Орусияда туткунда каза болгон журналист Виктория Рощинанын сөөгү Украинага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Цензор.нет" басылмасына украин ички иштер министринин орун басары Леонид Тимченко билдирди.
"Анын сөөгү февралдын соңунда болгон репатриациянын алкагында өткөрүлдү. ДНК экспертиза сөөк журналистке таандык экенин көрсөттү",- деди ал.
Орусиянын Коргоо министрлиги ал былтыр 19-сентябрда көз жумганын билдирген.
Рощина «Азаттыктын» украин кызматы менен да кызматташкан, согуш тууралуу баяндап турган. 2023-жылдын август айында Запорожье облусунун оккупацияланган аймагында орус аскерлеринин туткунуна түшкөн. Таганрогдогу абактан Москвага которуп жатышканда каза болгон. Өлүмүнүн себеби тууралуу так маалымат жок.
Украинада Рощинанын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Согуш мыйзамдарынын бузулушу жана атайылап адам өлтүрүү деген негизде козголгон ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.
Украин бийлигинин маалыматына караганда, Орусияда отузга жакын украин журналисти туткунда кармалууда. (AiA)
Шерине