Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:20

2023: чек ара, криминал, туу жана укурук мыйзамдар


Кыргызстандын туусун өзгөртүүгө каршылыкты чагылдырган иллюстрация. Автору кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская.
Кыргызстандын туусун өзгөртүүгө каршылыкты чагылдырган иллюстрация. Автору кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская.

Тынчыбыган кыргыз саясаты 2023-жылы да курч окуяларга бай болду. Кыргыз бийлиги коңшу эки мамлекет менен чек араны тактоону илгерилетип, ондогон адамдар, анын ичинен саясатчы-активисттер кармалды. Бейөкмөт уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдар жылдырылды. Узаган жыл ошондой эле криминалга каршы күрөштүн күчөшү жана тууну өзгөртүүнүн жылы болуп калды.

Жыл окуялары: Мадумаров камалды, желек өзгөрдү, чек ара такталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:39 0:00


Чек ара: Бир өлкө менен чечилди, экинчиси менен бүткөнү калды

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоону аягына чыгаруу азыркы бийликтин тушунда жанданып, негизги аракеттер соңку үч жылда жүрдү. Мурда 85% тилке чийилсе, бул аралыкта калган 15% эң талаштуу жерлер аныкталды.

Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев соңку документтерди 2022-жылы ноябрда ратификациялап, 2023-жылы январда Бишкекте ратификациялоо грамоталарын алмашты. Иш жүзүндө эки өлкөнүн чек арасына узаган жылы чекит коюлду. Учурда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо иштери уланууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Мурдагы бийликтин тушунда, тагыраагы, 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы такталган. Демек, азыркы бийликтин тушунда 200 чакырымдай тилке такталды десек болот.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2021-жылдын апрель-майында ири жаңжал чыгып, андан соң кыргыз тарап чек арасын бир тараптуу жапканы Бишкек менен Дүйшөмбүнүн бул жааттагы аракеттерин ыкчамдаткан. Садыр Жапаров тажик лидери Эмомали Рахмон менен ар кайсы форматта бир нече ирет кездешип, натыйжада чек араны делимитациялоо иши кыйла жылды.

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров акыркы ирет 10-октябрда Бишкекте кездешти.
Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров акыркы ирет 10-октябрда Бишкекте кездешти.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 12-декабрда жолуккан маалда кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришкен. Албетте, калган 10% эң талаштуу тилкелер экени айтпаса да түшүнүктүү.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткенде Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, акыркы эки жылда чек арадагы каргашалуу окуяларда чек арачылар, карапайым адамдар да каза болгонун, Тажикстан менен чек араны тактоо кийинки жылдын жазында бүтө турганын айтты.

“Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса, чек арабыз чечилип, Борбор Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк орногон күн да келет. Мен жазга чейин барып бүтөбүз го деп ойлоп жатам”, – деген анда Садыр Жапаров.

Кыргызстандын Тажикстан менен болгон чек арасынын узундугу жалпысынан 972 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Соңку пайыздык катышты эсептесек, жалпы 850-900 чакырым такталган. Болжолдуу 100-150 чакырымдай тилке тактала элек деп бүтүм чыгарып турсак болот.

Чек ара боюнча адис Саламат Аламанов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, эки өлкө менен маселенин чечилишин мындайча баалады:

Саламат Аламанов
Саламат Аламанов

“Чек араны тактоодо “бул жер жеңил, бул жер оор” деп баалоо туура эмес болуп калат. Чечилбеген аймактын баары маанилүү, баарынын салмагы чоң. Биз кичинекей эле жерден талаш чыгып, бири-биринин позициясын кабыл албай, созулуп келатпайбы. Ошондуктан азыр чек араны чечүү жеңил бүтүп жатат дегендер жаңылышат. Мен “баланча чакырым такталды” деген ар бир кабарды жакшы кабыл алып жатам. Себеби чек аранын чечилиши ошол жерде жашаган калктын жашоосуна оң таасирин тийгизет. Мына Өзбекстан менен чечилди эле, каттоо, карым-катыш бир топ жеңилдеп калбадыбы! Жалгыз чечиле элек чек арабыз Тажикстан менен калган. Эгер ошол да чечилип, чекит коюлуп калса, андан аркы кадамдар чек арадан каттоо режимин жеңилдетүүгө өтөт. Анткени элдин талабы ошондой да”, – деди эксперт.

Кыргызстан төрт өлкө – Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек ара сызыгы буга чейин эле толук такталып бүткөн. Өзбекстан жана Тажикстан менен кесилиштерде талаштуу жерлер көп болгондуктан, ушул маалга чейин созулуп келген.

Камоолор: Мадумаров, “кемпирабадчылар” жана башка активисттер

Талаштуу тилкелер демекчи, кыргыз-тажик чек арасында мурдатан эки чоң маселе бар. Экөө тең Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы жерлерге байланыштуу.

Биринчиси - Ворух анклавынан Тажикстандын Кожалы айылына чейинки жерлер. Тажик тарап буга чейин мындагы Кыргызстандын Ак-Сай айылынын ичи аркылуу өтүп келсе, мындан ары аталган айылды айланып өткөн жол кургусу келип жүрөт. Бишкек ага уруксат бербей келген.

Экинчиси - Тажикстандын негизги аймагынан Ворух анлавына өтүп кетип жаткан жердеги кесилиш – Төрт-Көчө. Бишкек бул жер Кыргызстандын жери экенин билдирсе, расмий Дүйшөмбү аны өзүнүкү деп эсептейт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. 2021-жылы тартылган сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. 2021-жылы тартылган сүрөт.

Бул маселенин татаалдашуусуна 2009-жылкы чек ара боюнча протокол да себеп болуп жатат. Тагыраагы ал маалда Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол коюшкан. Тажик бийлиги так ушуну бетке кармап келет.

Бирок Кыргызстандын бийлиги бул протоколду мыйзамсыз кабыл алынган документ деп эсептейт. Бул жөнүндө президент Садыр Жапаров да бир нече жолу билдирүү жасап, маектеринин биринде Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. Бул үчүн парламент депутаты, ошол маалда Коопсуздук кеңешинин катчысы катары протоколго кол койгон Адахан Мадумаровду айыптаган.

Бул боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке эки жолу кайрылып, 2023-жылдын июнь айында парламент буга уруксат берген. Мында саясатчыга “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлган.

Мындан үч айдан кийин, 2-сентябрда милициянын атайын кызматкерлери Адахан Мадумаровду кармап, сот аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзү ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып, тагылган айыпты “жомок” деп атап келет.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Кеп ал протокол жөнүндө эмес, кеп протокол жөнүндө болуп жатат. Болбосо андай протоколдор жүздөп саналат". Балбак Түлөбаев “пандора жашыгын ачпагыла” деп айтып кетти. Анткени бул өтө коркунучтуу эскертүү. Ким ыңгайсыз болсо, аны протоколго такап туруп, алып кете бергенге жол ачылып жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жумушчу топтун протоколун ушундай деңгээлге чыгаруу - бул жеткен сабатсыздык. Болгондо да Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 2011-жылы муну толук жокко чыгарып, 2012-жылы өкмөт аны толук чакыртып алган. Ошондуктан бул 100% эмес, 1000% куугунтук”, – деген Мадумаров камалганга чейинки интервьюларында.

Баса, депутат Адахан Мадумаровго мындан башка да бир нече берене менен айып тагылган. Анын ичинен Өзбекстан менен чек араны тактоодо талаш жараткан Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегиндеги каршылыктарга байланыштуу да айып бар. Бирок парламент эл өкүлүн бул боюнча жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Кемпир-Абад демекчи, кыргыз бийлиги Өзбекстан менен чек арасын тактоо иштерин жандантып, анын ичинен Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу өлкөгө берилери айтылган 2021-жылдан тартып Бишкекте жана Өзгөндө ар кандай формадагы нааразылыктар чыгып турган. 2022-жылдын сентябрында жана октябрында суу сактагыч жайгашкан Өзгөндө бир катар акциялар өттү.

2022-жылы 15-октябрда Өзгөн районунда бул маселеге байланыштуу курултай болуп, 21-октябрда ал жүрүш менен коштолот. Ага катышкан саясатчылар 22-октябрда Бишкекте чогулуп, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүшөт. Ошол жылы 23-октябрда чогулушка катышкандардын дээрлик баары кармалат. Мадумаров да мына ошол жыйынга катышкандардын ичинде бар болчу.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы кармалгандарга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Бирок кармалгандардын бири да күнөөсүн мойнуна алган эмес. Алардын баары муну “саясий куугунтук” дешет.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, үй камагына чыккан саясатчы Улукбек Маматаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда 2022-жылдын 22-октябрындагы жыйында эмне сөз болгонун мындайча айтып берди:

Улукбек Маматаев
Улукбек Маматаев

“Ал жерде “биз Жогорку Кеңештен талап кылалы”, “элге кайрылуу жасайлы” деген эле сөздөрдү сүйлөшкөнбүз. Эч кандай "бийликти басып алалы", "курал менен чыгалы" же "бирөөнү кууп чыгалы" деген сөз болгон эмес. Демократиялык коомдо биз өзүбүздү демократ деп эсептейбиз. Жаран катары ошол жерде өзүбүздүн позициябызды гана билдирдик. Президент жабык жолуккан, бирок ал жерден өз суроолорубузга жооп ала алган эмеспиз. Ошондуктан президент биз менен түздөн-түз жолуксун деген кайрылуу таратканы жатканбыз. Ошентип, макул деп эле тараганбыз. Бирок, тилекке каршы, ошо 23-октябрда баарыбызды басып алып, камады. Ушул камоо канчалык зарыл болчу?”, – деген Маматаев.

“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган иштин алкагында кармалгандардын бир бөлүгү 5-6 ай отуруп, айрымдары 9-10 айдан соң үй камагына чыгарылды. Башкача айтканда, 2022-жылы кармалгандар 2023-жылы бошотулду. Бирок бул ишке байланыштуу кармалган 27 кишинин ону ушул күнгө чейин дале тергөө абагында жатат жана соттору жабык өтүүдө.

“Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”, - деген Садыр Жапаров сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес", - деди 6-декабрда өткөн экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров.


Белгилүү болгондой, ушул тапта Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов жана Тимур Махмудов тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бир бөлүгү.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бир бөлүгү.

Ал эми Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов үй камагында. Булардын ичинен Нарматова менен Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канат Исаев да булар менен чогуу кармалып, бирок ага башка берене менен айып тагылган. Ал да үй камагына чыккан.

Баса, “Азаттык” атайын изилдөөсүндө мындан сырткары социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктаган.

Социалдык тармактарда пикир жазганы үчүн кармалган же жоопко тартылган колдонуучу жана активисттер.
Социалдык тармактарда пикир жазганы үчүн кармалган же жоопко тартылган колдонуучу жана активисттер.

Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар. Алар кайра эле Кемпир-Абадга байланыштуу, ошондой эле туу, дин, улут жана башка темаларда пикирин билдиришкен же бийликти сындашкан. Бирок бул топтогуларга Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандык”, "бийликти күч менен басып алууга чакырыктар", "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу", “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренелери менен иш козголгон.

ЖМК, жарандык коом жана мыйзамдар

Саясатчылар, активисттер жана катардагы жарандардан сырткары 2023-жылы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын башына кара булут айланып турду.

Чек ара жөнүндө материалга байланыштуу “Азаттыктын” сайты, банктык эсеби тогуз айдай жабылып, кайра ачылды. Маданият жана маалымат министрлиги камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылып, "Клооп" порталынын сайтын бөгөттөдү. Ал азыр да жабык турат.

2023-жылы ошондой эле Жогорку Сот "Кактус медиа" басылмасын "Вечерний Бишкек" гезитине 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатат.

Узаган жылы ошондой эле Президенттин администрациясы сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырган башкы маселелердин бири болду. Администрация 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы, ошол себептүү аны жаңылоо керектигин билдирген.

Сөз эркиндигин коргоого арналган акциялардын бири.
Сөз эркиндигин коргоого арналган акциялардын бири.

Документ өзү 2022-жылы коомдук талкууга чыккан, бирок 2023-жылы бир катар талкуулар өттү. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамачылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Бир жыл ичинде ал бир канча жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, дагы деле бул мыйзамдын дарегине айтылган сындар басаңдай элек.

“Медиа платформанын” мүчөсү, журналист Семетей Аманбековдун айтымында, ар бир мыйзам кайсы бир тармакты алдыга сүрөп, өнүктүрүүгө багытталышы керек. Ал эми “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору басмырлап, бөгөттөп, куугунтуктоого багытталып калган.

Семетей Аманбеков
Семетей Аманбеков

“Эң чоң көйгөй каттоодон башталып атат. Ал мыйзам боюнча ар бир электрондук сайт ЖМК катары атайын каттоодон өтүшү керек. Ушул тапта Кыргызстанда 29 миң сайт бар экен. Анан дал ушул каттоого ар кандай тоскоолдуктарды жаратып койгон. Мисалы, сайттын георграфиясын жазуу талабы бар. Аны жазбасаң каттабайт. Сайттын географиясын кантип жазууга мүмкүн? Мисалы, “Азаттыктын” сайтын кайсы жерде окуп жатканын билбейбиз да. Жаңы Зеландияда окуйбу же Австралиядан окуйбу? "Окубайт" деп жазсаң, бирок ал жерден бир эле окурман чыгып калса, "туура эмес жазгансың" деп каттабай коёт. Ушул сыяктуу жасалма тоскоолдуктарды жаратып, болгон аракетин көрүп жатышат”, – деди Аманбеков.

Баса, жарандык коомду түйшөлткөн дагы башка мыйзам – “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору 2023-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Насилинде бул дагы жаңы мыйзам эмес.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан. Парламентке 2023-жылдын жазында киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну. Бишкек, Кыргызстан.
Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну. Бишкек, Кыргызстан.

120 өкмөттүк эмес уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен. Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов декабрда Париж шаарында RFI – Франциянын эл аралык радиосуна (Radio France internationale) интервью берип жатып, кеп болуп жаткан эки мыйзамды комментарийледи. Байсалов анда мындай мыйзамдардан кооптонууга негиз жоктугун айтты:

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Президенттин администрациясы мындай мыйзам долбоорлору тууралуу сиздер сыяктуу эле жаңылыктардан угабыз. Бул мыйзам долбоорлорун биздин парламенттин айрым депутаттары алып чыгууда. Бирок муну менен алар мыйзамдарды демилге кылуу укугу пайдаланып жатышат. Парламентте дебаттар боло берет, бирок буга мамлекет башчысынын, өкмөттүн эч кандай тиешеси жок. Мен көп жылдык тажрыйбасы бар укук коргоочу катары, жарандык коомдун активисти катары мындай мыйзамдарга катардагыдай эле мамиле кылам. Анткени иш жүзүндө мындай мыйзамдардын көбү аткарылбайт. Азыркы заманда мындай көзөмөлдү киргизүү дээрлик мүмкүн эмес. Эркиндикти сүйүү, сөз эркиндиги, оюн эркин айтуу биздин көп улуттуу элибиздин ДНКсына чейин жазылып калган жана биз муну эчен ирет далилдегенбиз. Эркиндикти чектеген кандай гана аракет болбосун, коом аны катуу каршылык менен кабыл алат. Ошондуктан депутаттар кандайдыр жол менен парламенттик көпчүлүктү ынандырып алып өтүп кетип, президентти жарга такап, ал кол койгон күндө да, мындай демилгелер адатта ишке ашпаган абалда калып калат”, – деди Эдил Байсалов.

Жарандык коом өкүлдөрү бул демилгелер кабыл алынса, Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы демократиялык мамлекет деген кадыр-баркына, эл аралык мамилелерине доо кетерин айтып келишет. Чынында эле бир нече Батыш өлкөлөрү талаштуу демилгелерге камтамачылыгын билдиришкен.

Эл аралык мамиле демекчи, 2023-жылы Садыр Жапаров сыртка утур-утур чыгып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери менен биргеликте C5+1 форматындагы жолугушууларын өткөрдү.

Май айында Борбор Азиянын беш президенти кытай лидери Си Цзинпин менен Сиань шаарында учурашса, июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинде беш лидер Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел менен кездешти.

Сентябрда алар АКШнын президенти Жо Байден менен Нью-Йоркто бир үстөлгө отурду. Беш өлкөнүн президенттери Орусиянын лидери менен башка уюмдарда да чогуу кездешип турушат. Ошол эле маалда, айталы, америкалык лидер менен алар мындай форматтагы кездешүүнү биринчи ирет өткөрүштү.

Президент өзү соңку эки жылга 30га чукул өлкөгө чыкканын жарыялады.

Ири өнөктүккө айланган криминалга каршы күрөш

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы масштабдуу күрөш узаган жылдагы чоң окуялардын бири болуп калды.

Арийне, азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаров жана анын саясаттагы негизги өнөктөшү Камчыбек Ташиев бийликке келген соң Кыргызстанда криминал жана уюшкан кылмыштуулук менен кескин күрөшүүгө сөз беришкен. Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектей баштаган 2020-жылдын күз айларында “мындан ары Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ болбойт” деп билдирүү жасаган.

Жапаров президент болуп шайланып, Ташиевдин ыйгарым укуктары кеңейген соң ошол эле Көлбаев бир-эки ирет кармалып, бирок кайра бошотулду. Бул жагдай коомчулукта сын-пикирлерди жаратып келди.

2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармоо операциясы кайрадан өтүп, ал атайын операция маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат муну улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери да Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир катар кишилер кармалды.

Ортодогу билдирүүлөрүндө атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Көлбаевге байланыштырып, "мындан ары Көлбаев жана Матраимов мафиялары болбой турганын" айткан. Ал мамлекеттик кызматтарда, анын ичинен бажыда бул экөөнө байланышкан 202 кызматкер жумуштан алынарын билдирген.

Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун байланышын чагылдырган коллаж.
Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун байланышын чагылдырган коллаж.

Бул окуя коомчулукта түрдүүчө кабыл алынып жатты. Анын ичинен бул аракетти колдогондор басымдуу болду. Айталы, саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков “Камчы Көлбаевдин өлүмү, анын артынан уланган "мыйзамдагы уурулардын" кылмыштык идеологиядан баш тарткан билдирүүлөрүн Кыргызстандын жаңы тарыхындагы өзгөчө бир учур” деп атады.

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

“Кыргыз бийликтеринин өлкөдөгү кылмыштык лидерлерге карата мышык-чычкан ойношуп отурбай катуу чараларга барышы жана Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин кылмыш лидерлеринин шөмтүрөгөн билдирүүлөрү - постсоветтик чөлкөмдөгү сейрек кадам. Бул деген кылмыштык идеология канчалык өркүндөбөсүн, кыргыз калкынын көчмөн, эркин духуна тамырлап кете албастыгынын ачык далили. Кылмыш идеологиясын туюк даңазалаган андай салтты, бөтөн тараптар аркылуу таңууланып келген чоочун эрежени кыргыз бийликтери элдин аң сезиминен алып ыргыткысы келген кадамдары туура. "Эрежени, мыйзамды биз аныктайбыз" деп көнүп калган кылмыш дүйнөсүнө так ошондой катаал чараларды көрүп, алардын орду каерде экенин көргөзүп коюуга расмий бийлик милдеттүү. Антпесе соңку ондогон жылдар ичинде "ворлордун" этикасы кыргыз калкынын адеп-ахлагына доо кетирип, үстөмдүк кылууга өтө баштаган. Кылмыш дүйнөсүнө таандык болуу кандайдыр барктуу, сыймыктуу сыяктанган адат кадыресе көрүнүшкө айланган эле”, – деп жазды Кабылбеков Фейсбуктагы баракчасында.

2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров эл алдында бажыдагы коррупциялык фактыларга ысымы байланышкан Райымбек Матраимов камаларын убада кылган. Кийин Матраимов кармалып, сотто күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп бергенден кийин абактан бошотулган. Көлбаев өлтүрүлгөн соң Матраимов да сурак берип, бирок кийин өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган.

Башка маселе, эгер алар чындап мафия болсо анда Көлбаевге жана Матраимовго эмне үчүн мурда жетиштүү чара көрүлгөн эмес? Эмне үчүн аларга каршы ушундай аракеттер азыр көрүлдү? Бул суроого атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда жооп берди.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Камчы Көлбаев менен да, Райым Матраимов менен да ушундай сүйлөшүү болгон, муну коомчулук билиши керек. Үч жыл алдын биз бийликке келген маалда аларга “коомго зыяныңарды тийгизбегиле, мыйзамды бузбагыла, өзүңөрдүн жашооңор менен жашагыла, ушуга чейин тапкан акчаңарды элдин жыргалчылыгы үчүн жумшагыла” деп шарт койгонбуз. Алар ошого макул болушкан. Башында өздөрүн да камаганбыз, тергөөнүн алкагында керектүү сумманы мамлекетке төлөп беришкен. Матраимов 2 млрд сомдой, Көлбаев 1 млрд сомдой каражат төлөгөн. Ошентип, кайра чыгып жашап атышкан. Бирок акыркы бир жылдан бери кайра күчөп кетишти. Мурдагыларын кайра баштады, кайра тоной баштады, коркутуп-үркүтүп жатышты. Мамлекеттик кызматтагы өздөрүнүн байланыштары менен мамлекетке зыян келтирип турушту. Бажыга киришти. Матраимов “Эркечтамды” кайрадан көзөмөлгө алып, өзүнүн бажычылары менен чогуу акча жыйнап туруптур. “Кой” десек, мыйзам чегинде эскертсек, болбосо, биз эмне кылышыбыз керек? Тил албай коюшту, биз аларды жазалап жатабыз”, – деген Ташиев УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып.

“Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген үч-төрт жыл мурдагы иликтөөлөрүндө көпчүлүккө белгисиз Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү аныкталган.

Шашылыш өзгөргөн туу

2023-жылдагы эң ири саясий окуя катары Кыргызстандын мамлекеттик туусунун өзгөрүшүн да атасак болот.

Мурдараак бул жөнүндө коомдук деңгээлде сөз кылбаган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов сентябрдын аягында капыстан эле мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарышты.

Тагыраагы, демилгечилер мамлекеттин башкы символдорунун бири болгон тууну өзгөртүүнү сунушташты. Алар мунун себебин алгач “туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен диллеманы пайда кылып” жатканы менен түшүндүрүшкөн. Депутаттар анда желектеги күндүн нурун чагылдырган толкун сымал сызыкты түз кылып чийип, түндүктөгү чамгарактын санын үчтөн төрткө көбөйтүүнү сунуш кылышты.

Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жараткан. Анын ичинде депутат Мирлан Самыйкожо парламент трибунасында мамлекеттик тууну өзгөртүүнү кескин сындап турду. Башка бир эл өкүлү Дастан Жумабеков тууну өзгөртүү үчүн бүткүл элдик референдум өткөрүү керектигин айтты.

Ортодо мыйзамдын демилгечилери туунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековду, ошондой эле желекти кабыл алган “Легендарлуу парламенттин” төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов менен жолугуп, алардын сунуштарын, пикирлерин укту.

Кийин президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирип чыгышты. Өкмөт да ушундай позициясын жарыялады. Ушундан соң ноябрь ичи мыйзам долбоорун парламенттин комитети, кийин жалпы палата биринчи окууда жактырды.

Ага карабай коомчулукта нааразылыктар тынчыган жок. Социалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө байланыштуу флешмобдор өтүп, Бишкекте митингдер жана жүрүштөр уюштурулду. Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалып, эки айга камалды.

Бирок бийлик өз демилгесин артка кайтарган жок. Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жыйынында мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин жарыялады. Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө барганын, айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп, май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Спикер Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип, желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей, мени тепкилегиле”, – деди президент.

Президент сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. Курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапты. Бирок тууну өзгөртүү сунушу колго салынып, добуш берилген жок.

Мындан үч күндөн кийин – 19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. 20-декабрда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды.

Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)
Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)

Сессияда мыйзам долбоору боюнча бир эле депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөдү, башка талкуу болгон жок. Нуржигит Кадырбеков тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты.

2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров мыйзамга кол коюп, тууну өзгөртүүгө акыркы чекит коюлду. Ошентип, өлкөнүн эң башкы символдорунун бири – желекти өзгөртүүнү бийлик шашылыш түрдө, үч-төрт ай убакытта гана чечип койду.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек “Азаттыкка” берген интервьюсунда Кыргызстандын туусун өзгөртүүдө калктын үнү угулбай калганын белгилеп, бул дайыма бийликке жабылган бир көө бойдон кала берерин айтты:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Тууну өзгөртүү боюнча чечим дээрлик талкуусуз кабыл алынып, коомдун пикири, үнү угулбай калды, ал унутулбайт. Ошондон улам мындан ары туу нааразылыктардын символуна айланат. Мындан ары боло турган терс көрүнүштөргө туунун өзгөрүүсү себеп болду деп коом мунун бийликтин берите кармайт. Лидерлер чыгып бириктире албаган оппозицияны, нааразылыктарды биздин өзгөрүп кеткен туубуз бириктирет. Мындайча айтканда, үмүттү коом өзгөрүлүп кеткен тууга байлай берет. Ошондуктан бийлик, орустар айтмакчы, өзүнө “медвежий услуга” кылды”.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Толук 31 жылдан кийин желек өзгөрүүгө дуушар болду. Албетте, бийлик бул өзгөртүүнү "жөн гана алымча-кошумча киргизүү" деген позицияны карманды. Бирок көпчүлүк жашоочулар муну дээрлик жаңы туудай кабыл алышты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG