Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:44

Википедиянын кыргызча барагы жана айдыңдык “ашар” ыкмасы


Кыргызча "Википедия" акырындап телчигүүдө. 03.6.2023.
Кыргызча "Википедия" акырындап телчигүүдө. 03.6.2023.

“Википедиянын” кыргызча барагы – эне тилибиздеги тексттердин интернет коруна кеңири жайгаштырылышына огожо болгон маалымат кампасы. Эгерде мурда “Википедиянын” көйгөйлөрүнө үстүрт карап жатышкан болсо, эми кыргыз айдыңдарынын арасында бул маселеге да астейдил көңүл бөлгөндөр көбөйдү. Бирок дагы эле ыкшоолугубуз байкалат. Тарыхчынын блогу.

Жакында намыска тийген өтө эле бир беткей маалымат көзгө чалдыкты.

Орусиялык “Спутник” кабар агенттигинин жана башка кремлчил маалымат каражаттарынын 2024-жылдын декабрындагы жарыясына караганда, Кыргызстанда интернет аркылуу маалымат издегендердин 100 пайызы “Гуглдан” (Google) жалаң гана орус тилинде издешет имиш. Ошол 100 пайыз дегенге шегим күч.

Менимче, медиа аркылуу жайылтылган бул маалымат чындыктан алыс, анткени азыркы Кыргызстанда англис, түрк, немис, француз, ханзу жана башка тилдерди билген, “Гуглдан” кыргыз тилинен башка ушул сыяктуу чет тилдерде да маалымат издеген кыргыз жарандарыбыз арбын.

Баса, “Гуглдан” кыргызча маалымат (билги) издегениңизде, сөзсүз түрдө кыргызча “Википедиядагы” (мындан ары аны “Вики” деп эле кыскартып берели) сөздүктүк макалалардын аталыштары изделген интернеттик булактардын үстүнө калкып чыга берет.

Кыргызча “Вики” ашар ыкмасына гана таянат

“Викинин” кыргызча барагынын көйгөйлөрү жаатында буга чейин бир нече ирет жазган элек, ал түгүл тилектеш жаштардын жана айрым расмий жетекчилердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен биргелешип, Кыргызстанда атайын семинарлар, дарстар, жолугушуулар да өткөргөн болчубуз.

Кыргызча тексттерди санариптик жана интернеттик тармактарга жайылтууга дилгир жана чыгармачыл жарандарыбыздын бири, кесиби боюнча архив таануучу Чоробек Сааданбек инибиз менен Гонконгдогу эл аралык “Викимания” деген жыйынга да катышканбыз.

“Викимания–2013” жыйынында. Ч.Сааданбек, Ж.Уэйлс жана Т.Чоротегин. 09.8.2013.
“Викимания–2013” эл аралык жыйынынын катышуучулары (солдон): Чоробек Сааданбек, Жимми Уэйлс жана Тынчтыкбек Чоротегин. Гонконг, КЭР. 09.8.2013.

2015–2016-жылдары Кыргыз Республикасындагы энциклопедияларды басмага китептер түрүндө ырааттуу жарыялап келген мекеме – "Кыргыз энциклопедиясы" Башкы редакциясы (ал кезде аны академик Үсөн Асанов агай жетектечү) – өз демилгелүү викичилер тобуна опол тоодой жардам көрсөттү. Тактап айтканда, КЭ Башкы редакциясы өз карамагындагы миңдеген кыргызча макалаларды “Викиге” жайгаштырууга уруксат берди. Албетте, алар түздөн-түз (механикалык түрдө) жарыяланбастан, кыскартылып, редакцияланып, онлайн энциклопедиянын жаңы сапаттарына шайкеш кылынып, макалалардан “Викидеги” башка макалаларга “көпүрө” түшүрүлүп жарыяланып жатты.

Негизи, эч бир тилдеги “Вики” барагы өкмөттүк болуп саналбайт. Алардын бардыгы – эркин маалымат топтомдору. Дал ошондуктан кубаттуу мамлекеттик идеологиялык цензурага гана таянган көптөгөн диктатордук жана авторитардык режимдерде “Википедияга” тыюу салынып келет.

Кытайда “Викинин” бардык тилдердеги барактары 2019-жылдын 23-апрелинен бери бөгөттөлүп турат. Ага чейин “Викинин” ханзу, уйгур тилдериндеги барактары гана бөгөттөлгөн учурлар болгон.

(Караңыз:

https://en.wikipedia.org/wiki/Wikimedia_censorship_in_mainland_China).

Азыркы тапта Кытайдын ичинде коммунисттик цензурага төп келген ички онлайн энциклопедия ханзу тилинде иштеп жатат.

Түркия өкмөтү 2017-жылдын 29-апрелинен тартып “Викиге” убактылуу бөгөт салып келди. 2019-жылы 26-декабрда Түркиянын Конституциялык соту “Викиге” бөгөт коюу аракети адам укуктарын бузуу болуп саналат, деп бүтүм чыгарып, бул бөгөттү жокко чыгарууга буйрук кылды. Ошондон кийин гана, 2020-жылдын 15-январында, Түркияда “Викиге” коюлган интернеттик бөгөт алынып салынды.

(Караңыз:

https://en.wikipedia.org/wiki/Block_of_Wikipedia_in_Turkey)

Албетте, бөгөт маалында деле түркиялыктар VPN сыяктуу аргаларга таянып, “Викинин” маалыматтарын тымызын окуп келишкен.

Айрым өлкөлөрдө “Викидеги” кээ бир темалардагы макалаларга тыюу салуу далаалаттары жасалган.

Мисалы, Орусияда эгемен Украинага каршы 2014-жылы дүрт жанган баскынчыл согуштун 2022-жылдын 24-февралында башталган кеңири өлчөмдөгү экинчи баскычы расмий Кремл үчүн “атайын аскердик амал” деп гана аталып келет, бирок “Википедияда” андай жасалма чектөө жок. Алакушту атынан чакырышат.

Орусиянын бийликтери “Викидеги” бир катар макалаларга, анын ичинде “Орусиянын Украинага кол салышы” деген аталыштагы сөздүктүк макалага тыюу салган. 2023-жылдын июлуна карата орус бийликтеринин “Викимедиа Коруна” (Wikimedia Foundation) каршы 7 каржылык жазасы 8,4 миллион рублге чейин жеткен.

Арийне, “Викидеги” жалпы баракка эмес, айрым гана макалаларга биротоло бөгөт салууга эч бир мамлекетте технологиялык мүмкүнчүлүк жок.

Боспиек тууралуу макаланын мисалы

“Викидеги” макала текст болуп чектелбестен, өзүнө сүрөт, аудио жана видео тиркемелерин да камтый алат.

“Викинин” сөздүктүк макаласы тийешелүү тилдеги ички макалаларга гана эмес, “Викинин” башка тилдердеги сөздүктүк макалаларына да көпүрө болчу шилтемелерди камтый алат.

Түшүнүктүү болсун үчүн бир мисал келтирсек: эгерде “Викиден” Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы айтылуу Боспиек (Бозбубийик”) айылы жөнүндө чагылдырылган “Боспиек” сөздүктүк макаласын ачсаңыз (https://ky.wikipedia.org/wiki /Боспиек), анда анын географиялык орду, кыска тарыхы, 2002-жылдагы Аксы окуялары, ж.б. маалыматтар берилет.

“Боспиек” макаласында айылдын белгилүү инсандарынан архитектор жана жазуучу Кеңешбек Шадыбековдун (1952–2023) ысымын бассаңыз, ал тууралуу өзүнчө сөздүктүк макалага өтө аласыз (https://ky.wikipedia.org/wiki/Кеңешбек_Шадыбеков). Макалалар ортосундагы бул сыяктуу интернеттик өз ара байланыш мүмкүнчүлүгү басмадан чыкчу салттык энциклопедияда жоктугу жамы журтка дурус маалым.

Ушул “Боспиек” макаласы “Викидеги” он башка тилдеги (англис, орус, украин, француз, өзбек тажик, түрк ж.б. тилдердеги) сөздүктүк макалаларга да шилтеме аркылуу байланып турат.

“Викинин” тажикче (tg.wikipedia.org/wiki/Боспияк), өзбекче (uz.wikipedia.org/wiki/Bospiyek_(Axsi_tumani)) жана чечен тилинде (ce.wikipedia.org/wiki/Боспиек) жазылган тексттерин ачсак, аларда 3-4 сүйлөмдүк кыска-нуска гана маалымат берилген. Арийне, баары бир бул чакан маалымат “Викинин” тажикче, өзбекче жана чеченче барактарын бир сөздүктүк макалага болсо да байытып турат эмеспи (биз деле кайсы бир тажик, өзбек же чечен айылы тууралуу өзүбүздүн кыргызча “Викибизде” 3–4 эле сүйлөмдөн турган сөздүктүк макала аркылуу чагылдыра алабыз).

Албетте, бул макалага кыйла жаңы кошумчаларды өнүгүүлөргө жараша киргизе берсе болот.

Бүгүнкү боспиектиктер “эмне үчүн бул макалада Төлөнчө деген атабыздын же Түкүнчө деген апабыздын маалыматы жок” деп акыйкат сын айтышы мүмкүн.

Аларга эмне дейбиз? Бул айылдын университеттерди же башка окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган миңдеген сабаттуу кулундары бар, эми ошолор деле мисал келтирилген макаланы андан ары жакшырта алышат, кошумчалай алышат. Балким, бул макаланы кайсы бир полиглот атуулдарыбыз андан ары арап, жапон, корей ж.б. тилдердеги “Вики” барактарына которуп беришээр?

Демек, “Боспиек” макаласын мындан ары миллион жолу оңдоого жана толуктоого болот.

Тасма. Википедия тууралуу кабарыңыз барбы? ("Азаттык" үналгысынын сурамжылоосу). 16.1.2011.

Айрым окурмандарга түшүнүксүз саналган жагдайлар

Төмөндөгү кээ бир өңүттөрдү бекеринен эскертип жаткан жокпуз. Бизге кайрылган далай сабаттуу кишилер азыркы тапта деле “Викинин” онлайн эркин энциклопедия катары маңызын аңдаша элек. Алар дагы эле “Викинин” табиятын өздөрү билген басмадан чыгып жаткан энциклопедияларды өндүрүүдөгү салттык өзгөчөлүктөр менен чаташтырып жүрүшөт.

Биринчи өңүт. Маяна.

“Чү!” дегенде эле айтаарым: “Вики” үчүн эч кимге атайын калем акы төлөнбөйт.

Мындан бир нече жыл мурда Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын бир өкүлү мага суроо салган: “Биз көптөгөн авторлорго азыноолак болсо да акча төлөп келгенбиз. Автордук укук бар эмеспи. Эми “Википедия” дагы өзүнө салым кошкондорго акча төлөп береби? Доллар түрүндөбү же сом түрүндөбү? Эвро болсо деле мейли дейбиз го?..”

Мен “Вики” эч кимге эч кандай акча төлөбөйт!”, деп айтсам, ал замандашым аң-таң калган.

Ооба, буга чейинки салымдарым үчүн мен, илгеркиче айтканда, “Вики” тараптан “кокон тыйын” да алган эмесмин.

Таң калычтуубу?

Анда менин демилгелүү ишим жана мен сыяктуу салым кошкондордун (аксакалдардан Орозобек агай, маркум Ташын агай, менден кичүүлөрдөн – Чоробек Сааданбек, Босого, Аида Бишкек, Тынчтык Жанадыл, Улан Айдаров, Жеңиш, Максат, Днес, Үмүт, ж.б.) коомдук ишмердиги үчүн кайсы жагдайлар кыймылдаткыч күч болушту?

Бул жигер – ушунчалык көп сандагы улут болгонубузга жана эгемен өлкөбүз бар экендигине карабастан, кыргызча “Вики” эң артта кала берип жаткандыгы үчүн уялуу сезиминин аркасында болду. Ооба, уялуу...

2009-жылдын күзүнө карата кыргызча “Викиде” сөздүктүк макалалардын саны бир нече жүздү гана түзгөн (төмөндө толугураак маалымат бар). Ооба! Макалалардын саны 1,000ге да жеткен эмес.

Дүйнөдөгү айрым автономиясы гана бар этностордун “Викилери” бизден алда канча алдыда болчу.

Бул мекенчил катары уялуу сезими – өзүн өзү шыктандыруунун эч кандай акчага алмашкыс жүйөөсү го дейм.

Экинчи өңүт. Үзгүлтүксүз оңдоо.

Бир кезде “Викиде” жарыяланган макала ошол калыбында түбөлүк кала бербейт.

Маселен, жогорудагы Кеңешбек Шадыбеков тууралуу макалага анын өлгөн жылы катары “2023-жылдын марты” деген дата кечээ эле кошумчаланды.

Эртең, балким, маркумдун дагы бир жакынынын тактоосуна ылайык, анын өлгөн күнү да даана жазылышы күтүлөт.

Албетте, кээде ушундай да окуялар орун алышы ыктымал: дасыккан профессор кечээ жарыялаган макаланы бүгүн же эртең бакалаврдык 1-курстун студенти же башка кыргыз тилин даана өздөштүрө элек бирөө ката “оңдоп” салышы ажеп эмес. Балким, ал студент мурдагы тексттеги өзү байкаган катаны туура деле оңдошу мүмкүн.

Такшалган редактордун көзөмөлүнө чейин бир нече күн, апта же ай өтүшү да ыктымал. Ошол такшалган редактордун кызматын сиз деле ыктыярлуу түрдө аткарышыңыз ыктымал.

Макалалардагы болжолдуу калпыстыктардын бардыгына сырттан сын көз менен карап чектелбестен, билек түрүп шымаланып, жекече киришүү аркылуу да жигердүү мамиле кыла аласыз.

Бир жолу маркум Жаныбек Жанызак агайыбыз англисче “Викидеги” бир катаны көрсөттү. Мен аны тийешелүү фактка шилтеме кылуу менен оңдоп, “эми кайра ачыңыз” дедим. Жакебиз: “Муногуну өзүң эле оңдоп салгансың го, Тыке?” деп айтты.

“Албетте. Сиз да фактка таянуу менен өз билген тилиңиздеги “Вики” макалаларына өзгөртүү киргизе аласыз”, – деп жооп кайтарган элем. Жаныбек агай да англисче жакшы билчү.

XXI кылымдын нөлүнчү жылдарына кылчайсак, эң башында “Вики” барагында жарыяланган макалага кимдир-бирөө өзүн автор катары жазган учурлар арбын болгон. Бул – “Викинин” маңызын билбестиктен болгон.

Кыскача айтсак, “Викинин” кайсы бир макаласын А.Эйнштейндин өзү жазса да, бул энциклопедиялык макаланы бүгүнкү студент ээн-эркин оңдой алат. Автор катары макаланын этегинде жазылган ысымдар сөзсүз өчүрүлөт. Бирок сөздүктүк макаладагы адабият тизмесинде А.Эйнштейндин же башка бирөөнүн темага тийешелүү эмгектери аталып кетиши – алгылыктуу. Кантсе да “Вики” илимий тактыкка умтулуп келе жаткан энциклопедиялык онлайн маалымат топтому эмеспи.

Кыргызча “Викинин” абдан көп макалаларындагы адабият тизмесинде Кыргыз энциклопедиясынын көп томдуктарына жана тармактык энциклопедияларына шилтемелер жасалып, аларга карата бекер жарнак (реклама) иши жүзөгө ашырылган.

Ал эми “Викинин” сөздүктүк макаласындагы адабиятка шилтемелерди окуган соң, окурмандар ар кыл жылдары басмадан чыккан энциклопедиялардагы же башка китеп жана макалалардагы макалалардын авторлору кимдер болгонун тактай алышат.

“Викидеги” авторсуздук – “Викинин” алсыздыгы эмес, ашар ыкмасы менен түзүлүп жана өнүктүрүлүп жаткан коомдук эркин онлайн энциклопедия катары анын башкы артыкчылыгы.

Айтмакчы, “Викиге” макала жазып катышып жаткандар өз ысымын эмес, адабий атын же шарттуу бир белгилерди (мисалы, abcd86 деп өзүнө шарттуу ат коюп алышы деле ыктымал) жазышы да мүмкүн. Бирок кандай ысым алса да, викичи өтө так болууга умтулушу керек. (Викичи, маселен, “Америкадагы индейлердин бардыгы түрк элдеринен чыккан экен”, же “төрөлө элек кезимде чоң атамдын жылкысын баккан болчумун” дегендей жөө жомокторду чындыкты чагылдырган макала катары сунуштап жаза бербейт).

Үчүнчү өңүт. “Ашар” ыкмасын колдоо жолдору

Албетте, “Вики” кору эч кимге макала төлөбөгөнүнө карабастан, Кыргыз Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, мындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору, бир катар министрликтер, ошондой эле коомдук уюмдар жана өкмөттүк эмес ар кыл чыгармачыл жана уюмдар корлор жана демөөрчү (меценат) ишкерлер өз ара кызматташуу аркылуу кыргыз тилинде “Викидеги” сөздүктүк макалалардын санын жана сапатын арттыруу жаатында атайын чыгармачыл долбоорлорду түзүүгө жана колдоого акылуу.

Аларга кыргызча “Викиге” уюшкандыкта салым кошо алчу чыгармачыл айдыңдардын топторунун иш-аракетин каржылап берүү үчүн сырткарыдан эч кимдин уруксатын күтүүнүн деле кажети жок.

Коңку Казакстанда 2010-жылдан кийин орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары менен студенттер да тартылган “Викиге көмөк” коомдук долбоорлору иштеген.

Бул өлкөдө Улуттук жыргалчылык «Самрук-Казына» кору интернеттеги казак тилиндеги энциклопедияны өнүктүрүүгө 2011-жылы 30 миллион теңге, 2012-жылы кошумча 20 миллион теңге салым кошкон. Бул – демөөрчүлүктүн чети эле.

“Викимания–2013” жыйынындагы казак окуучулар. Гонконг. 10.8.2013.
“Викимания–2013” эл аралык жыйынына катышкан казакстандык мектеп окуучулары. Гонконг, КЭР. 10.8.2013.

Ыкмалар арбын. Маселен, Ысык-Көлдө туристтик орчун маал артта калып, несендеген курорт жайлар бошураак кала берип жаткан чакта, чыгармачыл сынакта жеңген ондогон блогчуларды ошол курорт жайларга “Вики” ашарына чакырса, эс алып жана баарлашуу маалында ал блогчулар сөздүктүк макалаларды чогуу жарыялашы мүмкүн.

Кээ бир тармактык энциклопедиялар боюнча даяр адистерди өз ишинен тышкары “Викиге” кол кабыш кылууга чакыруу үчүн кызыктырууга да болот. Албетте, катардагы викичиге караганда, мындай адистин ишинин майнаптуулугу айдан ачык, ошондуктан андай адиске чыгармачыл долбоордун алкагынла калем акы төлөөгө болот.

Жергиликтүү демөөрчүлөр дасыкан викичилерге да чыгармачыл долбоордун алкагында акы төлөп, алыскы элет жергесиндеги мектептерге жана ЖОЖдорго чейин иш сапарда болуп, ар кыл дубандардагы жаштарга “Викиге” макала, сүрөт, видео ж.б. жарыялоонун ыкмаларын үйрөтүүсү үчүн шарт жаратып беришсе сонун болмок.

Кыргызча сөздүктүк макалалардын саны, чын чынында, бир нече миллионго жетиши деле мүмкүн, анткени онлайн энциклопедия кыргыз турмушу менен чектелбестен, жалпы адамзатка жана жалпы илимдерге таандык маалыматтарды да камтууга тийиш эмеспи.

Төртүнчө өңүт. Мамлекеттик цензуранын жоктугу

Албетте, бардык прогрессивдүү интернет каражаттары сыяктуу эле “Вики” ар кандай расачыл, шовинисттик, тар диний, бир партиялык, тоталитардык жана башка чектелген көз караштарды жактабайт.

Ошол эле учурда “Викинин” калыс маалыматтарын эч бир мамлекеттин цензурачыл мекемеси чектебөөгө тийиш.

Азыркы тапта, демек, кыргызча “Викиге” сөздүктүк макала жарыялоонун кыйла артыкчылыктары бар.

Мисалы, айрым айылдардагы же чөлкөмдөрдөгү тармактык энциклопедияларга тигил же бул инсандар тууралуу сөздүктүк макала даярдоодо “тийешелүү инсан мамлекеттик сыйлыкка, илимий даражага ж.б. ээ болду беле, соттолду беле, туткунга түштү беле, басмачылык кыймылга катышты беле?” деген сыяктуу “аткаминердик” же эски идеологиялык чыпкалардан улам далай мүнүшкөрлөр, акылгөй чечендер, уздар, усталар, сыйлыксыз акындар, өнөрпоздор басмадан чыкчу тармактык, чөлкөмдүк же башка энциклопедия түрлөрүнө киргизилбей калган учурлар арбын болду.

Кээ бир энциклопедиялык жыйнактарга топтолгон маалыматтар, маселен, 2,000 беттик көлөмгө жетсе, планга ылайык алардын 600 бет көлөмү гана жарык көрүп, калган маалыматтарды чаң басып жаткан кезеңдер да болгон.

“Вики” болсо маалыматты мындай “аткаминердик” чектөөсүз эркин жарыялайт.

Улут жана чөлкөм үчүн маанилүү инсандар “Викиде” чектөөсүз баяндалышат. Албетте, инсан жөнүндө бир жактуу жалаң гана мактаган маалымат да туура эмес. Мисалы, Төрөкул Жанузаковдун Кеңеш өкмөтүнө кызматы да, 1920-жылы басмачыларга кошулуп кеткендиги да бейтарап чагылдырылууга тийиш.

Ал эми Исхак Раззаков жөнүндө сөз кылганда, курулай мактап салбастан, анын тушунда маркум Касым Тыныстановдун чыгармачылыгынын акталбай калгандыгы да эскерилип өтүшү зарыл.

Турдакун Усубалиев жөнүндө жалаң оң баа берилбестен, анын тушунда укукчу Кубанычбек Нурбековдун (1928–1985) куугунтукталгандыгы жана башка терс окуялар да калыс эскертилиши абзел.

Эгерде кайсы бир инсан жөнүндө “Викиге” алгач макала жазган автор анын оң же терс жактарын эскертпей койсо, башка бир автор “Викиде” бул сыяктуу өксүктүктү оңдоого акылуу. Бул оңдоо үчүн андан бир гана нерсе талап кылынат: ал тийешелүү факт булагына шилтеме жасап кетиши керек.

Албетте, “эгерде цензура болбосо, анда мамлекет опурталдуу жарга кептелбейби?” деген суроо жаралышы да мүмкүн. Эгерде мамлекеттик бийлик демократиялык түзүлүшкө умтулуп жатканы чын болсо, анда бул бийлик ар дайым калыс маалыматтарга суусап турган жарандык коомго тилектеш болушу күтүлөт.

Бешинчи өңүт. Талаштуу жагдайдар

Албетте, кыргызча “Викинин” кыска мөөнөттүк тарыхында арбын өксүктөр да болду. Азыр да бар. Мисалы, айрым кийинки ыктыярдуу редактор башкаруучулар кээ бир эски варианттардагы сөздүктүк макалаларды өзгөртүүдө же жоюуда өзүм билемдик менен бир беткей аракет кылгандыгы байкалат.

Инсан тууралуу сөздүктүк макаланы даярдоодо, маселен, биз макаланы табууга оңой болушу үчүн оболу тегатты, андан кийин өз атын берүүнү система катары кабыл алууну сунуштаганбыз.

Мисалы:

Айтматов, Аскар Чыңгыз уулу,

Айтматов, Илгиз Төрөкул уулу,

Айтматов, Чыңгыз Төрөкул уулу,

Айтматова, Роза Төрөкул кызы.

Мында “Айтматов” тегатын алгандар дароо тизилип чыга келишет.

Ал эми азыркы ыктыярдуу редакторлор инсандын ысымын өз атын гана жазуу менен баштоо керек, деген эрежени карманышат:

Аскар Чыңгыз уулу Айтматов,

Илгиз Төрөкул уулу Айтматов,

Роза Төрөкул кызы Айтматова,

Чыңгыз Төрөкул уулу Айтмат ов.

Бул ыкмага караганда, киши аттарынын алфавиттик тизмеси инсандын өз атынын баш тамгасына ылайык тартипке салынат да, Аскар Айтматов менен Чыңгыз Айтматов жайгашкан алфавиттик тамгалык куржундар таптакыр айырмалуу болуп калышат (бири “А”” тамгасында, экинчиси – “Ч” тамгасында жайгашат).

(Албетте, “Викиде” деле “-ович”, “-овна” деген орусташкан ысым варианттары толтура кездешет. Биз эне тилибизде “уулу”, “кызы” сыяктуу сөздөрдү ырааттуу колдонууну сунуштайбыз. Баса, орусиялык оторчулар басып келе электе каза болгон Калыгул Бай уулун илимий адабиятта “Баев” деген тегат менен жазган доор да баштан өтпөдүбү).

Негизи, онлайн энциклопедияда бири-бирине туугандык, кесиптик, устат-шакирттик же башка байланышы бар кишилер жөнүндөгү макалаларга шилтеме жасоо жана ал макалаларды өз ара байланыштуу абдан жеңил.

Үйрөнчүктөр үчүн Т.Жанадыл экөөбүз даярдаган чакан видео тасма бар болчу. Ал видео сабакты кимдир-бирөөлөр “эскирип калды” деп өчүрүп салышыптыр.

Негедир викичилердин семинарлары тууралуу мурдагы фото баяндар да өчүрүлгөн экен. Менимче, алар сыяктуу мултимедиалык маалыматтар архивде сакталып кала берсе болмок.

Дурус оңдоолор да болду. Мисалы, алгач “Википедия” сөзүн кыргызча текттерде деле “Уикипедия” деп жазчу элек. Редакторлор жана жигердүү авторлор акылдашып, кыргыз тилинде “Википедия” деп атоо эне тилибиздин өзгөчөлүктөрүнө төп келет экен, деп чечишти. Ал эми казактар w тыбышына ээ, ошондуктан алар үчүн “Уикипедия”, “Уәлиханов” деп айтуу жана жазуу – көнүмүш нерсе.

Кыска тыянак

“Викинин” кыргызча барагы 2003-жылдан баштап ачылганы менен анын макалалары алгачкы жылдары өтө жай топтолгон.

Маселен, 2009-жылдын 21-сентябрына карата жалпы “Викинин” жадыбалында 271 тил каттоодо турган. Ошол тилдердин арасында сөздүктүк макалаларынын саны 1 миңге жетпеген артта калган тилдердин бири катары кыргыз тили саналган.

Ал жалпы тилдердин ичинен 185-орунда болгон жана кыргызча “Викиде” 835 гана макала бар болчу. Монгол, түркмөн, татар, казак, тажик тилдеринде 10 миңден аз, бирок бир нече миң макала жарыяланган эле. Ошондо эле саны өтө аз эстондордун “Викиси” 67,369 макаладан туруп, 36-орунга озуп чыккан.

Кыргызча “Вики” үчүн алдыга ыкчам жүткүнүү 2011-жылдан тартып башталды, десек жаңылышпайбыз.

(Төмөнкү жадыбалды караңыз).

“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшүнүн жадыбалы. 28.3.2011.
“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшү туураруу жадыбал. Түзгөн – Т.Чоротегин. 28.3.2011.

Ошол 2011-жылдан тартып “Кыргызстан-Сорос” кору, Кыргыз википедиячылар кыймылы, ар кыл университеттик окутуучу жана студент жамааттар, маалымат технологиясы боюнча адистер биргелешип иш алып барышты. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы кезинде Темир Сариев да моралдык колдоо көрсөттү (бирок кийин кандай турумда болду, аны өзү жакшы билет).

Далай кыйынчылыктарга карабастан, кыргызча “Вики” кербени 2017-жылдын соңуна чейин кыйла тез жүрүп келди да, андан бери 80 миң сөздүктүк макаланын чегинен озуп чыга албай, бир жерди таптамак турсун, кайра артка чегинип кетти.

Азыркы тапта (17.12.2024 карата) кыргызча “Вики” 70-орундан 84-орунга төмөн түштү (77,040 макала; негедир 2 миңден ашуун макала “тазаланыптыр”).

Негизи, ал акыркы алты жылдан бери 100 миң жана андан көп сөздүктүк макаласы бар “Вики” барактарынын тизмесине эч илээше албай келет.

Бул 100 миңден ашуун макаласы бар тилдер тобуна Борбордук Азиядагы өзбек, казак жана тажик тилдери көтөрүлүп чыга алышты.

Өзбек “Викиси” соңку жылдары тездеп өнүгүп, 41-орунга чейин көтөрүлдү (292,680 макала). Анын азыркы тексттери латын алфавитинде жарыяланууда. Эстон “Викиси” 249,653 макала менен 45-орунду ээлеп турат. Ал эми казак “Викиси” 49-орунда (238,344 сөздүктүк макала) жайгашкан. Тажик “Викиси” 114,175 макала менен 70-орунду ээлеп турат.

Албетте, Түркмөнстандагы калк авторитардык режимдин шартында өз эне тилиндеги “Викиге” анча көңүл бөлө албай жатса керек. Азыркы жалпы 340 тилдик барактардын ичинде түркмөн “Викиси” 6,905 сөздүктүк макала менен 198-орунда турат. Ага салыштырмалуу каракалпак “Викиси” 7,781 макаласы менен 190-орунду ээлеп кыйла алдыда келет.

(Караңыз: https://meta.wikimedia.org/wiki/List_of_Wikipedias).

Кээ бир замандаштарыбыз “өзбек менен казактын саны көп да, ошондуктан алардын “Викиси” кыргызча “Викиге” салыштырмалуу алдыда”, деши мүмкүн. Фин-угор тил тобуна кирген эстондорду атайылап кошконумдун себеби – азыркы тапта дүйнө жүзүндө 1 миллион 200 миңдей гана киши эстончо сүйлөйт. Дүйнөдөгү кыргыздар алардан 5 эсе көп.

Азыркы тапта Кыргызстанда санарипке өзгөчө көңүл бөлүнүп жатат. Ишенимибизде, бийликтер, жарандык коом, жалпы айдыңдар кыргызча “Викини” тездик менен чыңдоого өтө алат ко деп үмүт кылууга болот.

Тек гана кошумчалаарыбыз: “Викиге” макалаларды сапаттуу толтурууну чогуу-чаран колго алуу керек. Бул ашар үчүн “Викимедиа Кору” эч нерсе төлөбөсө да, эгемен өлкөбүздө жергиликтүү расмий мекемелер жана жарандык демөөрчүлөр жаңы “Вики” кыймылын сүрөөнгө алышса сонун болмок. Албетте, кыргызча башка интернет долбоорлору да чыңдалышы абзел.

“Викинин” түшүмүн интернетти кыргыз тилинде ырааттуу колдончу болочокку муундар өзгөчө ыраазычылык менен пайдаланышат.

Энциклопедиячыл мүнөзгө ээ, мултимедиалык маалыматка мол кыргызча “Вики” барагы эне тилибизди дүйнөлөшүү жүрүмүнүн кырдаалында сактап калууга жана өнүктүрүүгө да чоң огожо боло алмакчы.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG