24-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бийликти сындагандарды айыптады. Токаев мындай пикирин Казак элдеринин ассамблеясынын жыйынына билдирди.
"Буудайды самандан, конструктивдүү сынды ашкере сындан, пародияны жийиркеничтүү кемсинтүүлөрдөн ажырата билүү маанилүү. Мыйзам алдында баары бирдей. Ошондуктан, биз мамлекетибиздеги улуттар аралык ынтымакка, тынчтыкка доо кетирүүгө багытталган ар кандай чагымчылдыкты ким тарабынан болбосун токтотуу чарасын көрөбүз. Өздөрүн сөз эркиндигинин коргоочулары катары көрсөтүү менен айрым укук коргоочу уюмдар, блогерлер жана журналисттер Казакстанда терс көрүнүштөрдү издеп, чагымчылдык уюштуруп жатканын моюнга алуу керек", - деп айтылат Акордонун басма сөз кызматы жарыялаган маалыматта.
Коңшу өлкөнүн президенти бул сөз Казакстандан чет өлкөгө чыгып кеткен жарандарга да тиешелүү экенин, "сырттан каржыланган активисттер сын айтып жатканын" айтты. Буга далил келтирген жок.
"Бул сырттан каржыланып, таңууланып жаткан демократия. Өлкөбүздүн бакубаттуулугу, демократиянын өнүгүшү чет өлкөдө эч кимди кызыктырбай турганын так түшүнүшүбүз керек", - деди Токаев.
Казакстанда жарандык активист жана укук коргоочулар бийлик тарабынан кысымга алынганын айтып келишет.
12-апрелде Алматынын Наурызбай райондук соту QazNews24 сатиралык пабликтин автору Темирлан Енсебекти "Улуттар аралык жана диний кастыкты козуткан" деген айып менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Темирлан Енсебек 17-январда камалган жана үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Ал камалгандан кийин Казакстандын шаарларында бир нече активисттер нааразычылык акцияларына чыккандан кийин кармалган.
Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигин активист жана журналисттерге басымдуу токтотууга чакырышкан. (AiA)
Шерине