Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

АКШ жаңы санкция киргизүүнү көздөп жатат. Орусиянын экономикасын эмне күтөт?


Иллюстрация
Иллюстрация

АКШ Орусиянын жаратылыш ресурстарына 500% төлөм киргизүү ниетин билдирди. Эгер бул максат ишке ашса, Орусияга кандай таасир этет?

Сенаторлор колдогон мыйзам долбоору

Америкалык 70тен ашуун сенатор эгер Москва тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартса, Орусиянын экономикасына "кыйратуучу" сокку уру турган мыйзам долбоорун колдоду.

Bloomberg жазгандай, мыйзам долбоорунда Орусиянын мунайын, мунай товарларын жана жаратылыш газын сатып алган мамлекеттер үчүн АКШга товар импортоодо 500 пайыздык төлөм киргизүү маселеси бар. Мындан тышкары америкалык каржы мекемелерине Орусиянын өкмөтү менен байланышы бар уюмдарды каржылоого, АКШнын жарандарына орусиялык мамлекеттик облигацияларды алууга тыюу салынат.

30-апрелде Орусиянын Каржы министрлиги өлкөнүн бюджетинин тартыштыгы көбөйгөнүн айтып, муну дүйнөдө мунайдын арзандашына байланыштырган.

Мунайдын баасы АКШ президенти Дональд Трамптын ондогон мамлекеттерге импорттук төлөм киргизген чечиминен кийин арзандап кетти.

ОПЕК+ уюмуна кирген өлкөлөр июнда мунай өндүрүүнү кескин көбөйтүүнү чечти.

Трамптын чечиминен кийин Brent үлгүсүндөгү бензин 15% чейин арзандап, баррели 64 доллардан айланды.

Орусиянын Urals үлгүсүндөгү бензин 53 долларга чейин түшүп, 2023-жылдын июнунан берки эң төмөн баа болуп калды.

Бул Орусиянын 2025-жылдагы бюджетинде камтылган баадан бир топ төмөн.

Мындай жагдайда Орусиянын экономикасын эмне күтөт? Жаңы санкциялар салынса эмне болот? Бул суроолорго макроэкономист Артем Кочнев жооп берди.

500 пайыздык төлөм

Кочневдин айтымында, АКШнын жаңы мыйзам долбооруна "саясий-экономикалык" деп баа берсе болот.

"Кытайга карата төлөм киргизүү жана Трамптын командасынын акыркы риторикасынан улам мындай чаралар жөн эле коркутуу аракети катары таасир калтырат", – деди Кочнев.

Анын айтымында, товар киргизүүгө 500 пайыздык төлөм деген бул тыюу салуу дегенди түшүндүрөт.

Орус мунайын жана мунай продуктуларын негизги импорттоочулардын бири - Кытай, ал өлкө АКШнын тышкы соодасында өтө чоң үлүштү ээлейт.

Орусиянын дагы бир чоң өнөктөшү болгон Индиядан Кошмо Штаттар жалпы импорттун 2-2,5% импорттойт.

Андыктан, экономист Кочнев Вашингтондун мындай кадамы ишке ашарынан күмөн санап турат.

Эгерде Индия, Кытай сыяктуу мамлекеттер Орусиянын мунайын албай кала турган болсо, Орусиянын экспорту төмөндөп, бул жагдай рублдин курсун алсыратып, инфляциянын өсүшүнө алып келиши ыктымал:

"Орусия өзүнүн көмүскөдөгү флотун дагы активдүү пайдаланууга аракеттенип, башка мамлекеттерге товар сатууну караштырышы мүмкүн. Бул үчүн мүмкүнчүлүк бар. Бул жерде кандайдыр бир чараларды киргизүү эмес, аны ишке ашыруу жана көзөмөлдөө маселеси турат. Бул санкциялардын натыйжа беришинде маанилүү маселелердин бири", – деп кошумчалады Кочнев.

Мунайдын баасы

Экономисттин баамында, Орусиянын экономикасына мунайгаздан түшкөн киреше катуу таасир этет.

"Мунайдын баасынын жада калса 15-20% пайызга арзандашы киреше менен чыгашанын ортосундагы ажырымды күчөтөт. Азыр бюджетке киргизилген эсеп бир топ консервативдүү. Экономикалык өнүгүү министрлигинин божомолунда мунайдын баасы эң катуу дегенде дагы беш долларга гана түшүүсү мүмкүн деген консервативдүү божомол жазылган", – деди экономист.

Ошол эле маалда энергетикалык базарды иликтеген агенттиктер кийинки жылы деле мунайдын баасы ылдыйлай берет деген божомолду жарыялап жатышат.

"Кагаз жүзүндө маселени жарандардын чөнтөгүнө олуттуу таасир этпегендей кылып чечкенге мүмкүнчүлүктөр бар. Эгерде жакынкы эки жылда ИДПнын 2% чегинде бюджеттин тартыштыгын жабуу керек болсо, анда 4% жакын карыз алышы керек жана муну белгилүү бир убакыттын ичинде ички рынокто жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары акыркы үч жылда олуттуу түрдө кыскарып кеткен Улуттук жыргалчылык фондундагы каражатты пайдалана алат, кору азайып кеткенине карабай фонд аркылуу бюджеттин тартыштыгынын бир бөлүгүн жабууга болот. Албетте, мамлекеттин колунда бизнеске жана жарандардын кайсы бир тобуна салыктарды жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да бар", – деди эксперт.

3-майда Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен АКШда Орусияга каршы экономикалык санкциянын жаңы пакети даярдалганын жазды.

Басылманын булактары чектөөлөр энергетика жана банк секторуна багытталганын, анын ичинде табигый ресурстар менен иштеген "Газпром" баштаган компаниялар да бар экенин билдиришкен.

"Санкциянын максаты - Москвага басымды күчөтүп, аны президент Дональд Трамптын орус-украин согушун токтотуу демилгесин колдоого аргасыз кылуу", - дешкен агенттиктин маектештери.

Трамптын акыркы чечими кандай болору азырынча белгисиз.

Bloomberg басылмасы буга чейин Владимир Путин согушту токтотууну каалабагандыгы үчүн Трамптын кароосунда басымды күчөтүүнүн бир канча варианты жатканын, анын планы толук ачыктала электигин жазган.

Шерине

XS
SM
MD
LG