Тышкы иштер министрлиги Красноярскиде концерт учурундагы рейдде кармалгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экенин "Азаттыкка" билдирди. Ага карата административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. ТИМдин маалыматына караганда, кыргызстандык мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылышы мүмкүн. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экени белгиленди.
23-сентябрда Красноярскиде полиция борборазиялык мигранттардын концерти өтүп жаткан маалда бастырып кирип, рейд жүргүзгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, имараттагылардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын жарандары болгон. Полиция кызматкерлери залдагы 620 адамдын документтерин текшерген. Алардын ичинен 210у эмгек мигранттары экени аныкталган. Сегиз адам "Орусияда мыйзамсыз жүрөт" деген жүйө менен кармалган.
Күбөлөрдүн айтымында, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн бири алып баруучунун микрофонун алып, документтерди текшерүүгө даярдоону талап кылган.
Полициянын расмий билдирүүсүндө аталган рейд "баңгизатка каршы операциянын" алкагында жүргүзүлгөнү айтылды. Видео интернетте тарап, резонанс жаратты. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары куралчан жана иттер менен кирген полиция кызматкерлеринин аракетин сынга алып, бул окуяны мигранттарга каршы маанайдын дагы бир көрүнүшү деп баалашты.
2024-жылы Москвадагы Крокус Сити Холлдо кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга терс мамиле күчөгөн. Бул кол салууга тиешеси бар деген шек менен тажикстандыктар кармалган эле.
Соңку бир жыл ичинде Орусияда мигранттарга шартты катаалдаткан бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Ошол эле учурда милиция, укук коргоо органдарынын кысымы күчөдү. Кремль муну “мыйзамсыз миграцияга каршы жасалган рейд” катары сыпаттайт.
Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүктөрдү айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу. (КЕ)
ТИМ: Красноярскидеги рейдде кармалгандар арасында Кыргызстандын жараны бар

Шерине