Казакстан менен Орусиянын чек арасында Кытайдан жүк тартып келаткан миңдеген оор машинелердин узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы булактарына таянып жазды. Алардын бири 7,5 миң машина топтолуп турганын айтып берди.
Логистикалык компаниянын өкүлү Максим Емелиндин маалыматында, кезек сентябрдын ортосунан пайда боло баштаган.
"Негизинен электроника, дрон жана алардын тетиктери өңдүү кош максаттагы санкциялык товарлар, Батыш бренддеринин кийим-кечелери жүктөлгөн машиналар топтолгон. Аларды бажычылар жакшылап текшерет, калгандары чек арадан 3-5 күндө өтөт", - деп айтты Емелин.
FM Logistic компаниясынын эл аралык транспорт ташуулары боюнча директору Ярослав Белоусов чек арадагы кезектерди эки тараптын тең "эрежелерди бузган ташуучуларды" аныктоо үчүн көзөмөл күчөтүлгөнү менен түшүндүрөт.
"Юнитрейд" компаниясынын жетекчиси Кирилл Лахиндин айтымында, казак-кытай чек арасындагы "Достык" - "Алашанькоу" эл аралык өткөөлүндө "Кытайдан Орусияга жана Беларуска бараткан каттамдар кошумча текшерүүгө жөнөтүлүүдө".
Емелин "бул убактылуу көрүнүш эмес, жаңы реалдуулук, Батыштын санкцияларын сактоону күчөтүү" деп эсептейт.
Анын айтымында, азыр ар бир тарап бири-бирин тыгындар үчүн айыптап, мыйзамдуу жүк үчүн тоскоол болбогонун билдирип келет.
Орусиянын Федералдык бажы кызматы 27-сентябрда жасаган билдирүүдө Орусия жана Казакстан "жүк ташууга эч кандай бут тоспогону, чек ара мыйзамдуу бизнес үчүн ачык экени" айтылат.
Сентябрдын этегинде Орусияга жүк ташыган кыргызстандык айдоочулар казак-орус чек арасындагы тоскоолдук жоюлбай жатканына даттанган.
Алар Кыргызстандан Орусияга жүк ташыган автоунаалардын айдоочулары 9-сентябрдан бери чек арадан өтүү кыйын болуп жатканын айтып чыгышкан эле. Буга казак тарап киргизген электрондук кезек күтүү системасынын талаптарынын күчөшү, ал эми Орусия тараптан талап кылынган тиешелүү документтердин жетишсиздиги негиз болуп жатканы айтылган.
Шерине