Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Бишкектен 34 гектар жер бөлүндү. Батыш автобекетин кура турган инвестор ким?


Министрлер кабинети турак жай жана коммерциялык курулуштар үчүн "Инвест Кей Жи Холдинг" компаниясына Бишкектен 34 гектар жер тилкесин берүү чечимин чыгарды. Анын 2,2 гектар жери мурдагы Батыш автобекети.

Автобекеттин имараты ретроавтоунаалар үчүн музей болору айтылган. 27 гектар жер тилкеси "Жаштар" жана "Октябрдын 40 жылдыгы" парктарынан бериле турган болгон. Бул эмне болгон компания жана ага берилип жаткан жер тилкелери тууралуу айтып беребиз.

Бишкектеги Батыш автобекети жана ага танапташ жайгашкан жер тилкелерин жеке компанияга берүү чечими ушул аптада белгилүү болду. Өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койгон токтомго таянсак, инвестор менен келишимди 28-апрелде Министрлер кабинети түзгөн жана Бишкек мэриясына 34 гектар (33,83 га) жер тилкесин тоорук (аукцион) өткөрбөстөн “Инвест Кей Жи Холдинг” компаниясына 49 жылга пайдаланууга берүүнү сунуштаган. Эртеси күнү Бишкек мэриясы дагы жерди инвестициялык долбоорлор үчүн мөөнөттүү пайдаланууга берүү боюнча келишим түзгөн.

Мэрияга кайрылганыбызда, анын кызматкери долбоор Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө тургандыктан, медиа үчүн маалымат өкмөт жана инвесторлор менен макулдашып гана берилерин, ал үчүн кат жүзүндө кайрылуу керектигин билдирди.

Инвестициялык компаниянын директору Оксана Янковская жооп берүүдөн баш тартты.

“Мен кабарчылар менен сүйлөшпөйм. Бардыгын мэриядан аласыңар. Азыр сизге айтар эч нерсем деле жок. Ошондуктан, аларга кайрылууну сунуштайм”.

“Инвест Кей Жи Холдинг” компаниясы шаардын башка аймагында “Тазалык” муниципалдык ишканасы үчүн административдик жана андан сырткары эки имарат куруп бериши керек. Батыш автобекетинин имаратын ижарага берүү, жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү жана объектилерди куруу укугу менен ретроавтомобилдер музейин уюштуруу каралган. “Жаштар” жана “Октябрдын 40 жылдыгы” сейил бактарын реконструкциялашы жана көрктөндүрүшү керек. Батыш автобекетинин маңдайындагы Жибек Жолу проспектисиндеги жер астындагы өтмөктү оңдоп, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү каралган.

Ростов жана Ала-Арча көчөлөрүндөгү объектилердин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенден кийин, алардын 10% Бишкек мэриясына өткөрүлүп берилет же болбосо ошого барабар сумма борбордун бюджетине которулат. Калган объектилер “Инвест Кей Жи Холдингдин” менчиги болуп калат.

"Шаардык кеңештин укугу чектелүү"

Мэриянын маалыматында келишим “турак жай жана коммерциялык объектилерди курууга, реконструкциялоого жана жакшыртууга инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашырууну” көздөй турганы айтылган.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматовдун айтымында, муниципалдык жерлерди инвесторго ижарага берүүдө шаардык кеңештин кийлигишүү укугу чектелген. Ал Бишкекте кайсы бир мөөнөткө ижарага берилген жерлерге түбөлүктүү объектилерди куруу эрөөн-терөөн болбой калганын айтат.

“Шаардагы жерлердин бардыгы комплекстүү бир компания менен келишим түзүлүп, ижарага берилди деп атпайбы – ал материалдар шаардык кеңешке кирбейт. Сессия болгондо деле бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн, бирок жөн эле талкуу болот. Биздин уруксат бергенге укугубуз жок. Башкы планда автобекет, мисалы, "бир коомдук ишкана", анан кийин “ии” деп туруп, "көп кабаттуу турак жай курууга" деп коюшу мүмкүн. Жерде бир эле багыт жазбайт, төрт-беш багыты болуп калат. Ошого жараша булар кайсынысына туура келсе, ошонусу менен куруп кете бериши мүмкүн. Мисалы, сейсмология жагынан болобу-болбойбу деп, болот десе кура берет. Куруп эле атпайбы. Бизде борбордун чок ортосунда эле толтура 12-15 кабат үйлөр курулуп бүттү го. Беш жылдык, 49 жылдык жашыл китеби менен эле куруп салды. Эгерде ГПИден ошондой уруксат берилген болсо, мисалы сиз 5 жылга ижарага жер алдыңыз, ошого ылайык 12 кабат үй сала аласыз десе, ижара акысы менен аласыз дагы, салып туруп сатып жибересиз. А тиги сатып алган адамдар ижарасын төлөп жүрө берет өмүр бою. Ижара акысы кала берет. Мунун муниципалитетке пайдасы – өмүр бою ижарасын алат”.

"Тышкы инвесторлорду курулушка эмес, технологиялык долбоорлорго тартуу керек"

Батыш автобекетин мамлекетке алуу жана анын жерин инвестициялык долбоорго колдонуу иши 2-3 жылдан бери айтылып келди. 2024-жылдын май айында президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев айтып чыккан эле. Туманбаев автобекеттин ишин текшерүүгө барып, Бишкектеги автобекеттер шаар сыртына чыгарыларын жана бул президенттин демилгеси экенин билдирген. Батыш автобекеттин имараттары оңдолуп, аларга калкты тейлөө борборлору, мамкаттоо өңдүү мамлекеттик мекемелер жайгаштырыларын айткан.

Октябрда автобекет ишин толук токтотуп, анын аймагындагы ижарада олтурган ишкерлер менен келишимдер үзүлгөн. Көп өтпөй Министрлер кабинети автобекетти Мамлекеттик мүлк фондунун карамагынан чыгарып, Бишкек мэриясынын колуна өткөргөн.

Ноябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев журналисттер менен жолугушуп жатып, автобекеттин ордуна заманбап объект куруу боюнча инвестициялык долбоор бар экенин айткан. Бирок, кандай долбоор жана инвесторлор ким экендигин тактаган эмес.

Автобекетти жана анын жака-белиндеги ири аянттарды узак мөөнөткө ижарага берүүнүн жана чет элдик инвесторду тандап алуунун тартиби менен жүрүшү ачык-айкын болгон жок. Шаар ортосунда өлкөнүн чар тарабынан каттаган жүргүнчү каттамдарынын башын бириктирген автобекетти капыл-тапылынан шаар сыртындагы эч шарты жок талаага көчүрүп салышы коомдогу күдүк ойлорду көбөйтүп салды.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын ичиндеги кыймылды тейлеген бойдон калып, шаар аралык каттамдар үчүн чет жакага дагы эки автобекет куруу туура болмок деген пикирде. Ал ырас калаа ортосундагы чоң аянттарды натыйжалуу иштетиш керек болсо, шаар куруу, курулуш жаатындагы долбоорлорду ички инвесторлорго берип, тышкы инвесторлорду ири жана технологиялык долбоорлорго тартуу зарыл деп эсептейт.

“Негизи курулуш жаатында чет элдик инвесторлор эмес, ички инвесторлорду колдоо, шарт түзүп берүү мамлекеттин биринчи милдети болушу керек. Эгер ошончолук эле кура турган болсо, биздин ички инвесторлор, өзүбүздүн курулуш компанияларынын деле дарамети жетиштүү. Ал эми тышкы инвесторлорду ири, технологиялык долбоорлорго чакырсак болот. Маселен, кен байлыктарды иштетүү, сейрек кездешүүчү металлдарды казып чыгуу, аларды кайра иштетүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу сыяктуу долбоорлорго тышкы инвесторлорду тартуу керек. Аларды сынак аркылуу чакырып, кандай шарттарда берилип жатат, ким жоопкерчиликтүү деген маалыматтардын бардыгы ачык болушу зарыл”.

Инвестор ким, анын аброю кандай?

“Инвест Кей Жи Холдинг” компаниясы 34 гектар жерге ири инвестиция салам деген келишим түзгөндөн туура 3 ай мурда же 27-январда түзүлгөн. Негиздөөчүсү кипрдик ишкер Алексей Губарев менен ага таандык INVEST KG HOLDING LIMITED компаниясы болсо, жетекчиликти Оксана Янковская аткарары көрсөтүлгөн. Экөө ошол эле датада дагы бир “Автовокзал Музей” деп аталган ишкананы каттатышкан. Кипрдин компаниялар реестрин карасак, ал жакта Алексей Губаревдин наамына 60 компания катталган.

Губарев технологиялык жана инвестициялык чөйрөдө таанымал, бирок чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө каарман болгон ишкер. Анын ысымы алгачкы жолу 2017-жылы BuzzFeed басылмасы мурунку британ тыңчысы Кристофер Стилдин ал тууралуу макаласын жарыялаганда белгилүү болгон. Эл аралык басылмаларда жарыяланган маалыматтарга караганда, Губарев менен анын технологиялык компаниялары Орусиянын Федералдык чалгын кызматы (ФСБ) менен тыгыз кызматташып иштейт.

Июндун башында журналист Болот Темиров инвесторлор тууралуу иликтөө жасаган.

“Янковская мурда Орусиядагы Усть-Илимск шаарынын вице-мэри болгон. Ал жерде ал мүлк жана курулуш иштерин башкарган. Ал эми эки компаниянын кожоюндары Кипрдеги фирмалар. Бири жаңы эле ачылган, экинчиси, 15 млн еврого бааланган кымбат автоунаалардын ээси. Экөөнүн тең артында турган ысым – Алексей Губарев. Кызыгы, Янковская сыяктуу эле, Губарев да Усть-Илимскиден чыккан. Орусияда иш баштап, кийин Кипрге көчүп кеткен. Ал жакта IT компанияларын ачкан”, - дейт Темиров.

Темиров иликтөөсүндө Губаревдин орус олигархы Роман Абрамович менен өнөктөш экенин жана 2023-жылы Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен жолугуп кеткенин айтууда.

Бул маалымат боюнча өкмөт өкүлдөрү эч кандай комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG