Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Ташовдун соту котормочуга байланыштуу башка күнгө жылдырылды


Ишкер Имамидин Ташов сот залында. 2025, сентябрь
Ишкер Имамидин Ташов сот залында. 2025, сентябрь

Бишкек шаардык сотунда камактагы ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун апелляциялык арызы карала баштады. Бүгүн 26-сентябрга белгиленген сот отуруму котормочу жок болгондуктан 17-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Асел Аргымбаева "Азаттыкка" билдирди.

Имамидин Ташовду Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Райондук соттун өкүмүнө каршы адвокат шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ташовду былтыр апрелде камаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.

Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон.

Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

Жаза аткаруу кызматы ишкердин дооматтарын четке каккан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG