Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

"Көлбаевге айына миллион сом берип турган". Казак ишкерине издөө жарыяланды


коллаж
коллаж

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Чаткал районунда Жамгыр кенин казган "Вертекс Голд Компани" компаниясынын кожоюну, казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге издөө жарыялады.

Атайын кызмат ал былтыр октябрда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жакын болгонун, ага ай сайын ири суммадагы акча берип келгенин билдирди.

Казакстандык "Казахмыс холдинг" компаниясы Жуманбаевдин уюшма кылмыш топтору менен байланышы тууралуу дооматты четке кагып, ишкер тергөө менен кызматташууга даяр экенин маалымдады.

Ал арада "Вертекс Голд Компанинин" Кыргызстанда жетекчиси бир аптадай мурда камакка алынганы, ишкандагы жумуш токтоп калганы белгилүү болду.

УКМКнын маалыматына ылайык, "Братский круг" деп аталган эл аралык кылмыштуу топко кошулган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобун казакстандык ишкер, Чаткалда кен казган "Вертекс Голд Компанинин" ээси Владимир Жуманбаев каржылап келген. Ошондой эле, кылмыш тобунун анабашы менен жакын мамиледе болуп, ай сайын 1 миллион сомдон берип турган.

Атайын кызмат ошондой эле кен казган компанияда кирешени жашыруу өңдүү каржылык мыйзам бузуу фактысы аныкталганны билдирди. Учурда Жуманбаевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланы тууралуу кабар таратты.

"Владимир Жуманбаев Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) мыйзамсыз иш-аракеттерин, тактап айтканда, опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, "адам өлтүрүү", "адам уурдоо" жана "кылмыштуу топ түзүү" өндүү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн бир нече жолу соттолгонун билип туруп Кыргызстанда бизнес кылуу үчүн анын менен байланыш түзгөн. Жуманбаев Кыргызстанда алтын казган "Вертекс Голд Компани" компаниясынын ээси катары 2021-2023-жылдар аралыгында компаниянын жооптуу кызматкерлерине көрсөтмө берип, Көлбаевге ай сайын бир миллион сомдон котортуп турган. Жуманбаев Ысык-Көлдөгү "Барс" эс алуу борборунда Көлбаев менен бир нече жолу эс алган жана жолуккан. Ал жакка менчик учактары менен келген. "Вертекс Голд Компани" ишканасында кирешени жашыруу үчүн жалган отчеттук маалыматтарды берген фактылар аныкталды. Анын негизинде бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бишкектеги Октябрь райондук соттун чечими менен Жуманбаевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланды", -деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.


"Форбс Казакстан" басылмасынын маалыматына ылайык, Жуманбаев Казакстанда эң бай деген адамдардын тизмесинде 25-орунда турат. Анын байлыгы 364 миллион долларга чамалайт. Ишкер "Алтын Алмас" жана "Каражыра" компанияларынын 20% үлүшүнө ээлик кылат. Ошондой эле тоо-кен тармагында "Бенкала", "Ronson-2000" жана "Vertex" компанияларында 30% үлүшү бар жана "Казахмыс" компаниясынын топ-менежерлеринин бири.

Бул окуяга байланыштуу "Казахмыстын" комментарийин tengrinews.kz сайты жарыялады.

"Владимир Жуманбаевдин УКМКнын билдирүүсүндөгү топторго тиешеси жоктугун билдиребиз. Учурда ал эмгек өргүүсүндө жүрөт. Жуманбаев укук коргоо органдарынан жашырынган жок жана тергөө менен ар тараптуу кызматташууга даяр. Ошол эле маалда "Казахмыс", "Алтын Алмас", "Каражыра" компанияларынын тобуна сотко чейин тергөө органдарынан расмий кайрылуу түшкөн эмес",- деп жазылган маалыматта.

Ал арада Чаткалдагы "Вертекс голд" компаниясынын Кыргызстандагы директору Денис Ярмошкин камакка алынганы белгилүү болду.

Чаткалда алтын кенин иштеткен "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда. 21-сентябрь, 2021-жыл
Чаткалда алтын кенин иштеткен "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда. 21-сентябрь, 2021-жыл

Аталган компаниянын өкүлү "Азаттыкка" ал 30-майда УКМКнын Таластагы бөлүмүнө суракка баргандан кийин камалганын, ишкана ошол күнү жабылганын, ага чейин текшерүү болгонун айтып берди. Ошондой эле жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаров менен жолугушканын, учурда орусиялык компания менен иштешүү жагы каралып жатканын билдирди.

"Баарын жаап салышты, жумуш токтоп турат. Ал жакта азыр күзөтчүлөр эле калды. Биз президентке айттык, териштирүү иштери бүтсө ачышат го. Жетекчини болсо УКМК 30-майда камап койгон, ал ошол жакта отурат. Ага чейин кыскартуулар жүрүп жаткан, андан кийин жабышты. Азыр орусиялык бир компания менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ошолор менен бирге ишти алып кетебиз деп турабыз. Анткени Чаткалда акча түшпөй калды деп жатышат. Кенде 700дөй киши иштечү. Жалданма компанияларды кошкондо миңдей болчу, азыр алардын баары отуруп калды. Казак инвесторлор өздөрүнүн үлүшүн алып кетишет, же болбосо биргелешип иштешет. Фабрикабыз туура эмес болуп калып, анын иши токтоп, жабылбадыбы. Бирок ал буюрса иштейт го, анткени президент өзү деле өндүрүш токтобошу керек деп айтты. Мен президентке бүгүн кирип чыктым, кырдаалды, жагдайды айттык. Ал "мындан ары алып кирип эле камай бермей болбойт, токтоткула деп айттым" деди. Качан гана соттун чечими чыгып, ушунча суммадагы салык төлөнгөн эмес дегени аныкталгандан кийин дагы төрт-беш ай мөөнөт беребиз, эгер ошол убакта зыянды төлөп бербесе гана камалат" деп айтты".


"Вертекс голд компанинин" Кыргызстандагы директорунун камалышы тууралуу УКМК азырынча комментарий бере элек. Президенттин администрациясы дагы Садыр Жапаров аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушканы тууралуу маалымат тараткан жок.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин билдиришинче, жергиликтүү бийликке компаниянын иши фабрикасынан улам убактылуу токтогону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алтынбек Сеңирбаев.
Алтынбек Сеңирбаев.

"Ал жакта жаңы фабрика курулуп бүткөн. Бирок руданын курамы фабриканын талаптарына туура келбей калды. Буга чейин руданы, алтын кошулмаларын Казакстанга, Балкашка ташып, ошол жактан алтын чыгарылып, кайра бул жакка алып келишчү да. Ошол чыгымдарын баарын эсептеп, булар былтыр бул жакка фабрика куруп бүткөн. Ал ишке кирип баштаганда руданын породасы өзгөрүп калды. Буга чейин анализ алынган порода эмес, кум, баткак аралашкан болуп калды. Ушундан улам фрабрика жакшы жуубай, компания чыгыша болуп жатканын фабриканын технологиясын кайра өзгөртүү үчүн жабышты. Жумушчулардын 65% айлыгын берип туруу шарты менен аларды эки айга таратышкан. Эмгек келишимине ылайык, алардын айлыгынын 65% төлөп берип атышат. Азыр эми алардын ишинде мыйзам бузуулар болгону тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Жетекчилери камалганы тууралуу бизде маалымат жок",- деди Сеңирбаев.

Буга чейин "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак чыгып, бир катар сын-доомат айтылып келген. Жергиликтүү тургундар компания уу калдыктар сакталган жайы суунун жанына курулганына каршы болуп, аны жабууну талап кылышкан, нааразылык акциялар өткөн. Ишканын өкүлдөрү айтылган дооматтарды четке каккан.


Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында, 2021-жылы жайында бул компанияга байланыштуу депутаттык комиссия дагы түзүлгөн. Анда компаниянын иши, айлана-чөйрѳгѳ тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сактап-сактабаганы иликтенет деп айтылган. шол комиссияга мүчө болгон экс-депутат Сайдулла Нышанов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, ошол маалда айрым ишкерлер бийликтен коргоп-колдоо болбогондуктан уюшма кылмыш топторуна аргасыз акча төлөп келген учурлар болгон деп билдирди.

Сайдулла Нишанов.
Сайдулла Нишанов.

"Биз бул кенге Таластын ашуусун ашып барганбыз, ошол ашуудан өткөндөн кийин эле экен. Биз барып, шахталарына чейин кирип көргөнбүз. Казылган рудаларды Маймаа станциясына алып барып, ошол жактан жүктөп Казакстанга алып кетишчү экен. Биз барганда ал компаниянын ээси ким экенин билген эмеспиз, жеке мен сүрүштүргөн деле эмесмин. Биз текшергенде конкреттүү мыйзам бузуу деле тапкан эмеспиз. Ошол маалда фабрикабызды курабыз деп турушкан. Маселелер көтөрүлгөн. Биз барганда жергиликтүү тургундар, жаштар, депутаттар дагы чогулуп келген. Ал жерде алардын айткан айрым жүйөлөрү туура болгон. Бирок ошол жерде кен иштеткен компанияга каршы айрым бир күчтөр кайсы бир топторду тукуруп турган учурлар дагы болгон экен. Менин жекке пикиримде ишкерлер криминалга өздөрү биринчи чуркап барып, аларга акча төлөбөйт. Бийлик алсыз болуп, аларды коргой албай калганда, каралар чыгып аларды айына же жылына төлөнчү акчага "отургузуп" койчу. Алар балким салык төлөбөй коюшу мүмкүн, бирок караларга такай төлөп турган. Эми ишкерлер арасында уюшкан кылмыш топтору камыр-жумур болуп, коюн-колукт аралашып кеткендери да болгон. Бирок бизнесмендердин бир бөлүгү "караларга" коркконунун акча берип келген".

"Вертекс Голд Компани" 2011-жылдан бери Чаткалда Жамгыр кенин иштетет. Ал кенде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган.

Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:43 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG