- Талайбек Жаркынбаев, Ош мамлекеттик университетинин “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт
Сан-Таш - Ысык-Көл облусунун Кеген ашуусуна жакын, деңиз деңгээлинен 1992 метр бийиктикте Түп дарыясынын оң жээгинен түндүк тарапта жайгашкан байыркы археологиялык эстелик. Анын аталышы "саноочу таш" деген маанини билдирет. Таш дөбөнүн өлчөмдөрү: бийиктиги 4 метр, дөбөнүн түштүктөн түндүккө узундугу 53 метр, батыштан чыгышка туурасы 50 метр, дөбөнүн аянты 2246,53 чарчыны түзөт. Археологдордун айтымында, ал жерде 3500 куб метрден ашык таш топтолгон.
1970-жылдардагы археологиялык изилдөөлөрдө Сан-Таштын тегерегинде байыркы кербен сарайдын урандыларын аныкташкан. Бул жайга кербенчилер токтоп, сыягы ашуудан өтүүнү жеңилдетүү үчүн тамактанып эс алышкан. Казуу иштеринин натыйжасында үйүлгөн таштардын тегерегинде бөлмөлөр, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, ал тургай жыйындар каанасы табылганы аныкталган. Ошондой эле биздин заманга чейинки VI-I кылымдардагы көчмөн уруулардын (сактар жана усундар) дооруна таандык, сак, усун урууларынын башчылары көмүлгөн 200дөн ашуун байыркы коргон көрүстөндөр бар экендигин божомолдонгон.
Эл оозундагы Сан-Ташка байланыштуу уламыш
Анын чоо-жайы мындай: XV-кылымда Амир Темир хандын (Тамерлан) буйругу менен аскерлери жортуулга чыгарда ар бир жоокер бирден ташты чоң дөбөгө таштаган. Жоокерлер согуштан кайтканда, аман калгандары таш алып экинчи жерге таштаган. Натыйжада эки дөбө пайда болгон. Биринчи дөбөдө калган таштар каза болгон жоокерлердин жана согуш окуяларынын символу болуп калганы уламыш катары айтылат. Сан-Таштын уламышы ушундай. Көчмөн элдин эс тутумунда ушул уламыш бекем орноп калган.
Казак элинин тунгуч этнограф окумуштуусу, саякатчы Чокан Валиханов да 1857-жылы Ысык-Көл, Каркыра жергесинде болуп, эл оозунда айтылган Сан-Таш уламышын кагаз бетине төмөндөгүдөй мааниде баяндайт:
“Сан-Таш – саноочу таш. Бул аталыш өз атын бир дөбөгө коюлган таштардын үймөгүнөн алган. Дөбөнүн бийиктиги 3 метр, айланасы 35 метр. Эмир Темир-Көрөгөн (Чыгышта Темир-Куркан эмир) Каан-Чиндин (Каан-Чин — Кытайдын императорунун титулу) кызын гаремине алуу үчүн Кытайга жортуулга аттанганда ар бир жоокерине бир жерге таш коюуну буйруган. Кайра кайтып келгенден кийин ал бардык жоокерлерге таш алып, башка жерге коюуну буйруйт. Ал калган көтөрүлбөгөн таштар боюнча өзүнүн жоготкон аскерин аныктаган. Бул тарыхый маалыматтар аталган уламышка толугу менен карама-каршы келет. Тамерлан Кытайга чындап аттанган, бирок Самарканддан чыга электе эле Отрар шаарында каза болгон. Кытайга жеткен эмес. Орто Азиянын бардык уламыштарында Тамерлан орто кылымдардагы Улуу Карлдын рыцарлык поэмаларында жана орус жомокторунда Владимир Кызыл Күн сыяктуу башкы ролду ойнойт. Түркстан бардык мечиттерди жана бардык байыркы суу түтүктөрүн өзүнүн жеңүүчүсү Амир Темир Сахиб-Көрөгөнгө (дүйнөнү багынткан) таандык кылат. Кандай болгон күндө да Сан-Таш дөбөсүн куруу көп адамдарды, көп эмгекти талап кылган, албетте, өткөн элдердин биринин жашоосундагы кандайдыр бир орчундуу фактыны кийинки күндөргө мурас кылып калтырган эстелик”.[Чокан Валиханов. Избранные произведения. -М., 1986. 27-28 бб.]
Чокан Валиханов эл оозундагы Амир Темирдин Кытайга болгон жортуулун төгүнгө чыгарып, орто кылымдагы зоболоңдуу окуяларга, шаар, мечит курулуштарына, кайсы бир коомдук кубулуштарга Амир Темирдин ысымын ыйгара берүү адаттарды учкай эске салган. Ушундан улам Валихановдун Сан-Таштын Амир Темирге байланышкан уламышына күмөн санагандыгын байкоого болот. Эң башкысы Валиханов XIX кылымдын орто ченинде өз көзү менен көргөн Сан-Таштын бийиктиги азыркы учурда бир метрге чейин бийиктеп, узундугу 18 метрге чейин узаргандыгын байкайбыз. Сыягы азыркы көлөмү тегерегиндеги майда үйүлгөн таштардын эсебинен чоңойсо керек.
Чыгыш таануучу, профессор Өмүркул Караев да өз эмгегинде эл оозунда айтылган Сан-Таш уламышын эске албаса да, Амир Темирдин баскынчылык жортуулун даңазалоодо ойдон токулган окуяларды кошуп жиберген Амир Темирдин тарыхнаамачыларынын (Шами, Йезди, Самарканди) апыртмаларын учкай белгилей кетет [О.Караев. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. -Бишкек, 1995. -55 б].
Советтик академик, чыгыш таануучу В.В. Бартольд Амир Темирге байланыштуу дагы бир уламышты эске салат: “Амир Темир Ысык-Көлдүн ортосундагы аралга чеп курган, Кичи Азиядан татарларды да көчүрүп алып келип жайгаштырган. Бул сыягы, Хайдер-мырза (Мухаммед Хайдер) Койсу, деп аталган чептин өзү болушу ыктымал. Азыркы кезде көлдө аралдар жок. Арал жер титирөөдөн улам, анда курулган чеп менен кошо чөгүп кетиши мүмкүн” [В.В.Бартольд Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. -Бишкек, 1997. -454 б].
В.В.Бартольд көл алдында калган шаардын, чептердин курулушун Амир Темирге ыйгара салууну жомок катары ырастайт.
Амир Темирдин өмүр таржымалын, жашоо-шарттарын, жортуулун, талоончулугун терең изилдеген британиялык тарыхчы Хильда Хукхем Сан-Таш уламышынын маанисин бир аз бурмалоо менен төмөндөгүдөй сүрөттөйт: “Бул мезгилдеги уламышта Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Тянь-Шань тоолорундагы Сан-Таш ашуусунан өйдө көтөрүлгөндөгү топтолгон таш жөнүндө тынымсыз айтылат. Амир Темирдин “жетелерге” ( “каракчылар”, “эркин көчмөндөр”, моголдорго карата кемсинтме мааниде айтылган - автор) каршы кайсы бир жортуулунда, ар бир аскерине таш алып бир жерге топтоого буйрук берген.
“Жетелерди” талкалап кайткан кезде үймөктөн таш алып Самаркандга кайткан. Согуш майданынан тирүү калгандарын Самаркандга келгенде эсебин алган. Сахиб Кирандын (Сахиб Киран - "бактылуу", "жеңүүчү". Амир Темурга Сахиб Киран наамы ыйгарылган – автор) ар бир жеңишинин курмандыгы канчалык чоң болгонун ушул күнгө чейин тастыктап турган чоң таш дөбө калды”. [Хильда Хукхем "Властитель семи созвездий", Ташкент, 1995. -85 б].
Амир Темир Теңир-Тоодо болгонбу?
Чындыгында Амир Темир моголдордун ээлигиндеги Теңир-Тоо аймагында кызыл кыргынга кабылып сан жеткис аскерин жоготконбу?
Эгерде Амир Темирдин аталган аймактагы согуштук, талоончулук жортуулунун хронологиясын тизмектесек, эмирдин андай сан жеткис аскердик курмандыктарга, жоготууга кабылганы тууралуу тарыхый фактыларды таппадык. Тескерисинче, Амир Темир моголдордун ханы Камар ад-Диндин аркасынан Иле, Балхашка чейин сая кууп, “жетелердин” таш талканын чыгарган тарыхый фактыларга гана күбөбүз. Амир Темир Ысык-Көлдүн аймагы аркылуу бир нече жолу Камар ад-Динге каршы согуштук жортуул жасаган.
1371-жылы Амир Темир Камар ад-Диндин аскерлеринин изине түшүп, Ысык-Көлгө чейин жеткен, тилеке каршы бул аймак дээрлик ээн калган эле. 1375-жылы Амирдин Сайрам, Талас аркылуу жортуулунда Камар ад-Диндин аркасынан куугунтук салган Амирдин баласы Жахангир моголдордун ханын туткундай албады. Бирок, Амир Темир эбегейсиз могол туткундарын колго түшүрүп, баалуу байлыгын олжолоду. Анын аскери Теңир-Тоодо жеңишин эки ай бою белгилеп сайрандашты. Айтмакчы, куугун салган Жахангир Камар ад-Диндин агасы Шамс ад-Дин дуглаттын аялы Буйан-ага менен анын кызы Дилшат-аганы туткундады. [О.Караев. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. -Бишкек, 1995. -56 б]. Амир Темир моңголдордун салты менен могол дуглатынын кызы Дилшат-агага никеге туруп, музыкасы, виносу жок той өткөрдү [Хильда Хукхем, Властитель семи созвездий. -Ташкент, 1995. -85 б].
Амир Темир 1376-жылы Хорезмге аттанып кеткенде, Камар ад-Дин Өзгөндүн айлана-тегерегин талап-тоноп артына кайткан. Амир Темир анын артынан сая түшүп кубалап олтуруп, Арпа жайыгына (Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы бийик тоо өрөөнү - автор) келген Камар ад-Диндин аркасынан жете келди. Мына ушул жерде Камар ад-Диндин 4000 миңдин тегерегиндеги аскери Амир Темирдин катуу соккусуна кабылды.
Амир Темирдин уулу Омор-Шайык 1377-жылдагы төртүнчү жортуулунда борбордук Теңир-Тоо жана Жети-Суу аймактарын бүлүндүрүп, чоң олжо менен артына кайткан. Ошол учурдан баштап, Мавераннахрда могол кулдары пайда боло баштаган. Уулунун бул "жеңишине" ичи тардык кылып, кызганган Амир Темир бешинчи ирет Моголстанга Камар ад-Динге каршы жортуулга өзү аттанган. Темир аскерлери Камар ад-Диндин Ысык-Көлдүн Боом капчыгайына келген аскерлерине жетип, Кочкорго чейин жапырып барып катуу талкалаган. Бул жерден да моголдордун ханы жанын аман сактап Иле тарапка качып кетүүгө үлгүрдү.
Амир Темир колго түшкөн могол туткундары, эпсиз олжо менен Жумгал, Ак-Талаа аркылуу Өзгөнгө ашып, Самаркандга бет алды. [А. М. Кылычев "Моголстан мамлекети жана эмир Темирдин Моголстан менен алакасы". История кыргызстана и кыргызов]
Бул аймакта байыр алган көчмөн уруулар эмирдин аскеринен кооптонуп бир бөлүгү чыгышка – Иле менен Иртыштын аралыгындагы аймакка, экинчи бөлүгү эмирдин аскери жеткис тоо койнуна кире качкан. Кызыл кыргындан аман калган көчмөндөр Иленин ары жагындагы Тарбагатайга чейин журт которуп көчө качышкан. Теңиртоолук кыргыздардын айрым бөлүгү Амир Темирдин аскери тарабынан Самаркандга чейин туткундалып кеткендиги тууралуу уламыш, Сайфидин молдо Шах Аббас Аксыкендин “Мажму атут-товарих” (тарыхтардын жыйнагы) жыйнагында чагылдырылат. 1399-1400-жылдары согуш маалында эмирзаада Искендер теңиртоолук кыргыздардын сулуу кыздарынан бир нече тогуздап Амир Темирге жөнөткөндүгү тууралуу, эмирдин замандаш тарыхчысы Абд ар-Раззак Самарканди баяндайт. [Т.К.Чоротегин, К.С.Молдокасымов. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы. -Бишкек, 2000. -57-58 бб].
Амир Темирдин Теңир-Тоо менен Жети-Суу аймагында моголдорго каршы согуштук, талоончулук жортуулунун хронологиясы мына ушундай. Амир Темир эч кандай кызыл кыргынга, аскердик жоготууга кабылбаптыр. Амир Темир бул аймакка келген жортуулунда сансыз могол туткундары, эбегейсиз олжо менен Самаркандга кайтып турган. Тескерисинче моголдордун ханы Камар ад-Диндин аскери менен жергиликтүү көчмөндөр жабыр тарткан. Демек, Сан-Таштын Амир Темирге байланыштырып айтылган уламыш негедир тарыхый чындыкка коошпой турат.
Айтмакчы Амир Темирдин тарыхнаамачылары Мырза Муххаммад Хайдардын, Сайф Аддин-Аксыкенттин, Рашид Ад-Диндин, Низам Ад-Дин Шаминин, Шараф ад-Дин Али Йездин, Натанзи Му'ин ад-Диндин, Абд Ар-Раззак Самаркандинин тарыхында [Хрестоматия по средневековой истории Кыргызстана (XIII-XVIII вв.). -Бишкек, 1996] Сан-Таш уламышы боюнча ныпым маалымат жок. Амир Темир империясынын ээлигинин аймагына Борбордук Азиянын басымдуу бөлүгү кирген, андан ары Кавказ, Кичи Азия, Сирияга чейин жеткен, түштүгү азыркы Ооганстан, Пакистан, Иран, Ирак Индияга чейин созулган. Эмирдин бул аймактарды басып алуу үчүн болгон жортуулу, албетте кызыл кыргын, аскердик жоготуулар менен коштолгондугу маалым. Эгерде, Амир Темир аталган аскердик жоготууларын таш менен аныктаган ыкманы колдонгондо Мавераннахрдан Сирияга, түштүгү Индияга чейин, чыгышы Казакстандын аймактарында үймөк таштар толуп кетмек. Сан-Таш тууралуу Амир Темирге байланышкан уламышка шек жараткан жеке пикирибизди айттык.
Жоромол: Сан-Таш сыйынуу жайы эмеспи?
Эми, Сан-Таш уламышына төмөнкү жоромолду (версия) ортого салабыз.
Сан-Таш мүмкүн “обо” жайы, тагыраак айтканда шаман доорундагы сокралдык (ыйык, касиеттүү) сыйынуу жайы эмеспи?
Советтик белгилүү этнограф, түрколог, профессор С.М.Абрамзон: “К.К.Юдахиндин “Кыргызча-Орусча сөздүктүн” жаңы басылышында “обо” кыргыз тилинде – таштардын үймөгү, таш дөбө дегенди – тоо рухуна таюу (табынуу же курмандык чалуу – автор), дегенди билдирерин тактагандан кийин (алтайлыктарда “обого”, “обо” – тоо рухунун урматына тайылган таштардын үймөгү) бул терминди өткөн убакта кыргыздарда орун алган диний сыйынуулардын обьектилери (кайсы бир жерлерде азыр да кезиге турган), алардын ичинде ашууларда (Сан-Таш да мына ушундай локацияда жайгашкан – автор), тоо капчыгайларынын өзгөчө урунтуу жерлеринде жайгашкан объектилери менен салыштырып көрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул үймөк таш, таш коргон, ал эми кээде топурак кыштан жасалган үй түрүндө – айрыкча бийик тоолуу райондордо Памир-Алай, Теңир-Тоо кыркаларында көп учурайт.
Бул ыйык тутулчу жерлерде азыр бардык жерлер “обо” эмес, мазар деп аташат. Алар мусулманчылыктын ыйык элементтеринин бирине айланып кеткен. Алардын жанында жалгыз-жарым, кээде бир топ бейиттер болот. Кыргызстандын бүткүл аймагында учурай турган жергиликтүү ыйык жайлар – мазарлар көпчүлүгүндө “обо” сыяктуу түшүнүктөн келип пайда болгон. Бул мазарлардын культу турмуш-тиричиликтеги исламдын, айрыкча олуялар культтун ажырагыс бир бөлүгү болуп калгандыктан, муну мусулман диний ишенимин активдүү жолдоочулары кеңири пайдаланышкан [С.М.Абрамзон Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. -Бишкек, 1999. -210-211 б.б].
Кыргыздар, казактар жашаган аймактарда исламдын таасиринин жайылышы менен “обонун” культтук мааниси төмөндөп бара жаткандыгын Чокан Валиханов мындай жазып калтырган: “...курмандык чалып жатып, дуба кылган казак тайылган малдын белгилерин кошо айтаарын..., кыргыздар да кенедей эле кырсык болсо кудай деп... же арбактарга арнап мал союшат, курмандыкты “обонун” жанында эмес, ата-бабанын бейитинде чалышат” [Чокан Валиханов. Собрание сочинений т. I -Алма-Ата, 1962. 477-478 бб].
“Обонун” этимологиясы монгол тилинен «овоо» - үймөк деген маанини туюндурат. Сибир элдеринин тарыхый адабияттарында «овоо» - монголдордун, калмактардын, буряттардын, тувалардын, хакастардын, казактардын жана кыргыздардын шаман маданиятындагы ыйык жерлери деп берилген. Аталган элдердин арасындагы “обо” культунун параллелдерин, этногенетикалык байланыштарын советтик этнограф, профессор Е.Г.Кагаров абдан терең талдаган [Е.Г.Кагаров. Монгольские “обо” и их этнографические параллели. Сб. МАЭ, т.VI., 1927, стр.115-124].
Кыргызстандын аймагында “обо” таштардын культтук мааниси жоголуп мазарларга же кайсы бир тарыхый инсандардын “салымына” (Сан-Таш, Таштар-Ата, Тастар-Ата уламыштары сыяктуу) айланып, тарыхый болумушун жоготкон. Азыркы тапта монгол, калмак, бурят, тува, хакастардын “обого” сыйынуусу культтук салттарынын бир бөлүгү болуп саналат. Ал “ободо” рухтар жашайт же рухий күч объектилери катары сыйынуу аркылуу чагылдырылган. “Обо” адамдарга курмандыктарды жана сыйынууларды аткарган ритуалдык борбор катары кызмат кылат. Ошондой эле асмандан түшкөн рухтар менен табигый күчтөрдүн ортосунда байланыштар так ушул “ободо” ишке ашат деп эсептешет.
Кыргызстандын аймагындагы Сан-Таш (Каркыра жолунда), Таштар-Ата (Чүйдө), Тастар-Ата (Тоңдо) жана Алай, Памир тоолорундагы үйүлгөн таштар шаман доорунан калган байыркы элдин тарыхый мурасы болуп жүрбөсүн, мүмкүн монгол же калмак доорунан калган окшойт.
Шерине