Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Путин "Европадан аскердик коркунуч жаралса ыкчам жооп болорун" айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде “Валдай” эл аралык талкуу клубунун жыйынында сүйлөп жатып Европанын куралдануусу күчөгөн учурда Москва да жооп чараларын көрүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал процесстин тездик менен жүрүп жатканын белгиледи.

“Мисалы, Германия кайрадан Европадагы эң күчтүү армия болушубуз керек деп жатат. Макул, биз муну кунт коюп угуп, эмнени кыйытканын көрүп турабыз. Орусиянын жооп чаралары көп күттүрбөйт деп ойлойм, буга эч кимдин күмөнү жок. Жооп өтө ишенимдүү болот. Бул дал жооп чара. Биз өзүбүз эч качан аскердик каршылашууну баштаган эмеспиз”, - деди Украинага каршы согуш ачканына төрт жылга аяк баскан Орусиянын президенти Путин.

Орус лидери Украинадагы согуштун уланышы үчүн Европа өлкөлөрүн күнөөлөдү.

“Тилекке каршы, азырынча согуш аракеттерин токтото албай жатабыз. Бирок мунун жоопкерчилиги көпчүлүктө эмес, азчылыктын мойнунда, биринчи кезекте - жаңжалды тынымсыз күчөтүп жаткан Европада”, – деди Путин.

Сентябрдан тартып Евробиримдик өлкөлөрүнүн аба мейкиндигине орус дрондору бир канча ирет киргени тууралуу маалымат тарады. Ошондой эле Дания, Германия жана башка бир катар мамлекеттердеги маанилүү инфраструктура объектилеринин үстүнөн белгисиз учкучсуз аппараттар байкалган.

1-октябрда Копенгагенде өткөн ЕБ саммитинде лидерлер бул окуяларды эске алуу менен коопсуздук маселесин талкуулашты. Айрыкча Еврокомиссия мурда сунуштаган биримдиктин чыгыш чек арасын бойлой “дрондор дубалын” куруу демилгеси көтөрүлдү. Бир катар лидерлер бул демилгени колдоп, ал учкучсуз аппараттардын чабуулунан коргоо системаларын кеңири жайылтууну камтый турганын белгилешти.

Орусия 2022-жылдын февралынан бери Украинага каршы кеңири масштабдуу согушун улантып келет. Ал орус аскерлеринин украин жерине басып кириши менен башталган.

Кремль Украина жана европалык өлкөлөр сунуштаган узак мөөнөттүү ок атышууну токтотуу сунушун четке какты. Москва муну “жаңжалдын түпкү себептерин жоюу зарыл” деп түшүндүрүп келет. Орус бийлиги “түпкү себеп” катары Украинадагы орус тилдүү жарандардын укуктарынын бузулушун жана Киевдин НАТОго кирүүгө умтулуусун атаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG