Атайын кызматтын айыптоосу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) коррупциялык схема аныкталганын 19-февралда билдирген. Атайын кызмат анда окутуучулар айрым студенттер сабакка келбегенине карабастан алардын акчасын алып, баа коюп жүрүшкөнүн айтып, кылмыш ишин козгогон.
28-мартта УКМК иликтөө аяктаганын, эки мугалим иштен алынганын, 153 студент окуудан четтетилгенин билдирди. Ээлеген кызматынан бошотулган окутуучуларга айып Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык жасалмачылык" деген беренесинин негизинде коюлганы маалым болду.
“Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайдын окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде айып тагылып, эки окутуучу ээлеген кызматынан бошотулду, 14 окутуучу жана жогорку окуу жайдын жооптуу кызматкери дисциплинардык жазага тартылып, 153 студент окуудан чыгарылды, алардын 112си КМШ жарандары”, - деп айтылды УКМК тараткан маалыматта.
Мекеме билдиргендей, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлдү.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин басма сөз кызматкери Айнура Султанова УКМКнын текшерүүсү тоо-кен окуу жайында жүргүзүлгөнүн тактады:
"Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине үч жыл мурун КМКТАУ менен тоо-кен институту кошулган. Биздин университетте 12 институт бар. Бул окуя тоо-кен институтунда болуп жатат".
2022-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы окуу жайга өзгөчө макам берилип, курамына Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТАУ), Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети (КМТКУ) кирген.
"Сот чечими чыкканга чейин маалымат бере албайбыз"
КМТУ алдындагы Кыргыз тоо-металлургиялык институттун (мурдагы КМТКУ) директору Арстанбек Абдиевдин маалыматында, аталган окуу жайда 3 миңге жакын студент билим алат, 96 окутуучу сабак берет. Абдиев соттун чечими чыкканга чейин кылмыш иши козголгон мугалимдер боюнча маалымат бере албай турганын билдирди:
"Коңшу өлкөлөрдөн - Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан келген студенттердин баары чакырылып, жолугушуу болгон. Окутуучуларга азыр тагылып жаткан айып эмнеден чыкты, аны соттун чечими чыкмайынча айта албайм. Этика деген бар, соттук териштирүү бүтсүн, анан айтып берейин. Биздин институтта сабак берип жүргөн канча деген мугалим бар. Баары эле "Эмне болуп жатат?" деп нес абалда. Текшерүү дагы деле жүрүүдө, документтерди алып жатат".
Абдиев кылмыш иши козголгон мугалимдер жумуштан өз каалоосу менен арыз жазып кетишкенин кошумчалады:
"Жемкорлукка каршы иш жүргүзүп турабыз. "Таза сессия" деген QR-код бар. Студенттердин арасында сурамжылоо бар. Кайсы бир мугалимдин мыйзамсыз аракети боюнча далилдер берилсе, албетте, биз органдарга кайрылабыз. Далили жок болсо кантип айтабыз? Балким студент таарынып эле ушинтип айтып жатат? Албетте, кайсы мугалимдин үстүнөн арыз түшсө, анын иши текшерилет. Биздин университеттин алдында коррупцияга каршы комиссия бар. Жемкорлук болгонбу же жокпу, соттун чечимин күтөлү".
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 24 миң студент билим алып, 3 миңден ашуун окутуучу сабак берет.
Кылмышка айыпталып жаткандар, алардын тарапташтары же адвокаттары комментарий бере элек.
Окуудан чыгарылган 153 студент ким экени, алардын арасынан чет өлкөлүк деп айтылып жаткандары кайсы мамлекеттен келгени, окуусу кайсы форматта болгону тууралуу да маалымат берилген жок.
Жогоруда аталган окуя боюнча кылмыш иши "Кызматтык жасалмачылык" деген берененин негизинде козголгону маалымдалды. Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене боюнча айыпталгандардын күнөөсү сотто далилдене турган болсо 300-500 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирилет же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында бардык жогорку окуу жайларда текшерүү жүрүп жатканын, “университеттерде окууга такыр барбаган студенттер диплом алып жүргөнүн, сабакка келген студенттер гана калсын” деген талап коюлуп жатканын билдирген.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 80ден ашык жогорку окуу жайы бар. Алардын ичинен 31и мамлекеттик, эки жогорку окуу жайдын эл аралык деген макамы бар.
Ташиев быйыл 16-январда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын билдирип, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин кошумчалаган. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин белгилеген.
TI: Кыргызстан жемкорлук рейтингинде беш баскычка артка кетти
Transparency International (TI) эл аралык уюму жакында 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Кыргыз бийлиги өткөн жыл соңунда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Бирок, серепчилер белгилегендей, жемкорлукка каршы күрөш жарыяланып, жазасы катуулаганы менен кылмыштын бул түрү токтой элек. Айрым байкоочулар Transparency International уюму чыгарган рейтингге байланыштуу комментарий берип, коррупцияга айыпталган айрым адамдардын мыйзамга ылайык жазаланбаганы буга таасирин тийгизгенин белгилеп жатышат.
КМШ мамлекеттеринен тышкары Кыргызстанда Индиядан жана Пакистандан келген студенттер да көп. 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студенттин басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алуу үчүн келгендер. Анын 10 миңдейи ОшМУда. Чет элдик студенттер бюджетке салым кошуп жатканын аталган окуу жайдын жетекчилиги билдирген. Былтыр Бишкекте чет элдик студенттер катышкан окуяда бир нече киши жабыркаган.
Шерине