Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагеринин ар бирине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Ал үчүн президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүү тапшырмасы берилди.
Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке 80 жыл болот. Кыргызстанда Жеңиш майрамына карата аскердик парад 8-майда өтөрү кабарланган. 9-майда Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага - Кызыл аянтка барары айтылган.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.
СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан тараган мамлекеттерде жеңиш күнү катары белгиленет.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (BTo)
Шерине