Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолуна байланыштуу адистерди даярдоочу академия ачылат


Бакыт Төрөбаев менен Ван Лисин баштаган топтордун жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан.
Бакыт Төрөбаев менен Ван Лисин баштаган топтордун жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай мамлекеттик темир жол корпорациясынын башкы директорунун орун басары Ван Лисин баштаган Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолукту. Бул тууралуу Министрбер кабинети кабарлады.

Жолугушууда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу практикалык баскычка өткөнү айтылды. Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, негизги уюштуруу жана административдик маселелерди чечүү боюнча иштер жүрүүдө.

Кездешүүдө ошондой эле Министрлер кабинети долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен координациялык кеңешмелер такай өткөрүлүп, курулуштун бардык этаптарында экологиялык жана коопсуздук эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды.

Төрөбаев менен Лисин мындан сырткары долбоордун алкагындагы негизги багыттар болгон жүк ташуу көлөмүн болжолдоо, темир жол адистерин даярдоо академиясын ачуу, Торугарт, Макмал, Жерге-Тал жана Жалал-Абад экономикалык аймактарын түзүү сыяктуу маселелерди да талкуулашты.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында расмий башталган.

Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

2024-жылы июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.

Долбоор наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн БДКга насыя катары берет. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылат.

Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Темир жолдун 40% тоннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG