Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Токмок шаарына 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү


Токмок шаары.
Токмок шаары.

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрдагы буйругу менен Чүйдүн Токмок шаарына 2 миллиард 55 миллион 500 миң сом каражат бөлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 3-октябрда Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техника жана кызматтык автоунааларды тапшыруу иш-чарасында айтты.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын 1 миллиард 812 миллион 900 миң сому Токмоктун ички жолдорун капиталдык оңдоого жана курууга, 134 миллион 600 миң сому жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна, 108 миллион сому жүргүнчүлөрдү ташый турган 10 автобус жана эки атайын бургулоочу техника сатып алууга жумшалат.

Андан тышкары 2026-жылы Токмок шаарындагы №1 жана №2 орто мектептери үчүн кошумча окуу корпустарын куруу да каралууда. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 440 миллион сом кетет деп эсептелди.

25-июнда Садыр Жапаров Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кызматтан алган.

Нусувалиев менен кошо Токмок шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Т.у.А.) жана шаарда эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын директору (К.Т.Э.) 24-июнда Камчыбек Ташиевдин буйругу менен жыйын учурунда кармалган.

Аларга Токмокто курулуп жаткан сейил бакка бөлүнгөн каражатка байланыштуу айып коюлган. УКМК курулуш иштерине 44 миллион сом каралып, анын 42 миллиону курулуш ишканасына өткөрүлүп берилгени менен иш жүзүндө акча толук жумшалбай, мамлекетке көп суммада зыян келтирилгенин кабарлаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG