Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ишин текшерди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган окуу жайда аттестацияны өткөрүү боюнча жобо жана тартип бузулганы аныкталган.
Натыйжада сегиз мугалимге тартиптик жаза берилип, Маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, бир окутуучу ээлеген кызматынан бошотулду. Жогорку билим тууралуу төрт диплом жокко чыгарылды.
Атайын кызмат буга чейин Бишкек шаарындагы, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жогорку окуу жайлардан ондогон студент чыгарылганын, кылмыш иштери козголгонун билдирген.
Жайында Караколдогу ЖОЖдордон 941 студент чыгарылганы белгилүү болгон.
Буга чейин УКМК Бишкектеги Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинен 12 студент чыгарылганын маалымдаган.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен 3 миңге чукул студент окуудан чыгарылып, кылмыш иштери козголгон. Атайын кызмат маалымдагандай, бул студенттер тизмеде болгону менен окууга барчу эмес.
Ага чейин атайын кызматтын текшерүүсүнөн кийин Нарын мамлекеттик университетинде, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде дагы ондогон студенттер окуудан чыгарылган жана кылмыш иштери козголгон. Арасында чет өлкөлүк жарандар да болгон. (КЕ)
Шерине