Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Депутат Түлөбаев өкмөттүк шаарчаны коё туруп, мектеп салууну сунуштады


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Бишкекке бардык министрликтер жайгашкан өкмөттүк шаарча салуунун ордуна Кыргызстанда мектептердин курулушун аягына чыгаруу сунушун берди.

Ал парламенттин 24-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, бийлик коррупция, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш боюнча жакшы иштерди жасап, экономиканы көтөрүп жатканын айтты. Ошол эле кезде аткаруу бийлиги парламент менен эриш-аркак иштебей жатканын сындады.

“Эртең ошол мектептер урап кетсе эмне болот?! Бир балага жетпей жүргөндөр бар. Мектептерди оңдош керек. Өкмөттү бир жерге топтоп, жаңы имарат курабыз деп атабыз. Аны эмне кыласыңар? Андан көрө бул жакты бүтүрүп албайлыбы. Министрликтер жакшынакай имараттарда эле турушат го. Салык кызматына жаңы имарат салабыз дешет. Тигил жагынан миллиарддап жеп атса Салык кызматына кайсы арыңарга жаңы имарат саласыңар? Анын ордуна мектептерди бүтүрбөйлүбү”, - деди ал.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов 2025-жылдын башынан бери депутаттар Жогорку Кеңеште 423 жолу чыгып ар кандай маселелерди айтышканын, ага байланыштуу 1192 тапшырма берилгенин билдирди.

Балбак Түлөбаев парламенттин 23-апрелдеги отурумунда Министрлер кабинети депутаттар жиберген каттарга убагында жооп бербей жатканын айтып, өкмөттү сынга алган.

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин “Ынтымак Ордо” деп аталган президенттин администрациясынын маңдайына 19 имараттан турган өкмөттүк шаарча куруларын кабарлаган. Ар бир имарат тогуз кабаттан туруп, ар бир кабатында өзүнчө мамлекеттик орган жайгашат деп пландалууда.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы өкмөттүк шаарчаны куруу үчүн башкы подрядчы болуп бекитилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG