Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Касымалиев америкалык ишкерлерге сейрек ресурстарды иштетүүдө өнөктөш болууну сунуштады


Адылбек Касымалиев кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин жолугушуусунда. Вашингтон, АКШ
Адылбек Касымалиев кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин жолугушуусунда. Вашингтон, АКШ

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондогу сапарынын жүрүшүндө кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Касмалиев өлкөдө жүрүп аткан реформалар тууралуу маалымат берип, америкалык инвесторлорду Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө катышууга чакырган. Ал өлкөдөгү инфрастуралык долбоорлор тууралуу айтып берип, алардын арасында Камбар-Ата 1 ГЭСи сыяктуу, андан сырткары сейрек кездешчү минералдарды иштетүүнү сунуштарын билдирген:

"Кен казып алуу жана кайра иштетүү дагы приоритеттүү тармак болуп саналат. Кыргызстан маанилүү ресурстарды чалгындоо жана кайра иштетүүдө ишенимдүү жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү өнөктөштүктү сунуштоого даяр".

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтонго Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын жазгы жолугушууларына катышуу үчүн барган. Сапардын жүрүшүндө эл аралык финансылык уюмдар жана бир нече инвесторлор менен жолугары айтылган.

Соңку учурда дүйнөдө сейрек кездешчү минералдарды иштетүүгө кызыгуу күчөп жатат. Бул жаатта Борбор Азиядагы аз кездешкен минералдардын коруна Кытай, АКШ жана Евробиримдик бирдей кызыкдар болуп, ортодогу атаандаштык күчөп баратканы байкалат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын аймагында молибден, висмут, коргошун, бериллий өңдүү 16 сейрек кездешүүчү элементтер бар.

Борбор Азия чөлкөмү марганец менен хромдун дүйнөлүк корунун 40%, ошондой эле сурьманын, коргошундун, титандын жана сейрек кездешүүчү элементтердин да ири коруна ээлик кылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG