Азербайжан ошондой эле Орусиянын бардык маданий иш-чараларын токтотууну чечти. Мындай дипломатиялык араздашууга Екатеринбургда теги азери жарандарынын кармалышы жана бул окуянын адам өлүмү менен коштолгону май тамызды. Баку - Москванын алакалары буга чейин эле солгундай түшкөн.
30-июнда азери полициясы “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесинде жүргүзгөн рейдден кийин эки журналист кармалды.
Азербайжандын күч түзүмдөрү агенттиктин директору Игорь Картавыхты жана кызматкери Евгений Белоусовду камакка алганы кабарланды.
APA аттуу жергиликтүү сайт “Спутниктин” кеңсесиндеги операцияда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) тиешеси бар деген эки киши кармалганын жазды. Бирок бул маалымат расмий булактардан ырастала элек.
Быйыл февралда Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айхан Гажизаде Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” жоюлганын, бул медиага бир гана кабарчысына аккредитация алууга уруксат берилгенин билдирген. Report сайты жазгандай, Азербайжан бийлигинин мындай чечимине карабастан “агенттик ишин улантып, кызматкерлери жумушка келе берген".
“Спутник-Азербайжан” Кремлдин пропагандасынын таанымал жүздөрү Дмитрий Киселёв жана Маргарита Симоньян жетектеген "Россия сегодня" медиахолдингге кирет.
Баку - Москва алакасы: "Спутниктеги" тинтүү
27-июнда Екатеринбург шаарында азери диаспорасынын 50дөй өкүлү 2000-жылдардын башында болгон кылмыш иштерине шектелип кармалган. Рейд маалында эки киши каза тапкан. Орусиянын Тергөө комитети алардын өлүмүн териштирүүдө.
Ага-ини 60 жаштагы Гусейн жана 55 жаштагы Зияддин Сафаровдордун сөөктөрү Азербайжанга жеткирилип, экспертизадан өткөрүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин соттук-медициналык экспертиза мекемесинин жетекчиси Адалят Гасанов шейшембиде билдиргендей, алардын бүтүмү орусиялык адистердикинен айырмаланат. Маалыматка караганда, сөөктөргө жасалган экспертиза алар алган жарааттарынан кийинки оор шоктон улам өлүмгө учураганын көргөздү.
APA агенттиги Гасановдун маркумдар курч буюм же ок чыгарган курал менен эмес, "мокок бир буюм менен урганда" каза болгон деген сөздөрүн келтирет.
Азербайжандын Башкы прокуратурасы Сафаровдордун өлүмү боюнча "кыйноо жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренелери менен кылмыш иш козгоду.
29-июнда Екатеринбург шаарынын райондук соту кармалгандардын арасынан жети кишини камакка алуу чечимин чыгарган. Алардын бири Мазахир Сафаров кармоо учурунда кабыргалары сынганын сот залында адвокатына айтып берди.
Азербайжандык маалымат каражаттары рейддин жүрүшүндө кармалып, күбө катары өтүп жаткан кишилердин сүрөттөрүн чыгарууда. Алардын денелери да көгала болгону көрүнүп турат.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы окуяга нааразылыгын билдирип, тергөөнү ачык-айкын жүргүзүүнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылган. Орусиянын тышкы саясий мекемесинин өкүлү Мария Захарова кармалгандар орус жарандары экенин айтты.
Орусиялык улутчул блогерлер окуяны комментарийлеп, полиция өз вазийпасын аткарып атканын, кылмыштуулук менен күрөшкөнүн жазышууда.
Мунун артынан жекшембиде азери Маданият министрлиги Орусияга байланышы бар, буга чейин белгиленген бардык иш-чараларын токтоткону маалым болду.
Министрлик бул "Орусия Федерациясынын Екатеринбург облусунун аймагындагы орусиялык укук коргоо органдарынын азербайжандыктарды этностук өзгөчөлүгүнө карап, атайын жана соттон тышкары өлтүрүүсүнө жана зомбулук көрсөтүүсүнө байланыштуу" жасалганын белгилеп, акыркы кезде мындай учурлар системалуу түрдө кайталанып жатканын белгилеген.
Бакунун нааразылыгы, Кремлдин өкүнүчү
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Бакунун мындай кадамына байланыштуу өкүнүчүн билдирди:
"Азербайжан тарап өз демаршына себеп болду деген окуяларды түшүндүрүүнүн үстүнөн иштөөнү улантуу маанилүү. Күч түзүмдөрүнүн ишине байланышкан окуялар мындай реакцияны жарата албайт жана жаратпашы керек. Биз Азербайжан менен жакшы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз".
Мамиленин курчушунан улам Азербайжандын делегациясы республиканын Милли межлисинин жана Федералдык жыйынынын парламенттер аралык кызматташтыгынын жыйынына да катышпоону чечти. Андан тышкары Орусиянын вице-премьер-министринин Бакуга сапары болбой калды.
АzTv каналы Орусияны империализмге айыптаган, сталиндик репрессияларга кайтып жатканын баяндаган программа чыгарды.
Баку менен Москванын алакасы былтыр 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги, Казакстандагы Актауга баратып, шаардын жанында кулагандан кийин солгундаган. 38 киши каза тапкан кырсыктан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.
Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.
Саясат талдоочу Акпер Гасановдун пикиринде, кечирим сурабоо - Москванын көнүмүш жүрүм-туруму:
"Орусия атып түшүрүлгөн малайзиялык "Боинг" учагы, башка кылган кылмыштары үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алуудан баш тартканы эсибизде. Азыркыга чейин Орусия Крымдын аннексиясы, Украинада жасалган бардык кылмыштары үчүн күнөөсүн танып келет. Толстой, Затулин сыяктуу саясий маскарапоздор чалкеш билдирүүлөрү менен кырдаалды ого бетер начарлатып жатышат. Айтмакчы, ал кишилер орус мамлекетиндеги акыркы адамдар эмес. Эми Орусия кандай кадамдарга барарын байкаш керек. Азербайжандын бардык талаптарын аткарып, ага-ини Сафаровдордун өлүмүнө айыптуу адамдарды жоопко тартабы? Алардын бири азери жараны экенин эсиңизге сала кетем. Мен муну баса белгилеп атканымдын себеби - Москвадагы айрым адамдар эмне үчүн Азербайжан ушундай курч реакция кылып жатат деп комментарийлешүүдө.
"Орус тилдүү калкты коргойбүз" деген шылтоо менен башка өлкөлөргө басып кирип, географиялык картаны өзгөртүп жаткан Орусиядагы саясатчылар азербайжандык жарандын киши колдуу болушуна ушундай реакция кыласыңар деген болбогон кепти айтышууда. Азербайжан өз сөзүн айтты, эми топ Орусиянын талаасында, алардын жообун байкайбыз".
Актаудагы кырсыктан көп өтпөй февраль айында Азербайжандын бийлиги өлкө аймагында "Россотрудничество" агенттигинин иши токтогону тууралуу Москвага расмий нота жиберген.
Февралда Баку орусиялык хакерлерди азери маалымат каражаттарына жасалган кибер чабуул үчүн айыптаган.
Май айында Азербайжан бийлиги Москвадан Орусиянын аймагына киргизилбей койгон парламент депутаты Азер Бадамовго байланыштуу түшүндүрмө талап кылган.
Ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун талдоочусу Вадим Дубнов Азербайжандын мындай демонстративдүү реакциясы Орусиядан оолак болууну каалаганын ишарат кылат, тышкы саясатында тең салмактуулукка артыкчылык берген Баку Москва менен мамилелерде пайда болгон "дисбалансты оңдоону көздөйт" деген пикири менен бөлүштү:
"Акыркы кезде Бакунун Москвага ыктап жатканы байкалган шартта Азербайжан мындай көрүнүштү токтотууну каалагандай. Биринчи шылтоо Актаудагы учак трагедиясы болду. Ал кырсык ортодогу мамилелердин солгундашынын башаты болгон деп айта албайбыз. Жөн гана ошол кездеги салкын мамилени мыйзамдаштырууга себеп болуп берди. Азыр ошол жараяндын уландысына күбө болуп жатабыз.
Мындай кескин солгундоону Бакунун кечирим суроо талабын Москва жоопсуз калтырганы менен менен түшүндүрсө болот. Менимче, Баку талаптарынын аткарылышын күткөн деле эмес, же башка бир маселеде мунасага келе алышкан жок деп ойлойм. Азербайжан андан пайдаланып, Орусиядан андан ары оолактаганын көргөзүүгө аракеттенди. Муну менен катар АКШ, Европа менен алакаларынын жакшырганын көрүүдөбүз. Түркиянын региондогу ролу күчөгөн шартта Азербайжан өз ордун тапкандай. Анкара Бакунун көз карандысыз иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк берүүдө. Менимче, ушунун бардыгынын жыйынтыгын бүгүнкү күндө байкап жатабыз.
Москва менен Бакунун байланыштарынын, “бир туугандык” деп сыпатталган мамилесинин өзөгү кала берет деп ойлойм. Себеби көптөгөн биргелешкен сезимтал демилгелер, ошол эле газ долбоорлору бар. Айрым долбоорлорго санкциялар негиз берген, алар, албетте, улана бермекчи. Москванын Азербайжанды мурдагыдай эле Түштүк Кавказдагы таянычы деп эсептешине жүйө бар. Анткени Орусия үчүн абдан маанилүү байланыш түйүнүнө катышуу үмүтү бар. Ушул жагынан алганда менимче алакалар улана берет. Бирок Баку үчүн жарашуу процессин көзөмөлдөгөнүн, элдешүүнүн мөөнөтү өзүнүн чечимине жараша болорун көргөзүү маанилүү".
Шерине