Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

ТИМ "Азаттыктын" АКШга студенттик виза боюнча макаласына түшүндүрмө берди


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстанда АКШга студенттик виза алууда кыйынчылык көбөйгөнү тууралуу маалыматтарга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) түшүндүрмө берди.

ТИМдин маалыматына караганда, акыркы айларда АКШ миграциялык саясатынын алкагында студенттик визага арыздарды кароодо кошумча текшерүү чараларын күчөттү. Документтерди, каржылык мүмкүнчүлүктөрдү, академиялык даярдыкты жана башка маалыматтарды текшерүү процесси бардык өлкөлөрдүн жарандарынан талап кылынууда.

Министрлик АКШда билим алууну пландап жаткан кыргызстандыктарга керектүү документтерди алдын ала жана толук даярдоо, визалык анкетада маалыматты так көрсөтүү, визалык маекке убагында жазылуу жана башка эрежелерди сактоого чакырды.

“Азаттык” буга чейин кыргызстандык айрым студенттер быйыл АКШдагы университеттерге кабыл алынганы менен виза ала албай калганын жазган. Макалада онго жакын студент жана алардын ата-энелери элчиликтен терс жооп алып, анын так себебинен кабардар болбогонун билдиришкен.

АКШ президенти Дональд Трамп бийликке кайра келгенден кийин чет өлкөлүк студенттерге виза берүү саясаты катаалдады. Быйылкы жылы АКШ өкмөтү жаңы визалык эрежелерди кабыл алып, студенттик визаларды төрт жылдык чектелген мөөнөткө гана бере баштады.

Визага арыз бергендер америкалык консулдук кызматкерлерге социалдык тармактардагы өз баракчаларын көрсөтүү талабы киргизилип, «АКШ жарандарына, маданиятына, өкмөтүнө жана мамлекеттин негизги принциптерине кастыкты көрсөтө турган белгилерди» издөө тапшырмасы берилген.

АКШдагы Эл аралык билим берүү институтунун (IIE) Open Doors долбоорунун маалыматына ылайык, 2022-2023-окуу жылында АКШнын жогорку окуу жайларында 1 245 кыргызстандык студент билим алган. АКШнын Ички коопсуздук министрлигине караштуу SEVIS (Student and Exchange Visitor Information System) системасынын 2024-жылкы маалыматына караганда, Кыргызстандан F жана M категориясындагы активдүү студенттик визалардын саны 2 800дөн ашкан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG