Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Рысбек Акматбаевдин өлүмү: кримдүйнөнүн кандуу тиреши


Камчы Көлбаев жана Рысбек Акматбаев. (коллаж)
Камчы Көлбаев жана Рысбек Акматбаев. (коллаж)

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталып, ошол жылдары саясатка чейин аралашкан таасирдүү фигура Рысбек Акматбаевдин өлүмү эмнеге буга чейин ачылган эмес? Анын өлүмү саясатка байланышы барбы же криминалдык таасир талаш болгонбу?

Көлбаевдин "киллеринин" көрсөтмөсү

Коопсуздук комитети буюрутма киши өлтүрүүлөр сериясына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көп жыл мурда атылган Рысбек Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев (Асанбек), Алманбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо”) уюштуруп, ишке ашырганы аныкталганын билдирди.

“Рысбек Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон. Бирок адам өлтүрүү учурунда автоунаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле кылмышты көзөмөлдөө үчүн автоунаанын артында К.Асанбек отурган. А.Анапияев менен Б.Самсалиев К.Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайына атып, андан кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Бул фактылар К.Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт”, – деп белгиленет УКМКнын маалыматында.

Акматбаев атылган мечиттин эшиги. УКМК тараткан сүрөт.
Акматбаев атылган мечиттин эшиги. УКМК тараткан сүрөт.

УКМКнын 13-декабрда тараткан маалыматында, Рысбек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Бишкек шаарына жакын жердеги Көк-Жар айылында атып өлтүрүлгөн. Аны мечиттин жанынан "Ауди-100" үлгүсүндөгү автоунаада жүргөн белгисиз адамдар курал менен аткылаган.

Акматбаевдин башына жана көкүрөгүнө ок тийип, ал алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Ошол учурдагы тергөөнүн версияларында киши өлтүрүүнү бир кылмышкер жасаганы көрсөтүлгөн. Ал беткап кийип Акматбаевди “Калашников” автоматынан атканы, андан кийин автоунаага түшүп, Бишкек шаарын көздөй из жашырып кеткени айтылган.

Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев, Болот Самсалиев, Марат Раимбеков.
Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев, Болот Самсалиев, Марат Раимбеков.

Бирок УКМК киши өлтүрүүнү жогоруда аты аталгандар уюштурганы аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”, 1997-жылкы редакция) менен кылмыш иши козголуп, резонанстуу экенине карабай белгисиз себептер менен кылмыштын бети ушул убакка чейин ачылбай келгенин белгиледи.

Учурда атайын кызмат мындан тышкары Камчы Көлбаевдин (Асанбек) жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катышын аныктоо жана ачууга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди. УКМК Акматбаевдин өлүмүнүн себебин ачык айткан жок.

Көлбаев, Анапияев, Самсалиев жана Раимбеков

Оболу УКМК Акматбаевдин өлүмүнө айыпталгандар жөнүндө кыскача айтып берели.

Кыргызстандагы кримтөбөл Камчы Көлбаев (Асанбек) 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Кылмыш дүйнөсүндө “мыйзамдагы ууру” макамын алган, Кыргызстанда саясий-коомдук турмушуна аралашып, таасирдүү ири мафия түзгөн делген Көлбаев баңгизатка байланыштуу АКШнын "кара тизмесине" кирген. Анын уюшкан кылмыштуу тобунда жүздөгөн мүчөсү бар экени айтылган.

1973-жылы туулган Алманбет Анапияев 2015-жылы Беларуста киши колдуу болгон. УКМК маалыматында, ал Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болчу. 2003-жылы “адам уурдоого” байланыштуу сегиз жылга соттолуп, үч жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

2011-жылы “адам уурдоо”, “каракчылык”, “мыйзамсыз эркинен ажыратуу” беренелери менен сыртынан айыпталып, издөө жарыяланган. Анапияевдин мурдагы президент Бакиевдер менен жакшы мамиледе болгону айтылып жүрөт.

1972-жылы туулган Болот Самсалиев кылмыш дүйнөсүндө “Боха Казарманский” деген ат менен белгилүү болгон. Расмий маалыматта Самсалиев дагы Көлбаевдин жакыны жана кримчөйрөдө Бишкектин “көзөмөлдөөчүсү” болгон. Ал “адам өлтүрүү”, “каракчылык” боюнча соттолгон. 2006-жылы аны Бишкекте белгисиз адамдар өлтүрүп кеткен.

“Рэмбо” каймана аты менен таанылган Марат Раимбековду 2007-жылы үйүнөн белгисиз адамдар уурдап кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Кримтөбөлдүн өлүмү: кандуу окуялардын башталышы

Кыргызстан эгемендик алган жылдары кылмыш дүйнөсүндөгү таасирдүү фигурага айланган Рысбек Акматбаевдин өлүмү ачылган эмес. Акматбаевди кимдер атканы жана анын өлүмү саясатка байланыштуубу же кылмыштуу топтордун ич ара араздашуусу болгонбу аликүнчө белгисиз.

Кримтөбөлдүн өлүмүнүн себептерин божомолдош үчүн 2005-жылдардагы окуяларды эстейли.

Акматбаевдин бир тууган иниси Тынычбек Акматбаев 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал ошол жылы 20-октябрда парламенттеги коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасы катары Чүйдүн Молдовановка айылындагы түрмөдөгү тополоңдон кийин барган учурда киши колдуу болгон. Бул түрмөдө дагы бир кримтөбөл, Рысбек Акматбаевдин сөөк өчтү душманы Азиз Батукаев отурган.

Ошол мезгилден тарта Рысбек Акматбаев коомчулукка ачык чыгып, саясатка аралашкан. Акматбаевдин ондогон тарапташтары Бишкекте митинг баштап, премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылат. “Кулов менен Батукаевдин байланышы бар” деген Рысбек Акматбаев инисинин өлүмүнө ошол кездеги өкмөт башчыны ачык күнөөлөгөн.

Феликс Куловдун айтымында, Тынычбек Акматбаев Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздукка байланыштуу комитетин жетектеп жаткан учурда Рысбек Акматбаевдин иши Жогорку Сотто каралып жаткан. Кулов бул боюнча Акматбаевдерди сындап чыккандан кийин ал үй-бүлө менен мамилеси бузулат.

Андан кийин депутат Тынычбек Акматбаев түрмөдө киши колдуу болот. Ошол учурдагы өкмөт башчы Кулов президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен кандуу окуя болгон жерге барган.

“Мен барып түрмөнүн жетекчисинин орун басарынан эмне болгонун сурадым. Ал “депутат бир нече адам менен кирген, бардыгы өлүп, ал (ред: депутат Акматбаев) жараат алды” деп билдирди. Мен бир нерсе кылып, депутатты алып чыгалы дедим. Мурат Суталинов (Ред: ал кездеги ички иштер министри) азыр атайын бөлүктөгү күч кызматкерлери келерин айтты. Мен кечинде күч кызматкерлери түрмөгө киргенин кооптуу экенин, кан төгүлүп кетерин айттым. Түрмө жетекчисинин орун басары абактын ичиндеги “общакка чалайын” деди. Кайра “менин телефон номурумду билет, албай жатат” дегенде жиним келди. Сенин номуруңду билсе, кандай тартип болгон деп нааразы болдум. Менин жардамчым чалса, премьер-министр өзү кирсин” деген экен. Ошентип, мен жардамчым, түрмө жетекчисинин орун басары болуп кирдик”, - деп эскерди Кулов.

Кулов Акматбаев тирешинин түйүнү

Ошол маалда Кулов Батукаевди дегеле тааныбай турганын, депутаттын өлүмүнө кылдай тиешеси жок экенин кайталаганы менен Акматбаевдин туугандары ишенген эмес.

Феликс Кулов, Курманбек Бакиев. Архив сүрөт.
Феликс Кулов, Курманбек Бакиев. Архив сүрөт.

“Мен ошол түрмөгө киргенде Батукаевди биринчи жолу көрдүм. Кирсем өзүнүн бөлмөсү бар экен, учурашкандан кийин мага чай куюшту. Бир уурттадым дагы, “тирүү калгандар барбы” десем, баары өлгөнүн айтты. Мен кыжырданып, ким атканын сурадым. Ал “двадцатка” деген каймана аты бар Руслан Абдулин дегенди көрсөттү. Мен "Абдулин, сен соттолосуң" дедим. Батукаевге "бардык түрмөлөргө чалып, тынчтандырасың" деп айттым. Анткени ошол маалда бардык түрмөлөрдө соттолгондор админстрацияны басып алган. Ошондон кийин Рысбек Акматбаев мага каршы митинг уюштурду, анткени атасы Кулов абакка курал киргизип, Тынычбек Акматбаевди аттырган деп коюптур. Рысбек Акматбаев "менин туугандарымды өлтүрөм" деп билдирген. Мен дагы "Акматбаевди өзүм атам" деп ачык айткам. Кийин башкалар атып кетти", - деди Кулов.

Кулов ошол кездеги бийлик аны кызматтан алуу үчүн Акматбаевдерди колдонгон деп божомолдойт. Президент Курманбек Бакиев туугандарын кабыл алып, депутаттын өлүмү дыкат иликтенет деп убада бергенден кийин митинг токтотулган.

Ошентип, Рысбек Акматбаев 2006-жылы саясатка аттанарын ачык айтып, анын алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу дымагы билине баштайт.

Бирок ага карата кылмыш иши болгондуктан талапкер болушуна тоскоолдук жаралат. Буга байланыштуу март айында Акматбаев жүздөгөн тарапташтары менен кайрадан митингге чыккан. Кримтөбөл ошол кездеги өкмөт башчыны ачык коркутууга өткөн.

“Бир айдын ичинде Куловду кызматтан кетиребиз деп сентябрда эле айткансыңар. Кана кеткени? Кетмек түгүл менин досторумду четинен өлтүрүп жатат. Же эмне кылалы? Биз дагы Куловду азыр кирип өлтүрөлүбү? Биз ага даяр болуп келдик”, - деген цитатасы жазылган “Азаттыктын” архивинде.

Саясатка коркунуч жараткан криминал

Ошол жылдары саясатка активдүү катышып, депутат болуп жүргөн Кубанычбек Исабеков криминал менен саясатчылар аралашып, бийлик аларды өз кызыкчылыгына пайдаланып жүргөн деди.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

“Анда Феликс Кулов премьер-министр болчу. Аны “эшикке чык, болбосо кирип терезеден ыргытып жиберем” деп коркуткан. Бул ошол кезде кандай абал болгонун айтып турат. Кылмыштуу топтун лидери элди чогултуп келип, өкмөт башчыны "чык" деп жатпайбы. Эски аянтка дагы чатыр тигип кетпейбиз дешкен. Мен ошондо Рысбек менен жолуктум. “Кетип кал, өлтүрөм, атам” деген, "болбойт" дегем. Айтып калышат ошол кездеги президенттик администрация Бакиев-Кулов тандемин ажыратып, ага басым көрсөтүү үчүн караларды колдонгон деп. Ал убакта Үсөн Сыдыков деген аксакал администрациянын жетекчиси болгон”, - деди Исабеков.

Акматбаев өткөргөн митингдерге ошол кездеги президент Бакиев өзү чыккан учурлар да болгон. Ошол кезде Эдил Байсалов баштаган активисттер криминалдын саясатка келишине каршы акция да өткөрүшкөн.

Кыскасы, Акматбаев апрель айында Балыкчы округундагы шайлоодо 80 пайыздай добуш менен жеңишке жетип, бирок БШК анын үстүнөн сот иши бүтө электигине байланыштуу мандат берген эмес. Май айында ал киши колдуу болгон. Ошол кездеги укук коргоо органдары криминалдык таасир талашуу болгон десе, айрымдар буга саясий боёк сүртүшкөн. Бирок анын өлүмүнүн себептери айтылган эмес.

Рысбек Акматбаев менен Азиз Батукаевдин тиреши

1960-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган Рысбек Акматбаев 1990-жылдары уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өзү анын башында турган. Ал Дене тарбия институтунда окуп, бокс боюнча спорттун чебери болгон. Ар кандай маалыматтар боюнча 1990-жылдары биринчи аялы киши колдуу болгон, 2005-жылы баласы табышмактуу жагдайда каза тапкан.

Акматбаевдин өзүнө дагы бир нече жолу кол салуу болуп, ажалдан кутулган. Криминал жөнүндө жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу Акматбаев менен Батукаев бири-бирине өч болгонун айтууда.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

“Ошол токсонунчу жылдарда Кыргызстанда эле эмес, Орусия сыяктуу көп өлкөлөрдө криминал күчөдү. Кыргызстанда Азиз Батукаев түрмөдөгүлөр менен кошо “кылмыш дүйнөсүн” түзүштү. Алар ишкерлерди тоноп, “отметка” ала башташкан. Негизи эле рэкетчилик күчөп баштаган. Анан аларга каршы булар (Акматбаев-ред.) чыкты. Бири-бирин өлтүрө баштады. Акматбаевдер “спортивный мир” деген топ болуп спорт мектептердеги, институттардагы спортчуларды өзүнө тарткан. Эл арасында анын Орусиянын “Белый лебедь” деген ырайымсыз түрмөсүндө отуруп, сынбай келгени айтылып жүрөт. Ошентип отуруп, таасири артып, бийликтин көзөмөлүнөн чыгып кеткен”, - деди журналист.

Акматбаев айыпталган иштер

Акматбаев бир нече кылмыштарга айыпталып, соттолуп чыккан, кээ бир кылмыштар боюнча акталган. Бир топ жылдан бери оор кылмыштарга шек саналып, издөөдө жүргөн Рысбек Акматбаев 2005-жылы иниси Тынычбек Акматбаевдин коштоосунда прокуратурага келип, сурак берип чыккан. Ошентип, Акматбаев айыпталган иш боюнча сот башталат.

Рысбек Акматбаев.
Рысбек Акматбаев.

Ал шектелген чуулгандуу кылмыштардын бири – 2004-жылы өлтүрүлгөн ИИМдин Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси, полковник Чыныбек Алиевдин өлүмү болгон. Соттордо кримтөбөл кылмыштарды четке кагып келген.

2008-жылы ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоров 2005-жылы киши колдуу болуп көз жумган каскадер Үсөн Кудайбергеновду Рысбек Акматбаев менен Нурлан Коноев атканын билдирген.

Мурдагы өкмөт башчы, генерал Феликс Кулов ошол кездеги ыкчам маалыматтарга таянып, бир топ чуулгандуу өлүмдөргө Акматбаевдин тиешеси бар экенин айтып жүрөт.

“Алгач Көлбаев Акматбаевге кол салган. Экөө өлүп, Рысбек жарадар болгон. Көлбаев башында Акматбаевдин айдоочусу болгон. Эмнеге өлтүргүсү келген? Анткени Акматбаев башаламандык кыла баштаган. Акматбаев көп кишилерди өлтүрө баштаганда, Көлбаев “кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүнөн” сырткары иш кылып жатканына нааразы болгон. Алар ошентип тирешип баштаган, эртеби-кечпи бири-бирин атмак. 1990-жылдардан кийин мен ички иштер министринин орун басары болуп турганда, биринчи жолу соттолгон. Кийин анын адамдары Үсөн Кудайбергеновду өлтүрдү. Белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмү боюнча дагы анын кишилери болгон. Ошол кезде Акматбаев Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси болгусу келген. Санатбаев ага талапкер эле”, - деди Кулов.

Азыр Беларуста качып жүргөн Курманбек Бакиевдин тушунда отузга жакын буюртма адам өлтүрүүлөр орун алып, депутат, саясатчы, спортчу, ишкерлер анын курмандыгы болгон. Өлкөнүн эгемендүү тарыхында 2005-2010-жылдан кандуу окуялар менен эсте калды.

Ошентип, Акматбаевдин 17 жыл мурдагы өлүмүнүн ачылышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Саясат талдоочу Адил Турдукулов мындай пикирин ортого салды.

“Бул УКМКнын версиясы болуп жатат. Укуктук жактан ушулар аткан дегенден алыс болушубуз керек. Ар бир бийлик криминалды өз кызыкчылыгына пайдаланып келген. Кереги жок болуп калгандан кийин жок кылып коюшкан. 17 жылдан кийин чуулгандуу кылмыштын ачылганы жакшы. Бирок, айыпталгандардын баары өлгөндөн кийин эч ким чындыкты билбейт. Айтып берчү киши жок”, - деди Турдуклов.

Кыргыз бийлиги криминалга каршы аёосуз күрөш жарыялап, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү делген кишилердин кармалганын байма-бай жарыялап жатат. Ага удаалаш эле күч органдары 2005-2010-жылдагы кылмыш дүйнөсүндөгү кишилер аралашкан өлүмдөрдүн бети ачылганын жарыялашты.

Маселен, Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2010-жылы киши колдуу болгон кримтөбөл Максат Карасартовдун өлүмүнүн бети ачылганын кабарлады. Тергөөдө бул кылмышка шек саналып маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, буга чейин бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы адам кармалып, камакка алынды. ИИМ ал кылмыштуу чөйрөдө “Протез” деген каймана ат менен белгилүү экенин кошумчалады. Ал мындан тышкары 2008-жылы Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевдин өлүмү боюнча да шектүү катары өтүп жатат.

ИИМ Максат Карасартовдун өлүмүнө уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагуловдун да тиешеси бар экенин билдирди. Ал былтыр 30-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы камерада бычакталып каза тапкан.

Милиция Акматбаевдин жакын тууганы Кубанычбек Коноевдин өлүмүнө шектүүлөр да кармалганын жарыялады. Алар да Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү экени кабарланды. Кубанычбек Коноев жана анын эки уулу Мирлан жана Нурлан 2006-жылдан кийин киши колдуу өлүм тапкан. ИИМдин маалыматында Нурлан жана Мирлан Коноевдер Акматбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү деп эсептелген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG