Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

Депутат Жылдыз Садырбаева вице-спикер болуп шайланды


Жылдыз Садырбаева.
Жылдыз Садырбаева.

30-апрелде Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жылдыз Садырбаева парламенттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

55 жаштагы Жылдыз Садырбаева Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. 1987-1993-жылдары Иван Петрович атындагы Санкт-Петербург медициналык институнун “Дарылоо иши” факультетинде окуган. 1993-1995-жылдары Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатурасын өткөн.

1997-жылы “Жылдыз-Фарм” компаниясын негиздеген. 2003 -2021-жылдары “Эляй” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп иштеген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева 28-апрелде өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматтан кеткен.

Жогорку Кеңештин спикеринин үч орун басары бар. Буга чейин “Элдик” депутаттык тобунан Нурланбек Азыгалиев, “Ишеним” фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев вице-спикер болуп шайланган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланат.

Коомчулукта “депутаттар президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мындай дооматтарды бир нече жолу четке каккан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG