Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди.
Кармалгандар арасында швециялык экоактивист Грета Тунберг да бар экени белгилүү болду. Израил бийлиги "Грета жана анын достору коопсуздукта, аман-соо" деп билдирди.
Израил алар согуш жүрүп жаткан тилкеге жакындап калганын эскертип, багытын өзгөртүүнү сунуш кылганын маалымдады, алып келаткан жүгү жарытарлык эмес экенин, "элдин алдында жакшы көрүнүү аракети" гана болгонун белгиледи.
Быйыл июнда да Израил ушундай эле демилгени бөгөттөп, Газага деңиз аркылуу гуманитардык жардам алып бараткан кемелерди топтоткон. Ошол флотилияга да катышкан Тунберг Израилдин айыптоолорун четке кагып, "элдин көзүнө жакшы көрүнүү үчүн эч ким өмүрүн тобокелге салбайт болчу" деп 28-сентябрда журналисттерге билдирген.
Газа тилкесиндеги азыркы согуш туура эки жыл мурда ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп жарыялаган) тобу сектор тараптан Израилге кол салгандан кийин башталган. Израил ХАМАС чет элдик гуманитардык жардамдын көбүн өз максатында пайдаланып жатканын айтып, быйыл жазында жардам жеткирүүнү өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. (RK)
Шерине