Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Журналисттер прокуратураны “Апрель” каналына каршы арызын кайтарып алууга чакырды


"Апрель" телеканалынын эн белгиси.
"Апрель" телеканалынын эн белгиси.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы прокуратуранын “Апрель” телеканалынын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирди. Телеканалды жабууга негиз болуп жаткан жүйө кооптуу прецедент экенин, бийликти сындоо, тамаша-чыны аралаш сын айтуу кылмыш эмес экенин кошумчалады.

Эмоция үчүн каналдын лицензиясын жокко чыгаруу аракети бир гана Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө эмес, Конституцияны, Кыргызстан кошулган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт менен кепилденген сөз эркиндигине каршы келери белгиленген.

Буга байланыштуу Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Башкы прокуратураны “Апрель” телеканалынын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчүн кайтарып алууга, президентти жана Жогорку Кеңешти бул окуяга реакция кылууга чакырды.

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы сотко “Апрелдин” лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында телеканалдын материалдарына Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызмат, Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык психиатрия жана наркология борборунун экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясы экспертиза жүргүзгөн. Үч экспертиза тең “Апрель” телаканалынын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген деген жыйынтык чыккан.

Анда “Апрелдин” алып баруучуларынын сарказм, шылдың менен коштолгон мимикасы ал берүүлөрдү көргөн адамдарга Кыргызстандын бийлигин жаман көрсөтүп, кадыр-баркына доо кетирери айтылган.

“Апрель” мындай айыптарды четке кагып, телеканал ар кандай деструктивдүү аракеттерге каршы экенин билдирип, бийликке айтылган сын демократиянын негизги принциптери экенин, сот бул арыз боюнча адилет чечим кабыл аларына ишенерин кабарлаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалы 2018-жылдын 2-апрелинен баштап эфирге чыга баштаган. 2019-жылы Кой-Таш окуясында Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Ички иштер министрлиги соттун чечими менен “Медиа Форум” ишканасынын жана “Апрель” телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Мүлкү камакка алынган “Апрель” интернет-телеканал катары сайтын жана социалдык тармактардагы баракчаларын иштетип баштаган.

Бишкек шаардык прокуратурасы 2024-жылы август айында “Kloop” порталын жабуу боюнча ушундай эле арыз менен сотко кайрылган. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Ошол эле жылдын 16-июлунда Жогорку сот ал чечимди колдогон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG