацияларды тартип коргоочулар күч менен басып, 500дөй адам каза тапкан, миңдеген киши кармалып, өлүм жазасына тартылгандар болгон.

Махса Амининин өлүмүнүн үч жылдыгын утурлай Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Ирандын бийлиги ошол акциялар маалындагы укук бузуулар жана кылмыштарды жакшылап териштирбегенин сындады.


Шерине

XS
SM
MD
LG