Тарыхый инсандар өз доорунун чыгаан азаматы катары ар дайым эстутумда сакталат. Казакстандын Алматы облусундагы Чоңжа кыштагында айтылуу Каракул баатырдын элесине арналган эл аралык жыйын өттү. Тарыхчынын блогу.
Элдик баатыр
Кыргыз жана казак элдеринин орток баатырлары бар. Алардын айрымдары Жуңгар хандыгынын калайман жортуулдарына жана баскынчыл саясатына каршы айыгыша күрөшкөндүгү менен эл эсинде түбөлүккө калышкан.
Кеңирсиген Жети-Суу аймагынын бир өңүрүндөгү – Кара-Талаа жергесиндеги ошондой көкжал баатырдардын бири – Каракул баатыр Татан уулу (Қарақұл Батыр Татанұлы; 1682–1785) болгон.
Каракул баатыр — казак элинин Улуу жүзүнүн курамындагы албан уруусунун чыбыл (шыбыл) деген уругунан чыккан айтылуу Татан баатырдын уулу болгон.
Каракулдун чоң атасы Калкаман Өтөй уулу (Өтейұлы) дагы, өз атасы Татан Калкаман уулу дагы Жуңгар хандыгынын баскынчылыгына каршы айыгышкан согушта өзгөчө эрдик көрсөтүп, шейит кеткен чыгаан казак баатырларынан болушкан.
Татан баатырдын Өмүркул (Өмірқұл), Каракул жана Майлыбаш (Майлыбас) аттуу үч уулу жалгыз эжеси Карачачтын (Қарашаш) колунда тарбияланат. Себеби алардын эжеси Карачач он беш жашка караган чакта, алардын энеси (Татан баатырдын жубайы) каза болуп калган.
Ал эми Татан баатыр набыт кеткен соң, ошол кездеги Коңурбөрк (Қоңырбөрік) жергесин бийлеп турган, ары оокаттуу, ары өз сөзүндө турган салабаттуу Тама байдын уулу Сейитказы бий өзү жаш Каракулду тарбиялаган.
Каракул баатыр Татан уулу ар кыл жылдары жалпысынан тогуз аялга үйлөнгөн, анын 30 уулу болгон. Тогуз аялга үйлөнгөндүгүнүн дагы бир сыры – эл четинде, жоо бетинде салгылашта шейит кеткен агасы Өмүркулдун жубайы Таңсулууга да үйлөнгөн, агасынын балдарын өз балдарындай караган (мындай салт кыргыздарда да болгон); курман болгон атасынын кунун кубалап, жортуулга барып, барымталанган эки калмак кызына да үйлөнгөн.
Каракул баатырдын урпактары тогуз чоң энени аздектеп эскеришээри, алардын ар биринин ысымы дайындыгы кыргыздарда дагы санжыраны чечмелегенде "баланча уулу" деп чоң эненин ысымына байлап санаган учурларды эске салды (Маселен, ушул саптардын ээси кыргыз улутунун тынымсейит уруусунун курамындагы күмүш уруусунан, башкача айтканда, Рысбай атанын аялдарынын бири Күмүш деген эненин урпактарынан).
Айтмакчы, курман болгон жоокерлердин жесир-жетимдерин дароо өз бүлөсүнүн калкасына алуу салты башка чыгыш элдеринде, мисалы, Ыраакы Чыгыштагы чукчаларда дагы кеңири жайылган экен.
Мындай ынтымак чукчаларга баскынчы московиялыктардын чабуулдарына бир нече кылым бою багынбастан туруштук берүүгө жана үй-бүлө институтун бекем жана биримдикте сактоого мүмкүндүк жараткан.
Кара-Талаадагы санжыраларда Каракул баатыр Түркстан аймагындагы Бөген дарыясынын боюндагы салгылашууларды, Аңыракай салгылашуусун, Олуя-Ата (азыркы Тараз), Алматы аймактарындагы жана Тарбагатай аймагындагы кырчылдашкан салгылашууларды башынан кечирген, делет.
Жети-Суудагы жана башка аймактардагы бир катар салгылашууларга кыргыздар дагы казактарга үзөңгүлөш болуп катышкандыгы маалым.
Жети-Суудагы чыгыштан басып кирген ойротторго (калмактарга) каршы Ойрон-Төбө салгылашуусунда жана башка салгылашуулар маалында Каракулдун өзүнүн 17 уулу курман болгон.
Акыры Каракул карыя көчмөн казактардын эгемен мамлекетинин жеңишке жеткен күнүнө чейин жашап, кылымды ашып карыткан.
103 жашка чыгып дүйнөдөн өткөн бул жети-суулук баатырдын миңдеген урпактары бар.
Алар Алматы облусунун азыркы Уйгур ооданына караштуу Сүмбе (кыргызча Сүмбө) айылында өз бабасынын айкелин тургузушкан.
Айтмакчы, Сүмбө кыштагынан саал чыгышыраакта Кыргыз-Сай деген ири кыштак жайгашкан. Мында да Каракулдун урпактары байырлашат. Айтмакчы, Каракул баатырдын урпактарынын бири – Кыргызбай ысымдуу болуш болгон.
Баатырдын урпактарынын арасында Абдибай, Эсен (Есен), Сакен, Ракыш сыяктуу акындар, Закир сыяктуу домбрачы өнөрпоздор, Сыламжан Иса уулу, Нургожо сыяктуу молдо жана агартуучулар чыккан.
Азыркы казак окумуштуусу, Каракулдун урпактарынын бири жана бул баатыр атанын ысымындагы коомдук кордун жетекчиси, Сулайман Демирел атындагы университеттин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Жанболат Турсынкожа уулу Кайыңбаевдин (Жанболат Тұрсынқожаұлы Қайыңбаев) айтымында, бул баатырдан калган урпактар бир нече мамлекетте байырлашат.
Алардын айрымдары Кытайдын ШУАРынын Иле-Казак автоном аймагына караштуу Текес ооданында кыргыздар менен коңшулаш байырлашат.
Каракулдун урпактарынын айрымдары бай тукуму катары XX кылымдын 20–30-жылдары сталиндик репрессияга кабылышкан, андан тышкары жалпы казак улутунун ичинде болшевиктик жасалма ачарчылыктын азабын көрүшкөн.
Каракул баатыр тууралуу мол маалымат фолклорлук булактарда, казак санжырасында арбын сакталган.
Эгемендик доорунда гана казактар өз баатыры тууралуу эркин сүйлөп, ага айкел тургузуп, анын ысымын көчөлөргө беришүүдө.
Эл аралык илимий шерине
2024-жылы июн (кулжа, казакча мавсым) айынын 14үндө Алматы облусунун Уйгур ооданынын борбору болгон Чоңжа (казакча Шонжы; орусча Чунджа) кыштагындагы Маданият үйүндө “Тарыхый инсандар: Жер менен элдин ширелишинин кепилдиги” деп аталган эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.
Каракул баатырдын элесине арналган бул илимий шеринени Алматы облустук акимияты, Казакстан УИАсынын Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту, ал-Фараби атындагы Казак улуттук университети, “Каракул баатыр” коомдук кору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана башка шериктер уюштурушкан.
Жыйындын ачылышында сүйлөгөн Алматы облусунун Уйгур ооданынын акими Бота Серик кызы Елеусизова айым азыркы тапта ооданда 15 этностун өкүлдөрү дурус коңшулукта байырлашаарын, алар үчүн Каракул Татан уулу жана Алмерек Жаңчыкулу (Жаңшыкулы) уулу сыяктуу жергиликтүү баатырлардын жана башка тарыхый инсандардын элестерин аздектеп эскерүү жаш муундарды мекенчил кылып тарбиялоо үчүн зарыл экендигин баса белгиледи.
Казакстан УИАсынын Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директору, КР УИАсынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Зиябек Эрмухан уулу Кабулдинов (Зиябек Ермуханович Кабульдинов) мырза Каракул баатыр жана анын доору тууралуу мазмундуу баяндама жасаган соң, Алматы облусунун Уйгур райондук китепканасына өз институту жакынкы жылдары жарыялаган бир нече ондогон китептерди белек кылып берди.
Биз илимий жыйында Жети-Суу аймагындагы кыргыз–казак боордоштугунун, саясий жана аскердик ынтымагынын XV кылымдардан берки тарыхы чагылдырылган мусулмандык жазма эстеликтер (анын ичинде Мырза Мухаммед Хайдардын "Тарых-и Рашиди" эмгеги) тууралуу сөз кылдык.
Албетте, монгол чапкынына чейин эле кыргыздар менен кыпчактардын шериктештиги болгон доорлорду да унутууга болбойт.
Айтылуу Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн арапча жазылган “Дивану лугати т-түрк” (1072–1077) эмгегинде кыргыздар менен кыпчактардын кылычты алдыга сунуп шерт кылган салты тууралуу этнографияык баалуу маалыматты камтый кеткен эмеспи.
Айтмакчы, бул ооданда кыргыздар дагы байырлашат.
Мен үчүн өзгөчө күтүлбөгөн окуя – айтылуу кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин (1906–1944) урпагы Мусажан Тайыпов мырза менен илимий шеринеде жолугушуум болду. Аны менен болочокто жайчылыкта катташалы, деп убадалаштык.
Демек, илимий жыйын маалында гана эмес, андан кийинки жана ага чейинки баарлашуулар маалында дагы өтө кызыктуу учурлар болду.
Ал эми Казакстан УИАсынын Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Дүкен Месимхан уулу (казакча Дүкен Мәсiмханұлы) болсо Кытайдын Текес ооданында туулуп-өскөн, КЭРдин мыкты жогорку окуу жайларынын биринде таалим алган адис экен.
Илимий шеринеде мени менен чогуу отурган Дүкен мырза “кыргыздарга жээн болом”, деп айтып отурду. Анын чоң энеси – Текестеги кыргыздардан (бугу уруусунан) экен. “Чоң энем көп жыл жашады, көзү өткөнчө ал кыргыз тилинде гана так сүйлөчү”, деди Дүкен мырза.
“Эмнеге тилиңиз казакчага бурулбай койду, чоң эне?” деп тийишкендерге чоң энем: “Менин кайсы сөзүм сага түшүнүксүз болуп жатат, казагым!” – деп жооп берчү эле”, – деп Дүкен мырза күлүп айтып отурду.
Дүкен Месимхан уулу эне тили – казак тилинен тышкары кытай тилин мыкты билет, андан тышкары уйгур сыяктуу башка да тилдерди билет. Ал биз менен баарлашуусу маалында кыргызча так сүйлөп жатты. Маселен, ал “солай” дебестен, “ошондой” деп айтканда, жаныбыздагы казак туугандар да күлүп калышты.
“Кыргыздар бизге таяке болот”, деп дагы бир катар башка казак туугандар да мага кайрылып жатышты. Алардын бири өз ата-энеси 1930-жылдардагы ачарчылык маалында Кастек аркылуу Кеминге өтүп, аман калгандыгын айтып, кыргыздарга ыраазчылык билдирип жүрүп дүйнөдөн өтүшкөнүн айтып берди.
Маржан Канатбек кызы Дауытбекова айым – Алматыдагы ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Казакстан тарыхы кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты. Ал өз баяндамасында XVIII кылымдагы Казак хандыгындагы баатырлардын түрлөрү жөнүндө айтып берип, Каракул баатыр “чынжырлуу баатыр” деген түргө жатаарын, укум-тукуму менен элдик баатырлардан болгонун баса белгиледи.
Илимий жыйынга келе жатып, денесин кокустатып алган орусиялык илимпоз айым, Орусия ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Кытай бөлүмүнүн жетекчи илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору Елена Николаевна Наземцева (Маскөө) өзүнүн падышалык оторчулук доор тууралуу кызыктуу баяндамасын видео тасма иретинде сунуштады.
Ал эми Казакстан УИАсынын Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директорунун орун басары, тарыхчы Шамек Баян уулу Тилеубаев болсо Каракул баатырдын урпактарынын бири Көкимет Баялы уулунун XX кылымдын башындагы кытай-казак чек арасынын аймагындагы эрдиктери тууралуу баяндама жасады. Бизде “аткезчилик” деп совет доорунда жерилген ишмердик мукураган бир катар элеттиктерди ачарчылыктан жана өлүмдөн сактап калгандыгы тууралуу бул баяндама жаңычыл өңүтү менен айырмаланды.
1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалындагы Жети-Суудагы албан уруусунун көтөрүлүшүнүн очогу тууралуу кызыктуу баяндаманы да уктук. Аны казак жазуучусу, публицист Турдакынбай Битыманов аксакал окуп берди.
Жыйын маалында жана андан кийинки маданий чараларда жергиликтүү уйгур диаспорасынын өкүлү Аркенжан Жумаев жана башка уйгур туугандар казак тилинде так сүйлөп, боордош элдердин ынтымагын андан ары чыңдоо керектигин баса айтышты.
Эл аралык илимий шерине маалында Кыргызстан менен Казакстандын илимпоздорунун биргелешкен илимий долбоорлору ырааттуу улантылып жаткандыгы жөнүндө да арбын маалымат алдым. Маселен, азыркы тапта жети томдук “Казакстан тарыхы” китебин жазууга кыргызстандык тарыхчылар дагы камтылууда.
Кыргызстанда бир катар казак илимий мекемелери менен университеттеринин филиалдары ачылган. “Алаш Ордого” катышкан кыргыздар жана башка кыргыз-казак карым-катнаштары тууралуу улам жаңы архивдик маалыматтарды Мамбет Койгелдиев, Шамек Тилеубаев сыяктуу казак тарыхчылары шардана кылышууда.
“Кең Алтай” илимий долбооруна казактар, кыргыздар, орусиялыктар ж.б. катышууда.
Каракул баатырдын элесине арналган илимий жыйын жергиликтүү фолклордук жана санжыралык маалыматтарды терең изилдөө жана калайыкка кеңири жайылтуу зарылдыгын таасын айгинеледи.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.