Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Ош: Кагазда бар, катарда жок миңдеген студент үчүн ким жооптуу?


Жогорку окуу жайга тапшыруу. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку окуу жайга тапшыруу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайларында ондогон студенттин окуудан айдалышы билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Эксперттер бул көрүнүштү "жел студенттерге" каршы күрөш катары баалап жатса, атайын кызмат мыйзам бузууга шектүүлөрдү териштирүүдө.

УКМК Ош шаарындагы төрт жогорку окуу жайдан 13295 студент чыгарылганын маалымдады. Кыргызстандагы эң ири окуу жайларынын бири саналган Ош мамлекеттик университетинен 3 573 студент чыгарылган. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков бул боюнча мындай комментарий берди:

"Жанагы айтылып жаткан студенттер бир жыл ичинде чыгарылгандар жөнүндөгү маалымат. Азыр ушунча студент окубай жүргөнбү деген түшүнүк пайда болуп жатпайбы. Бизде элүү миңге жакын студент бар. Бир жыл ичинде ушунча студент дээрлик кыймыл болуп турат. Текшерүүдөн кийин ушунча студентти кетириптир деп кабыл албаш керек. Кандайдыр бир таасири бар. Мурунку жылдарды да карай турган болсок ушундай кыймыл болуп турат”, - деди Кожобеков.

Атайын кызмат тараткан маалыматта “Учурда бул жогорку окуу жайлардын кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга катыштыгы иликтенип жатканы, алардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралары" айтылды.

Оштогу ЖОЖдордо 13 миңден ашык студент окуудан чыгарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

Оштогу Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков өзү башкарган окуу жайда мурункудай “жел эсеп” студенттер жок экенин айтып, андай көрүнүшкө жаңы технологиялар жол бербейт деп ишендирүүдө:

"Азыркы учурда мамлекеттин талабы ушул болуп жатат. Сандан сапатка өтүү. Азыр биз ортодо сабакка келбеген көрүнүштөрдү жок кылып жатабыз. Алдыда жаңы технологиялар ишке ашып, аралыктан окутуу деген сыяктуу системалар ишке ашып калса аралыктан окутуу мүмкүнчүлүктөрү болуп калат. Ал эми бүгүнкү күндө бизде жок адамдарды окутуп жаткан көрүнүш жок деп айта алам".

Сөз болгон окуу жайлардын ичинен эң көп студентти окуудан чыгарган Ош педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев бул жагдайды мындай деп түшүндүрдү:

"Биз дагы моралдык жоопкерчиликти алабыз. Жетекчи болгондон кийин студенттердин келишин биз көзөмөлдөшүбүз керек. Ошондон улам бизге тапшырма коюлуп, бардык факультеттерди текшерип, талаптарды коюп, аларды текшердик. Булардын көпчүлүгү учурунда келишимдик акысын төлөй албай калгандар, үй-бүлөлүк шарты туура келбей калгандар. Мамлекет катуу талаптарды коюп жатат, биз аны аткардык".

Билим берүү тармагында иштеп жүргөн эксперттер эгемендик жылдардан бери Кыргызстандагы окуу жайларда коррупция күчөп, “жел тизмелер” пайда болгонун айтып жүрүшөт. Бул жааттагы маселелер боюнча эксперт Мырза Каримов жогорку билим берүүдө өлкө имижине көлөкө түшүргөн мындай көрүнүштөрдөн окуу жай жетечилери өздөрү эле арылышы керек деп эсептейт:

"Бул жерде окуу жайдын жетекчилери, декандар баары билет. "Жел эсептеги" студенттердин саны жетекчилике маалым деп ойлойм. Мурда бул маселени эч ким мынчалык козгогон эмес. Азыркы учурда студенттердин өлкөдөн чыгып кеткенин дароо эле билип койсо болот. Бул ишке органдардын аралашканы дагы бир сигнал. Жетекчилер көзүн ачып, "жел эсеп" студенттерден өздөрү арылыш керек. Өкмөткө, биздин мамлекетке карата мындай окуялар терс мамиле жаратат. Бир учурда Кыргызстанга барсаң оңой эле диплом аласын деп Өзбекстандан келген студенттер да көбөйүп кеткен”.

Кыргызстандын экинчи ири калаасы Ошто ондон ашык окуу жай бар жана жалпысынан 100 миңден ашык студент билим алат. Коңшулаш Тажикстандан, андан сырткары Индиядан, Пакистандан келип окугандар көп.

Атайын кызмат буга чейин Бишкек шаарындагы, Нарын, Ысык-Көл, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайлардан жүздөгөн студент чыгарылганын, алардын айрымдары бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алынганы аныкталганын айтып, “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон фактылар да бар экенин маалымдаган.

Өткөн аптада эле Караколдогу жогорку окуу жайлардан 941 студент чыгарылганы белгилүү болгон.

Ушул айдын башында Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинен 3 миңге чукул студент окуудан чыгарылып, кылмыш иштери козголгон. Атайын кызмат маалымдагандай, бул студенттер тизмеде болгону менен окууга барчу эмес.

"Отургуч сынган, жатакана жок". Көңүл сыртында калган Талас университети
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:53 0:00

Кыргызстандын билим берүү тармагынын дарегине эң көп сын айтылат. Быйыл министрлик экиге бөлүнүп, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарууда. Ал эми илимий, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлдү.

Кыргыз бийлиги бул тармакты коррупциядан арылтып, билим берүү сапатын көтөрүү аракеттери жүрүп жатканын такай белгилейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG