Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Орусия терактка шектүү борборазиялык эки киши өлтүрүлгөнүн билдирди


(архивдик сүрөт).
(архивдик сүрөт).

24-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) теги борборазиялык эки адам кармоо учурунда жок кылынганын маалымдады. Федералдык кызматтын маалыматына караганда, алар Орусиянын Нижегород облусундагы өнөр жай ишканаларынын биринде террордук акт даярдаган.

"Кармоо учурунда алар укук коргоо органынын кызматкерлерине ок чыгарып, ошол жерден жок кылынды", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат тараткан маалыматта шектүүлөр "Орусиянын аймагында тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун идеологиясын жактаган" жана "украин тараптын буюртмасы менен ишке ашырган" деп жазылган.

Операция учурунда шектүүлөр колго жасаган жардыргыч заттар жана Калашников автоматы, Макаров тапанчасы табылганы кабарланды. Атайын кызмат алардын телефондорун текшерүүдө социалдык тармактардагы террордук тайпалардын мүчөсү болгонун билдирди.

13-февралда Орусиянын атайын кызматы Псковдогу темир жол бекетин жардырууну көздөгөн деген борборазиялык жаранды кармоо учурунда жок кылганын кабарлаган.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG