Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү тууралуу токтомго кол койду.
Өкмөт бул чечим электр энергиясы тартыш учурда керектөөчүлөргө электр жарыгын үзгүлтүксүз жеткирүү максатында кабыл алынганын билдирди. Токтом 1-майдан тартып күчүнө кирет.
Ага ылайык, 1-майдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин азыр 2,39 сомдон эсептелсе, эми 2,60 сомго жогорулайт.
Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөсө, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйынга чыгат.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.
Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет. (BTo)
Шерине