Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин АКШдагы сапары учурунда билдирди. Fox News телеканалынын эфиринде журналисттин орус-украин сүйлөшүүлөрү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал жолугушуу үчүн нейтралдуу аянтча катары сунушталган бир катар өлкөлөрдү атады.

"Трамптын жана менин командам, европалыктар, Макрон жана башка лидерлер, Түркиянын президенти, баарыбыз Түркия, Сауд Арабия, Катар, Европанын нейтралдуу өлкөлөрү, Австрия, Швейцарияда жолугушууну сунуштадык. Биз кайсыл жерде болсун, мисалы, Казакстанда болобу, биз даярбыз", - деди Зеленский.

Ал украин тарап эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда өтсүн деген талап менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин кошумчалады.

Мурдараак орус президенти Владимир Путин жолугушууну Москвада өткөрүүнү сунуштаган. Зеленский муну "ишке ашпаган" вариант деп атаган. Буга жооп катары Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РБКга курган маегинде Зеленскийдин Москвага келүүдөн баш тартканына таң калганын билдирген.

Москва жолугушууну Казакстанда өткөрүү сунушуна жооп бере элек, бирок Украинанын Швейцария жана Австрия сыяктуу өлкөлөрдө өткөрүү сунушу “кабыл алынгыс” экени белгиленген.

Астана бир нече жолу дүйнөлүк геосаясий маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдө аянтча болуп келген. Казакстандын баш калаасында Сириядагы аскерий жаңжалды жөнгө салуу боюнча көптөгөн сүйлөшүүлөр өткөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына катышканы барган казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен украин президенти Владимир Зеленский 23-сентябрда эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, Украинадагы согушту токтотуу жолдорун жана келечекте Украинаны кайра куруу иштерине казак компанияларын тартуу мүмкүндүгүн талкуулашкан.

Эки лидердин беш жылдан берки алгачкы жолугушуусу толугу менен англис тилинде өткөнүн казакстандык делегация билдирген. Токаев украин тарап менен дипломатиялык алаканы улантуу зарыл экенин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG