Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:00

Өзбекстанда той-ашты чектөөчү жаңы чаралар сунушталды


(иллюстративдик сүрөт).
(иллюстративдик сүрөт).

Өзбекстанда президенттин жарлыгына ылайык, той-ашты чектеген документ иштелип жатат. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, сунуштарды камтыган документ август айына чейин Өзбекстандын парламентине киргизилет. Документ 5-мартта Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаева жетектеген Коррупцияга каршы улуттук кеңештин кеңейтилген жыйынында айтылган тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгууда.

Документ өлкөнүн маданият министри, үй-бүлө жана аялдар боюнча жана дин иштери боюнча комитеттердин катышуусунда ишке ашат. Анын долбоорунда ысырапкорчулукту алдын алган механизмдерди ишке киргизүү жана ага жаза каралган.

Маалыматка караганда, бул иштин алкагында социалдык тармактарда видеороликтер тартылып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Өзбекстанда үйлөнүү үлпөт жана башка мааракелердин чыгымдарын жөнгө салуу аракети бир нече жолу көтөрүлгөн. Президент Шавкат Мирзиёев да бул тууралуу маселени көтөрүп келген.

«Тойлорго жана башка иш-чараларга байланыштуу ашыкча чыгымдар миңдеген үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалына эле эмес, бүтүндөй жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын моюнга алышыбыз керек», - деген Мирзиёев. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG